Шаардык кеңештерди шайлоого үгүт иштери башталды

Шаардык кеңешти шайлоого үгүт иштери 11-ноябрда башталды
Image caption Шаардык кеңешти шайлоого үгүт иштери 11-ноябрда башталды

Саясий партиялар Бишкек баш болгон Кыргызстандын 22 шаарында шаардык кеңештерге мүчө болуу үчүн бүгүн ат салышып баштады. Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунда 14 партия каттоодон өттү.

Биринчи күнү үгүт иштеринин активдүүлүгү байкала элек.

Республикадагы 31 шаардын калганы жергиликтүү депутаттарын шайлабайт.

Мисалы, чоң шаарлардан Ошто шайлоо мартта, Балыкчыда эки жыл мурда мөөнөтсүз өткөн, Токтогулда эки жыл кийин өтөт.

Алардын шайлоо фонду мамлекеттик банктарда түзүлүп, Бишкек менен Ош шаарларындагы партиялардыкы кеминде 50 миң сом болсо, калган шаарларда 20 миң сомдон башталат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов үгүт иштерине кеткен каражаттар шайлоо фонду аркылуу өтүшүн катуу көзөмөлдөп жатканын билдирди.

“Үгүт иштерине кеткен акчалар фонд аркылуу гана өтүш керек. Бул боюнча мыйзамда бир маселе бар экен. Басма сөз каражаттарына, интернетке жарнама бергенде алдын ала төлөнсүн деп жазылып калган экен. Ошону оңдош керек. Башка маселе жок. Бардык иштер көзөмөлдө. Шайлоочулар менен жолугушуу болсун, башка чыгымдар болсун фонддон өтүп, мыйзам бузулбаш керек”, - деди Арипов.

Image caption Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 20 чамалуу партия катталды

Ал эми Ош облусу боюнча бир гана Өзгөн шаарында өтмөкчү. Борбордук шайлоо комиссиясынын Ош облусу боюнча координатору Расулбек Кадыров ал жактагы даярдыктарга токтолду.

“Кара-Суу, Ноокат шаарларында мөөнөтүнөн мурда шайлоо болгон. Өзгөн шаарларында шайлоолор дайыма эле жакшы өтүп келген. Бул жолу төрт партия – КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Республика-Ата-Журт” партия катталды. Шайлоочулардын тизмеси шайлоодон 45 күн мурда бардык шайлоо участкаларында илинген. Ар ким өзүн тактап, тизмеде жок болсо, 26-ноябрга чейин форма №3 арызы менен кайрылыш керек”, - деди Кадыров.

“Жарандык платформа” коомдук фондунун координатору Эдир Бова буга чейинки шайлоолордо Бишкек жана Ош сыяктуу ири шаарларда партиялардын шайлоо фонду мыйзам чектеген эң жогорку суммага чейин жетип келгенин айтты.

“Жергиликтүү кеңештерди шайлоо тууралуу мыйзамдын 55-беренесине ылайык, шайлоо фондунун чеги бар. Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине талапкерлерин көрсөткөн партиялардын үгүт иштерине короткон чыгымы эсептик ченден 150 эсе ашпаш керек, бул 15 миллион сом. Ал эми башка шаарларда 50 эсе ашпаш керек”, - деди Эдир Бова.

Ал көрсөткүч талапкердин жеке каражаты, партияныкы жана кайрымдуулуктан түшкөн акча деп бөлүнөт.

Шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер болуш үчүн, партия мүчөсү Кыргызстандын жараны, административдик аймакта туруктуу каттоосу бар, соттолбогон болушу шарт.

Айылдык кеңештерди шайлоого үгүт иштери он күндөн кийин башталат.

Тектеш темалар