Мьянмада рохинджанын 25 өкүлү өлтүрүлдү

Өткөн ишембиде кагылышууда сегиз адам курман болгон эле.
Image caption Армия өкүлдөрү өткөн ишембиде болгон кагылышууда сегиз адам курман болгонун билдирген эле.

Мьянманын армиясы рохинджа элинин козголоңчулары менен болгон согушта алардын 25 адамы өлтүрүлгөнүн билдирди.

Аскерлердин айтымында, козголоңчулардын баары мачете (узун бычактар) жана союлдар менен куралданып алышкан.

Ишембиде армиянын өкүлдөрү рохинджалар жашаган өлкөнүн батышындагы Индия жана Бангладеш менен чектешкен Ракхайн штатына согуштук учактар жиберилгенин маалымдаган эле.

Ошондо эле кагылышуудан сегиз адам курман болгону, анын ичинде эки жоокер бар экени айтылган. Ал эми жергиликтүү жашоочулар үй-жайын таштап качышкан.

Мьянманын бийликтери армия козголоңчуларга каршы операция өткөрдү деп жатышат, бирок социалдык түйүндөргө чыккан сүрөттөр менен видеолордо өлтүрүлгөндөрдүн арасында аялдар жана балдар экени көрүнүп турат.

Укук коргоочулар Мьянманын өкмөтү рохинджа элине карата репрессиялык чараларды колдонуп жатканын айтышууда.

Бул өлкөдө көпчүлүктү түзгөн буддисттер менен мусульман-рохинджалардын ортосунда 2012-жылы кагылышуу болгондон бери рохинджалар массалык түрдө Таиланд менен Малайзияга качып жатышат.

Тектеш темалар