Оффшордон келген документтерден оппозициянын изин издешет

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев УКМК офшшордон алып келген документтерди "президент, УКМК, прокуратура аралашкан кезектеги провокация" деп атады.
Image caption "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев УКМК офшшордон алып келген документтерди "президент, УКМК, прокуратура аралашкан кезектеги провокация" деп атады.

Кыргызстанда Башкы прокуратура президенттин тапшырмасы боюнча ЖКнын үч депутатынын “Мегаком” компаниясынын акцияларын офшордук компанияга сатууга кызыкчылыгы болгону жөнүндө документтерди текшерүүгө киришти. Андан мурда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президент Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, “Саутфильд” оффшордук компаниясынын трасттык документтерин алып келишкенин, анда “Ата мекен” партиясынын азыр парламентте отурган үч саясатчысына тийиштүү маалыматтар бар экенин билдиргени кабарланган.

Президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн билдиргенине караганда, УКМК Белиз мамлекетинин расмий органдарынан алган трасттык документтерге ылайык, 2015-жылдын 1-январына чейин 'Саутфилд' компаниясына 'Альфа Телеком' ишканасынын 50 млн доллардан ашык турган акциялары сатылып кеткен болсо, Кыргызстандын үч жараны аталган компаниянын акцияларына автоматтык түрдө ээ болуп калмак экен. Бул иш жүзүндө алардын “Альфа Телекомдун” сатылган акцияларынан тийиштүү үлүшүн алмак дегендикти билдирет. Бирок Кыргызстандын соту аталган компаниянын 50% акциясын мамлекетке алып койгонуна байланыштуу бул келишим ишке ашкан эмес.

УКМК да, президенттин маалымат саясаты бөлүмү да “Саутфильд” офшшордук компаниясы Максим Бакиевге таандык болушу мүмкүн деген такталбаган божомол маалыматты да келтирүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаевага "Southfield" оффшордук компаниясынын акцияларынын ЖКнын үч депутатына тийиштүүлүгү жөнүндө документтерди текшерип чыгуу жөнүндө тапшырма берди. Башкы прокуратура эми офшшордон келген документтер менен байланышкан ишти ийне-жибине чейин иликтеши керек.

Бул жерде сөз 'Ата Мекен' фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мүчөлөрү Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов жөнүндө болуп жатканы кыргыз коомчулугуна жаңылык эмес. Буга чейин эле 'Вечерний Бишкек' гезити аталган саясатчылар 'Мегакомдун' акцияларын тымызын бөлүштүрүп алганы жөнүндө чет жердеги булактардан маалымат табышканын жазып чыккан эле.

"Матрешка-гейт-2"

'Атамекенчилер' дароо эле УКМК жарыялаган маалыматты жасалма жана жалган деп төгүндөдү. Аталган фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев бул маалыматты каралоо, мурдакы Бакиев бийлиги колдонгон чагымчылыктын уландысы деп деп атады.

"Бул президент, УКМК, прокуратура аралашкан кезектеги провокация. Мен муну "Матрешка гейт-2" деп атайт элем. "Мегаком" компаниясы жүз пайыз улутташтырылыш керек деп ачык позициябызды айтып, Жогорку Кеңешке коюп келгенбиз. Биздин демилге боюнча атайын депутаттык комиссия да түзүлгөн. Жогорку кеңештин тиешелүү чечими чыгып, башкы прокурор Аида Салянова бул ишти козгоп, аягына чыгарып, сот аркылуу 51 пайызды конфискациялап мамлекетке алып берди. Эми ошол мамлекетке алган адамдарга күнөө койгондун өзү абсурд",-деди Өмүрбек Текебаев.

"Оппозиция элди көтөрөт"

'Мегакомдун' акцияларына байланышкан жаңжал бийлик менен оппозициянын ортосунда конституциялык референдум боюнча тирешүү болуп жаткан учурга туш келүүдө. Текебаев баштаган 'Ата мекен' фракциясы Атамбаевди баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду мыйзамды одоно бузуу жолу менен өткөрүп жатат, бул парламентаризмди эмес, анын айланасындагылардын бийлигин бекемдөө максатында болуп жатат деп каршы чыгып келүүдө. Ошондуктан 'Мегакомдун' акцияларынын оффшордук компанияга сатуу аракети боюнча 'ата мекенчи' депутаттардын ишин чукуу коомчулукка саясатташкан иш болуп көрүнүп жатат.

"Эгер бул мурун болгондо көп эл шек санабайт эле. Азыр Конституция боюнча саясий чоң талкуу жүрүп жатканда муну оппозиция оңой эле мына куугунтук башталды деп айтат. Эми сот амалдары, тергөө ачык, дыкат жүрбөсө, албетте, оппозиция элди көтөрөт",-деди саясат иштери боюнча эксперт Бакыт Бакетаев.

Айтмакчы, “атамекенчилердин” офшшордук компания менен шектүү байланыштары жөнүндө маселе боюнча Жогорку Кеңеште да сөз болгон. Депутаттар биринчи кезекте тийиштүү мамлекеттик органдардын маалыматын угуп, керек болсо депутаттык комиссия түзүп, укук коргоо органдары дагы текшерип чыгышы керек деп пикирлерин айтышкан.

Тектеш темалар