Балалуу аялдарга мамлекеттик жардам тең бөлүнбөй жатабы?

  • Сапаргүл Абдинабиева
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Президентке ыр менен кайрылган Мария Небога
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Президентке ыр менен кайрылган Мария Небога

Бишкекте оорулуу баласы бар аял социалдык тармак аркылуу президентке кат жолдоп, балалуу аялдарга мамлекеттик мамиледе теңчилик болбой жатканы, мамлекеттик жардам биринчи кезекте муктаж болгондорго жетпей жатканы тууралуу маселени козгоп чыкты. Кайрылуу орус тилинде ыр менен жазылып, социалдык түйүндөргө жарыяланып, кеңири талкууга алынууда.

“Жайында мен дагы активдүү интернет колдонуучусу катары картондо уктап жаткан баланын сүрөтүнө күбө болгонмун. Албетте, эне катары бир аз тынчсыздандым, бирок мен өз баламды эч качан антип калтырбайт болчум. Кызуу талкууга алынган Исхактын окуясы эми минтип президенттин ага үй берүүсү менен аяктап отурат. Мен буга кубандым, бирок мындан оор тагдырда жашагандар үй турсун, жетиштүү акча ала албай жатпайбызбы. Балам тубаса майып, көп кыйынчылык менен багып келатам. Мындай тагдырга туш болгондор абдан көп, аларга эмне үчүн жардам көрсөтүлбөйт же сөзсүз эле элдин көңүлүн буруп, баланы картонго жаткырып коюу керекпи? Бул жерде социалдык колдоо тең эмес болуп жатат деп ойлойм” – деди ыр ээси Мария Небога Би-Би-Сиге берген маегинде.

Мариянын бул кайрылуусу социалдык тармактарда дароо эле сүрөөнгө алынды. Айрымдары бул көрө албастык каты деп комментарий калтырса, көпчүлүгү аны колдоп, майыптар чын эле социалдык коргоого муктаж деп жазууда.

Ал арада социологдор да мындай талаштуу темага унчукпай тура алган жок. Мамлекет алгач кимдерге кам көрүшү керек деген чоң суроо жаралып, түрдүү пикирлерге жем таштады.

“Майыптардын маселеси мурдатан эле чечилбей келаткан маселе. Бизде майыптарга карата экинчи түрдөгү адамдардай мамиле бар. Турак-жай менен камсыз болуу жагы да каралбай, каралса да менчиктешип кеткен учурлар көп. Майып балдарга бир эле ата-эне кам көрүп келет. Мамлекеттен арзыбаган акча берет, ал баланын дарысына да жетпейт. Кыргызстанда стратегия деген жок”, - дейт социолог Таалай Шаршембиева.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Мариянын баласына тагдырлаш майып балдардын саны өлкө боюнча 28 миңди түзөт. Алардын басымдуу бөлүгү үй шартында, жакындарынын коргоосунда турса, аз эле бөлүгү мамлекеттин кароосундагы бир реаблитациялык жана эки стационардык борбордо чоңоюуда.

“Бүгүнкү күндө ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны өлкө боюнча 172 миңди түзөт, анын 28 миңи жаш балдар. Тилекке каршы бул көрсөткүч жылдан-жылга көбөйүп жатат. Бюджетте акча тартыш болгондуктан алардын ар бири мамлекеттен ай сайын үч миң сом өлчөмүндөгү жөлөк пул алат. Акча жетишпей кайрылагандар көп болот. Буюрса бул сумманы көбөйтүү же майыптарга жардам берүү пландарыбыз бар. Андан сырткары, оорулуу балдарга министрлик тарабынан бекер каляска берилет. Жакында майыптардын эл аралык күнү болот. Ага карата бир айлык программа уюштуруп жатабыз. Анын алкагында спонсорлор менен биргеликте бир катар иш-чаралар өтөт”, - дейт Социалдык өнүктүрүү министрлигинин ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык кызматты өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Жаркын Албаева.

Ошентип учурда социалдык жактан коргоого муктаж жарандар арасында нааразылык күч алып турган кез.