Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери алдыга жылды

кыргызстандык чек арачылар
Image caption 18-мартта Жалал-Абаддын Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесине Өзбекстан эки БТР жана эки "КамАЗ" киргизип, Кербен-Ала-Бука унаа жолунун жарым чакырым чамалуу тилкесине өзбек чек арачылары блок-пост коюп алган эле.

Өзбекстандын айрым басылмалары өткөн аптада Фергана облусунда өткөн кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жолугушуусунда тараптар талаштуу делген бир катар участоктор боюнча келишимге жетишкенин кабарлоодо.

Бир аптага созулган чек араны тактап аныктоо боюнча Өзбекстан менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын жолугушуусунда 10 чукул талаштуу чек ара участоктору боюнча орток пикир табылганын маалымат булактары Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка шилтеме берип жазышты. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги талаштуу делген 14 участок боюнча сүйлөшүүлөр болгонун билдирип, дээрлик 56 участок боюнча позициялары дал келгенин айткан.

Расмий маалыматта изилдөө иштери, топографиялык сүрөткө тартуу, иликтөөлөр буга чейин такталбаган 14 тилкеде - Анжиян, Наманган, Фергана облустары чектешкен аймактарда жүргөнү айтылган.

Азырынча кыргыз тарап бул сүйлөшүүлөр боюнча расмий маалымат тарата элек. Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр 2000-жылы башталганы менен тараптар талаштуу делген тилкелер боюнча тил табыша албай келген. Эки өлкө ортосундагы чек аранын 35% такталып, аныкталбай турат.

Соңку жылдары Өзбекстандын бир тараптуу аракеттери Бишкектин шайын оодарып келүүдө. Акыркысы эле август этегинде Аксынын Үңкүр-Тоо аймагындагы станцияга Өзбекстан тарап десанттарын түшүргөнү, андан алдын Аксы-Ала-Бука унаа жолуна аскер техникаларын алып кирип тосуп алган окуя катталган.

Бул окуяларды талдоочулар Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычын кыргыз тарап өз карамагына өткөрүп алгандан кийин, жооп иретинде атайын жасалып жаткан чагым катары белгилешкен.

Август соңунда Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов каза тапкандан кийин бийлик башына келген өзбек расмийлери дароо эле коңшулары менен мамилени жакшыртуу саясатын жүргүзөрүн шардана кылды. Бул биринчи кезекте чек ара маселесиндеги чыңалган кырдаалды жумшарткансыды. Бирок талаштуу делген 60 чукул участок боюнча тараптар тил табыша алабы деген сурооого шыр жооп айтуу азырынча татаал.

Анткени буга чейин чек ара тактоодо Өзбекстан тарап 1924-27-жылдардагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү маалындагы документтерге таянса, Кыргызстан 1955-жылдагы паритеттик комиссиянын материалдарынын жана 1961-жылы чыккан жарлыктын негизинде иш алып барып жатканы айтылып, эки тарап ар дайым орток пикир таба алган эмес. Көп учурда өзбек тарап сүйлөшүүлөрдү токтотуп, үзгүлтүккө учуратып, артка жылдырып келген.

1378 чакырымга созулган кыргыз-өзбек чек арасынын 324 чакырымы такталып бүтө элек. Чек аранын такталбаганы жаңжалдашууларга себеп болуп, ок атылган учурлар болду.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча ушул жылдын сентябрь айынан тарта катары менен үч ирет эки тараптуу жолугушуу өттү. Мындан алдын тактала элек 55 тилке боюнча комиссия иликтөө жүргүзүп, аймактарга барганы айтылган. Бирок так маалыматтар таратылган эмес.

Мирзиёев чек ара маселеси боюнча Өзбекстандын саясатын өзгөртөбү?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Өзбекстан 4-декабарда президенттик шайлоо өткөрөт. Андагы негизги талапкер - Өзбекстандын президентинин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев өлкө саясатына жаңы түс берүүгө умтулуп жаткандай таасир калтырууда. Албетте, өлкөнү 27 жыл башкарган Ислам Каримов өзүнүн авторитардык бийлиги менен белгилүү болчу. Анын учурунда чек ара маселесинде Өзбекстан коңшулары менен татаал саясатты карманып келди. Бирок Мирзиёев аны өзгөртөм дейт. Айталы, соңку он жылдан бери биринчи жолу 29-сентябрда Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Тажикистанга барды. Мирзёев бул аркылуу коңшу өлкө менен ортодогу татаал болуп кеткен мамилелерди жакшыртуу кол сунган ишаратын берди. Анжиянда болсо коңшулаш Кыргызстандын атайын делегациясы барды. Андан кийин өзбек делегациясы Ош шаарына келди. Бул дагы коңшулардын акыркы он жылдан бери биринчи ирет жылуу маанайдагы учурашуусу болуп калды.

Кыргызстан, Тажикстан менен мамиле чек ара жана суу маселесиндеги келишпестиктерден улам татаал абалга кептелген. Соңку учурда чек арага байланышкан чыңалуулар бат-баттан кайталанып келатат. Бул болсо эконмикалык жактан бири-бирине түздөн-түз көз каранды болуп келген Фергана өрөөнүндө жашаган калктын турмушуна оор таасирин тийгизген. Чек ара бекеттеринин бир тараптуу жабылышы соода-сатыкты токтотуп, карым-катнаш кылуу чоң түйшүккө айланган. Мирзёев чын эле коңшулары менен тыгыз кызматташууга ынтызарбы же бул анын шайлоо алдындагы жүрүшүбү? Бул суроого да эксперттер түрдүү божомолдорду айтышат. Деген менен Өзбекстандын коңшулары менен жылуу мамиле түзүүсү чөлкөмдөгү чоң көйгөлөрдүн чечилишин жеңилдетмек.