Жаңы өкмөттүн биринчи жыйыны жана биринчи кезектеги милдеттер

Кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамында башкаруучулук тажрыйбасы жок адамдар бар деп парламентте көп сынга алынды
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жаңы курамы менен биринчи жыйынды өткөрүп, алдыда турган негизги иштерди жана милдеттерди белгиледи.
Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 14-ноябрда болгон жыйында Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн жакынкы пландарына, анын ичинде күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү, ЕАЭБдин мындан аркы интеграциясын активдештирүү, бюджеттик чыгымдарды оптимизациялоо иштерине токтолду. Ал өзгөчө мындан ары пенсия, айлык акы жана жөлөк пулдун убагында төлөнүшүнө басым жасады.
Өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги экономикалык багыттар Өкмөттүн 'Ишеним жана биримдик' программасында белгиленген. Аталган Программа 2013-2017-жылдарга кабыл алынган Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына негизделген жана ЕАЭБге киргенден кийинки жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана шарттарга жооп берет.
Премьер-министр министрлик жана ведомстволорго өзүнүн максат-милдеттерин аталган программага ылайык иштеп чыгууну тапшырды.
Өкмөттүн программасы Жогорку Кеңеште талкууланып жатканда айрым депутаттар аны апрелдеги программанын коендош окшош көчүрмөсү экен деп сынга алышкан. Ошону менен катар биринчи кезекте көңүл бурулчу бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү көтөрүшкөн. Анын ичинде жердин трансформация маселесин чечүү сыяктуу бир катар курчуган маселелер бар.
'Бирок айрым жетекчилер көптөгөн маселелердин чечилишин создуктуруп, жоопкерчиликти албагандыктан, маселени Өкмөттүк деңгээлде көтөрүп чыгууга туура келүүдө. Ар бир министр жана ведомство жетекчиси өзүнө жоопкерчилик алып, маселени мыйзамга ылайык чечүүсү тийиш', – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр жарандардан өзгөчө мамлекеттик тейлөөлөр тууралуу нааразылыктар түшүп жатканын баса белгиледи. Буга байланыштуу Маалымат жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевге ушул жылдын аягына чейин мурда белгиленгендей жыйырмадай мамлекеттик тейлөөнү электрондук форматка өткөрүүнү тездетүүнү тапшырды.