А.Аскаровдун сотунда укук коргоочу Абдирасулова көрсөтмө берди

Азимжан Аскаров
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Азимжан Аскаров

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сотунда эки тараптын күбөлөрү көрсөтмө берип бүтүштү. Кийинки отурумда айыпталуучу өзү көрсөтмө берсе, жарыш сөз башталат. Бүгүнкү отурумда күбөлөрдүн бири Азиза Абдирасулова Аскаров камалганда кыйноо болгонун айтса, тергөө тобунун башчысы ошол учурда кыйноо фактысын таппаганын билдирди.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сот ишинде бүгүн эки тараптын күбөлөрү суралып бүттү. Анын адвокаттарынын бири Нурбек Токтакунов келбегендиктен айыпталуучуну суроо кийинкиге калтырылды.

Дагы бир адвокаты Вальерьян Вахитов суралган күбөлөр тууралуу Би-Би-Сиге маалымат берди.

“Бүгүн Башкы прокуратурадан тергөөнүн өкүлдөрү, Аскаровдун үйүн тинтиген милиция кызматкери болуп үч эле киши суралды. 29-ноябрдагы келерки процессте мыйзамга ылайык, Азимжан Аскаров суралат. Андан кийин жарыш сөз башталат”, - деди

Бүгүнкү сот отурумунда Азимжан Аскаровго кыйноо болуп же болбогонуна байланыштуу күбөлөр сүйлөдү. Прокуратуранын күбөсү, тергөө тобун мурда жетектеген, азыр өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү Жылдызбек Исмаилов текшерүүлөрдө кыйноо факты табылбаганын бидирди.

Айыпталуучунун адвокаттары чакырган күбөлөрдүн бири, укук коргоочу Азиза Абдирасулова 2010-жылы Аскаров камалгандан кийин кыйноо фактыларын көргөнүн сотто айтты.

“Ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Роза Исаковнанын өтүнүчү менен 2010-жылы 8-сентябрда ички иштер министринин орун басары Бакыт Алымбеков экөөбүз Ноокенге барганбыз. Кечки он бирде бизди курчап турган коркунучтардан араң кирип, Азимжан Аскаровго жолугуп чыккам. Ошондо денесинде көк-аласы бар болчу. Келип Роза Исаковнага көк-аласы бар экенин, өмүрү коркунучта экенин айткам. Ал өзү Ноокенден Жалал-Абадга которгон. Бүгүн сотто ошол маалыматтарды бердим”, - деди Абдирасулова Би-Би-Сиге.

Аскаровдун жактоочусу Вальерьян Вахитов 2010-жылы милиция кызматкери Мыктыбек Сулайманов өлтүрүлгөн окуяда Азимжан Аскаров видео тартып жүргөнүн айтып, анын кылмышка тиешеси жок экенин далилдөөчү ушул видео бар экенин билдирди.

Бирок Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова өткөн сот отурумунда буга макул болбой, видеону кийин тартканга да жетишүү мүмкүн экенин айткан.

Ал эми Азимжан Аскаровдун коомдук жактоочусу, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова соттун мурдагы отурумдарында Аскаровго каршы күбөлөр кыйноо аркылуу көрсөтмө бергенин билдирип, тергөө корутунудусу жасалма дейт.

Ал эми жабырлануучу Чынара Бечелова 2010-жылдан бери болуп келген соттук отурумдарда Аскаровдун курал таратканын, улуттар аралык жаңжалга чакырганын, адам өлтүрүүнү уюштурганын айткан күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө ишенгенин билдирип келет.

“Ошол күнгө бардык нерсе даярдалган. Ал кокусунан болгон эмес. Отуруп алып эле Аскаровду аппак, жупшумшак, эч нерсе кылган эмес дейсиңер. Аскаров биринчи баштаган”, - деди Бечелова.

Бечелованын жолдошу, милиция кызматкери Мыктыбек Сулайманов 2010-жылы 13-июнда Базар-Коргондогу көпүрөдө массалык жаңжалда өлгөн. Ал боюнча бир нече адам камалган. Алар жана укук коргоочу Азимжан Аскаровго “милиция кызматкерин өлтүрүү”, “массалык жаңжалды уюштуруу”, “улут аралык кастыкты козутуу” боюнча соттолушкан. Азимжан Аскаровко өлүм жазасын берүүнү Жогорку Сот күчүндө калтырган.

Ушул жылдын июль айында Бириккен улуттар уюмунун көрсөтмөсүнө ылайык, Жогорку Соттун коллегиясы Азимжан Аскаровдун сот ишин кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган.