ОшМУ индиялык студенттин өлүмүнө күнөлүү эмес экенин айтты

ОшМУнун имараты
Image caption ОшМУнун имараты

Ошто каза болгон биринчи курстагы индиялык студенттин сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Ал өткөн аптада мээсине кан куюлуп, ооруканада жан берген. Индиялык студенттер университеттин алдына аны эскерүү митингине чыгып, денесин Индияга тезирээк жөнөтүү талабын билдиргени менен бул окуя резонанс жараткан эле.

Ал арада айрым маалымат агенттиктери окуу жайдын эл аралык факультетинин деканы кызматтан кеткенин жазды, бирок окуу жай эки окуянын бири-бирине тиешеси жок деди.

Ишемби күнү Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин биринчи курсунда окуган Субхам Банграв каза болгон.

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков декан бул окуяга байланыштуу кетпегенин, өз арызы менен декандык кызматтан баш тартканын Би-Би-Сиге билдирди.

“Студенттин өлүмүнө университеттин, декандын эч күнөөсу жок. Калматов доктордук ишине байланыштуу кызматтан бошотууну сурап жүргөн. Аны канааттандырып, биз уруксаат бердик. Ал илимий ишин бүткөндө кайра кайтып, доцент катары иштей берет”, - деди Исаков.

Студент каза болгондун эртеси Оштогу индиялык студенттер университеттин алдына Субхаб Бангравды эскерүү митингине чыгып, анын денесин мекенине тезирээк жөнөтүүнү талап кылышкан.

Митингди чагылдырууга келген маалымат каражаттарына анын катышуучулары медициналык жардам сапаттуу көрсөтүлбөгөнүн, деканы Индияга алып чыгып кетүүгө убагында чара көрбөгөнүн да айтышкан.

Ал арада эл аралык факультеттин айрым мугалимдери Калматовду кайра декандык кызматка коюуну талап кылышууда.