Төрөт учурунда канды токтотуучу аппарат Бишкекке келди

Кыргызстанда жыл сайын алтымыштай эне төрөттөн көз жумат.
Image caption Кыргызстанда жыл сайын алтымыштай эне төрөттөн көз жумат.

Кыргызстанда төрөгөн аялдардан кан токтобой жатканда жардам берүүчү жаңы медициналык аппаратты биринчи жолу пайдаланганы жатышат. Бүгүн Бишкекте дарыгерлер жаңы аппарат менен иштөөгө үйрөнүштү.

Кыргызстанда төрөттөн көз жумган энелердин саны дагы эле жогору бойдон калууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жыл сайын алтымыштан ашуун эне төрөттөн жан берет.

“Он алты жылдан бери дарыгер болуп иштеп келатам. Бул жылдар аралыгында ар кандай оорулууларга, түрдүү төрөттөргө туш келдим. Жумуш абдан оор. Көбүнчө аялдардын арасындагы эң коркунучтуу жана татаал учур болуп төрөттөн кийин кан кетүү убагы саналат. Мунун негизги себептери, энелер боюнча болгондон кийин учурунда каттоодон өтпөйт, өздөрүн жакшы карабайт. Андан сырткары, өлкөдө көптөгөн аялдар аз кандуулук менен ооруйт, бул дагы эне өлүмүнө жол ачат”, - дейт дарыгер Гулнара Сабырбекова.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жылына 150 миңдей бала жарык дүйнөгө келет. Анын ичинде 100 миндей төрөттөн орточо кырктай эне каза табат. Энелердин өлүмүнүн негизги себеби катары, тактап айтканда 40% эне өлүмү төрөттөн кийинки кан кетүүгө байланыштуу дешет дарыгерлер.

“Энелердин өлүмүнө эң чоң жол ачкан кансыроо учуру көпчүлүк дарыгерлерге оор учур болуп саналат. Кансыроону эффективдүү дарылоо, алдын-алуу үчүн жаңы ыкма кирип жатат. Бул “жатын ичиндеги баллон тампонадасы” деп аталат. Аны төрөттөн кийин да, операция учурунда да колдонууга болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, энелердин жатынын алсыздыгынан кансыроо токтобой коюп, дары да таасир этпей калган чакта бул жабдыкты жатынга киргизип, кан тамырларды басып кала алабыз. Бул инфекция жуктурбайт, жаракат алып келбейт”, - дейт он бешке жакын дарыгерге жаңы медициналык аппараттын иштөө жолун көрсөтүп жаткан, медициналык академиянын акушер-гинекология бөлүмүнүн башчысы Арсен Аскеров.

Ошентип бүгүн Кыргызстанда төрөгөн аялдардан кан токтобой жатканда жардам берүүчү жаңы медициналык аппарат сыноодон өтүп, эми өлкөнүн башка облустарына да колдонууга жиберилүү алдында турат. Адистердин божомолунда дарыгерлер бул жабдыкты ийгиликтүү колдонууга киргизишсе Кыргызстанда энелердин өлүмү 25-30% азаят.

Тектеш темалар