Сью Гриффитс: Депутатка сын айтылбаган өлкө аз!

Доктор Сью Гриффитс
Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Глобал Партнерс Говерненс (Global Partners Governance) аттуу уюмдун өкүлү, доктор Сью Гриффитс 11-ноябрда Жогорку Кеңештин ишмердиги менен таанышып, ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу менен маектешти.
Ибраим Нуракун уулу: 800 жыл парламенттик демократияда жашап жаткан Улуу Британиядан караганда, Кыргызстандын соңку алты жыл ичиндеги парламенттик системасына кандай баа берсе болот?
Сью Гриффитс: Кыргызстанга биринчи жолу келишим. Парламенттик демократиянын өнүгүшү үчүн 800 жыл же 600 жыл тарыхы болушу шарт эмес. Бул система кыска м өөнөтпү же узунбу, талыкпаган жана үзгүлтүксүз аракет менен жакшыртууга муктаж.
Ибраим Нуракун уулу: Сөз эркиндиги, шайлоо эркиндиги, көп партиялуулук системасы боюнча Батыштын аналитиктери Кыргызстанга жогору баа берип жүрүшөт. Азыркы учурда Кыргызстан бул багытта дүйнөдөгү кайсыл өлкөлөр менен атаандаш боло алат деп ойлойсуз?
Сью Гриффитс: Эки аптадан бери Кыргызстандагы жолуккан эксперттердин бардыгы бул жердеги парламенттик системаны сыймыктануу менен белгилеп жатышты. Грузия жана Балтика өлкөлөрү менен салыштырууга болот деп уктум. Кандай болгон учурда дагы биз Кыргызстандагы парламенттик башкарууга Британия сыяктуу өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу жагынан көмөктөшүүгө даярбыз.
Ибраим Нуракун уулу: Британ парламентинде деле депутаттардын баардыгын идеалдуу деп айта албайбыз. Бирок ошого карабастан, парламенттик системаны кынтыксыз иштетип турган бул эмне?
Сью Гриффитс: Депутаттарга карата сын-пикирлер дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө кездешет. Адилеттүү же адилетсиз сындар бар. Британ парламентинде 10 жыл иштегенмин. Мыкты депутаттарды көп эле кордум. Бирок бул өлкөдөгү парламентти кыймылдатып турган анын көзөмөлдөөчү функциялары деп ойлойм. Кыргызстан дагы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү функцияны күчөтүү аракетинде экен. Бизде көзөмөлд өөчү комитеттер 1970-жылдардан бери өнүгүүдө.
Ибраим Нуракун уулу: Ал эми депутаттар сиздин өлкөдө дагы, биздин өлкөдө дагы катуу сынга кабылып жатышынын себеби эмнеде?
Сью Гриффитс: Анын себептери көп. Атуулдардын көз караштары ар дайым эле бирдей болбойт. Демократия деген ушул. Массанын бардыгын ыраазы кылуу мүмкүн эмес.