А. Темиркулов: Жашыл экономика кыргыздын тоолорундагы байлыкты көбөйтөт

  • Кубатбек Чекиров
  • Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
Кыргыз тоолорунда катылган байлык көп
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыргыз тоолорунда катылган байлык көп

Бишкекте экономика боюнча эксперттер жыйын куруп, жашыл экономика технологияларын кыргыз рыногуна киргизүү жолдорун талкуулашты. Би-Би-Си ушул жыйынга катышкан эксперт Азамат Темиркуловдон жашыл экономика Кыргызстан үчүн кандай пайда алып келерин сурады.

А. Темиркулов: Жашыл экономика айлана-чөйрөгө зыян алып келбеген экономика дегенди билгизет. Азыр жашыл экономика абдан маанилүү болуп калды. Айлана чөйрөнүн абалы начарлап атат, ошондуктан дүйнөнүн бардык жеринде жашыл экономиканы киргизип жатышат. Кыргызстанда дагы ушул маселени жарандык коом, бизнес коомчулук көтөрүп баштады. Бийликке да жетти. Кыргызстан бара-бара жашыл экономикага өтөт деп ойлойбуз.

Би-Би-Си: Жашыл экономиканын Кыргызстандын экономикасына кандай ылайыктуу моделдери бар экенин иликтеп көрдүңүздөрбү?

А. Темиркулов: Мен сунуштаган модель токой негизинде. Бизде жердин баары тоо, 94 пайызы тоо. Түз жерибиз аз, ошондуктан айыл чарбага жарактуу жерибиз да аз. Транспорттук түйүн бололу десек да кыйын, анткени тоонун баарын бузуп, жол, темир жол салыш керек. Ошон үчүн мен тоолорго токой отургузуш керек деп сунуш кылып жатам. Биздин тоолорго токой отургузсак, сугаттын деле кереги жок. Малдан коргоп тосуп койсок өсө берет өзү эле.

Ал токойду кантип иштетсек болот. Биринчиден, биздин токойлор фитансиддарды чыгарат, фитансид ден-соолукка абдан пайдалуу элемент. Ошон үчүн тоодогу токойго туристтер көп келет. Ошол жерге инвесторлорду тартып, курорт-санаторийлерди курсак болот. Муну ден соолукту чыңдаган - рекрэациялык туризм деп коет. Экологиясы абдан начар араб өлкөлөрү, Кытайдан туристтер көп келет. Бизде аба, суубуз жакшы, тоого токой отургузсак ого бетер жакшы болот.

Курорт-санаторийлер ачылса, жолдор, кичи ГЭСтер курулуп, мультипликативдик эффект болуп, иш орундарды түзөбүз. Деңиз деңгээлинен эки миң метр төмөн жерлерде мөмө жемиш бакчаларын өнүктүрсөк болот. Түштүктө жаңгак, фисташки, алма, абрикос өсөт, анын баарын көбөйтүш керек. Ошондой экологиялык таза продукцияны чогултуп, туристтердин дасторконуна коюп же жакшынакай таңгактап, экспортко чыгарсак болот.

Би-Би-Си: Ушул пландарды иш жүзүнө ашыруу үчүн кайсы бир деңгээлде иш башталыш керек да. Бул кыргыз өкмөтүнүн өнүгүү программасына каралганбы?

А. Темиркулов: Биринчиден, акча табыш керек да. Ошол каражат каяктан келет? 2015-жылдын декабрь айында Парижде конвенция түзүлгөн. Кыргызстан ошол конвенцияга кошулуп кол койгон. Атайын фонд түзүлүп, ага АКШ баш болгон өнүккөн өлкөлөр 2020-жылга чейин 100 млрд доллар салууга милдеттенген. Аны өнүгүп бара жаткан мамлекеттер иштете алат. Биз ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланышыбыз керек.

Экинчиден, сиз туура айтып атасыз. Бул ишти мамлекет колго алыш керек. Мен азыр жумушчу топко кошулуп, 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын жазып жатабыз. Буюрса, ушул моделди ушул документке киргизип жатабыз. Жашыл экономиканын керек экенин биздин өкмөт, коомчулук, ишкерлер түшүнүп жатышат.