Асад террорго каршы күрөштө Трамптын өнөктөш болооруна үмүт артат

“АКШ өзүн дүйнөнүн соту деп ойлоп жатат. Бирок андай эмес”, - деди Асад.
Image caption “АКШ өзүн дүйнөнүн соту деп ойлоп жатат. Бирок андай эмес”, - деди Асад.

Сириянын лидери Башар Асад терроризмге каршы күрөшүүдө АКШнын жаңы шайланган президент Дональд Трамп өнөктөш болооруна үмүт артат.

Асад эгер Трамп шайлоо өнөктүгү учурундагы терроризмге каршы күрөшөм деген сөзүнө турса, АКШ бизге күчтүү өнөктөш болуп берет деди.

Бирок ал Трамптын айткандары ишке ашышына ишенүү кыйын экенин билдирди.

Буга чейин Трамп Сириянын күчтөрүнө жана “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик топко каршы согушуу “келесоолук” деген. Бул бара бара Россияга каршы согушууга алып барат деди ал.

Сирияда дале катуу согуш жүрүүдө. Өкмөткө таандык учактар шейшембиде козголоңчулардын көзөмөлүндөгү Алеппонун чыгыш аймактарын бомбалады. Активисттердин айтымында, бул кол салуулар үч жума тыныгуудан кийин биринчи жолу болду.

2011-жылдын март айынан бери уланып келаткан Сириядагы согушта 300 миңден ашуун адам өлгөн.

“Абдан шектүү болуп турат”

“Трамп кандай иш кылаарын биз айта албайбыз, бирок эгер ал терроризмге каршы күрөшө турган болсо албетте Россия, Иран жана башка өлкөлөрдөн турган өнөктөштүккө кошулат”, - деди Асад Португалиянын “RTP” телевидениесине берген маегинде.

Асад Трамптын “Ислам мамлекети” аталган топко каршы күрөшүү ниети абдан жакшы, бирок “айткан сөзүн ишке ашыра алабы” деп кошумчалады.

“Трамптын администрациясындагы айрым адамдардын жана белгилүү басма сөз каражаттардын ага каршы болгонучу? Бул маселелерди ал кантип чечет? Мына ошондуктан биз үчүн бул дагы деле шектүү болуп турат”, - деди Асад.

Дүйшөмбү күнү Республика партиянын мүчөсү Жон МакКейн Трамптын Россия менен алакасын кайрадан жаңылатуу пландарын катуу сынга алды. Ал мунун кесепети Сирия элинин кырылуусуна алып келет деди.

Португалиянын “RTP” телевидениесине берген маегинде, Асад учурдагы АКШнын саясатын дагы бир ирет айыптады. “АКШ өзүн дүйнөнүн полициясы жана соту деп ойлоп жатат. Бирок андай эмес”, - деди ал.

Асад Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды “оорукчал” деп атап, реалдуулуктан алыс экенин айтты.

Түркия Сириядагы козголоңчуларды колдоо аракетинде бир катар согуш операцияларын аткарып келген.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар