Өзүн өлдү деп жарыялаган өзбекстандык жаран изделүүдө

АКШда өзүн камсыздандырган жарандарга чоң өлчөмдө акча төлөп берилет.
Image caption АКШда өзүн камсыздандырган жарандарга чоң өлчөмдө акча төлөп берилет.

Кыргызстанда өзүн өлдү деп документ жасатып, АКШдан миллион доллар акча алууга аракет кылган өзбекстандык жаранга издөө жарыяланды. Кыргызстандын ички иштер министрлигинин Би-Би-Сиге берген маалыматына ылайык, өзбекстандык бул жаран “каза тапты” деген документти Оштогу ооруканалардын биринде жасаткан. Ага жасалма документ берген оштук дарыгер учурда чоң өлчөмдө айып пулга жыгылды.

31 жаштагы өзбек жараны АКШга мындан он алты жыл мурда барган. Ал жыл сайын бир ирет чет өлкөлүк жарандарга лотерея сыяктуу ойнотулчу Грин карт, атап айтканда АКШнын жарандыгы тууралуу картты утуп алгандан кийин кеткени айтылат ички иштер министрлиги тараткан маалыматта.

“Бул жаран АКШга 2000-жылдары кеткен экен. Ал жакта жашап жүрүп 2014-жылы миллион долларлык камсыздандыруу акчасын алуу үчүн Оштогу ооруканалардын биринде иштеген дарыгерге өзүн “өлдү” деген документ жасаткан. Андан башка Кара-Суудагы мүрзөгө жай койдурган экен. Учурда бул иштерди иликтөөнү Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймактык башкармалыгы жүргүзүп жатат”.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев кошумчалагандай, өзбек жаранынын АКШда өзүн камсыздандыруудагы аракетине бир катар Кыргызстандык жарандардын да катыштыгы бар. Алардын ичинде дарыгерлер, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын кызматкерлери жана жасалма документтерге кол койгон бир катар мекемелердин өкүлдөрү бар.

“Иликтөө уланууда. Справка жасатып берген дарыгерге соттун чечими менен чоң өлчөмдөгү айып пул тагылды. Андан башка дагы кылмышка тийиштиги бар кызматкерлер такталууда. Бирок өзүн “өлдү” кылган өзбек жараны Кыргызстанда да, АКШда да эмес, ал башка өлкөлөрдө качып жүрөт”, - дейт Осмонбаев.

Маалыматтарга ылайык, башка өлкөлөргө салыштырмалуу АКШда өзүн камсыздандырган жарандар үчүн өлкө абдан чоң өлчөмдө акча төлөп берет. Учурда Кыргызстанда изделип жаткан өзбек жараны да ушул чоң суммадагы акчага кызыкдар болгону үчүн гана мындай жолго барышы мүмкүн дешет байкоочулар.

“Эгерде адам АКШда жашап жүрүп, өзүн “өлдү” деген справка даярдаткан болсо, анын себеби бирөө гана болушу мүмкүн- ал акча маселеси. Анткени Америкада адамдын өмүрүн камсыздандыруу, адамдын майып алуу коркунучу пайда болгондогу камсыздандыруу практикасы абдан өнүккөн жана аябай чоң акча болуп саналат. Эгерде адам алдын-ала өз өмүрүн чоң акчага камсыздап коё турган болсо, өлдү деген справканы туугандары алып барып берсе акчаны аларга берет”, - дейт саясатчы Равшан Жээнбеков.

Айрым иликтөөлөргө таянганда, АКШда өзүн камсыздандыруу же ири өлчөмдөгү акчага ээлик кылуу окуяларына көп учурда Орусия, Украина жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн тургунары туш болот. Ал эми буга чейин мындай окуя катталбаган Кыргызстандан изделип жаткан өзбек жараны жана ага документ тууралап берген кызматкерлер тууралуу иликтөө бүткөнгө чейин азырынча бир нерсе айтуу кыйын.

Тектеш темалар