Оппозициянын изин офшордо издеткен саясий тиреш

  • Азиза Марат кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев

Кыргызстандын жогорку бийлиги менен “Ата Мекен” партиясынын лидерлери арасындагы тиреште улам жаңы компроматтар чыгууда. Айрым байкоочулар бул коомдогу ачыктыкка алып келүүдө десе, башкалары эки тарап тең чындыкты эмес, өз кызыкчылыгын коргоого далалат кылып жатканын айтышууда.

Конституциялык реформа аракети башталганда пайда болгон жаатташуу бийликти оппоненттеринин офшордо кылмыш изин издөөгө алып келди.

Кезектеги чырдын чордону “Белиз гейт”

Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн келген делген трастык документ окуясы жогорку бийлик менен парламенттеги оппозициянын ортосундагы тирешти, Жогорку Кеңештеги айтышууларды күчөттү.

Конституциялык реформа аракети башталганда пайда болгон жаатташуудан бери “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев парламентте кечээ экинчи жолу кайрылуу жасап, депутаттарды тарыхты адилет орнотууга чакырды.

Ал аталган документтерди эл аралык юристтер аркылуу текшертерин айтты:

“Мунун баары жасалма экенин далилдеп беребиз дейт. Далилдеп берсе эмне болот? Президент отставкага кетеби? Ошону ойлонуштубу? Сертификаттын көчүрмөсүн дагы биздин ТИМге же УКМКга эмес нотариус белгисиз бир жоопкерчилиги чектелген фирмага жөнөтүп жатат. Расмий документ болуш үчүн биздин өкмөт Белизге кайрылыш керек. Алардын расмий өкмөтү биздин ТИМге же башка тиешелүү органга бериш керек эле”.

Өмүрбек Текебаев офшордо фирмасы болгон күндө да кантип өз атыма каттатмак элем деди. Анын кесиптеши Наталья Никитенко Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы окуп берген документке ылайык “Ата Мекендин” депутаттарынын ID паспорту катталганын белгилеп, бул өңдүү документтер чет жердик паспорт менен гана жасалат деп, оюнда режиссердук начар аткарылыптыр деди.

Ал эми Улуттук коопсуздук комитети колуна тийген документте Кыргызстандын мурда ар кандай бийликтеги үч кызматкери “Альфателекомдун” 51 пайыз акциясын Максим Бакиевдики делген компанияга сатууга тиешеси бар экени көрсөтүлгөнүн билдирди.

Комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев азыркы үч депутаттын атын ачык атап, 51 пайыз сатылып калса, Текебаев сегиз, Салянова менен Шыкмаматов акциялардын жетиден пайызына ээ болмок деди.

Сегизбаев документтер Белиздин расмий органынан алынганан белгиледи:

“... УКМКда оперативдүү ийгилик деген бар. Ошондой оперативдүү ийгиликтин негизинде бул документ биздин колубузга түшүп калып атат. Тилекке каршы кайсы жол менен, ким аркылуу бул документтерге бизге келгенин мен азыр айта албайм. Себеби ал булактарды биз мындан ары дагы колдонобуз. Бирок иликтөө жакшы, сапатту жүрсө эртеби кечпи мен кайсы булактан бул документтерди алып келгенибизди айтууга даярмын”.

Айрым басылмалар Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовдун ошол учурда кайсы кызматтарда турганын, кандай чечимдерди кабыл алганын эстеп, айтылып жаткан окуяга тиешесин аныктаганга аракет кылышууда. Бийликкке ыктаган маалымат каражаттары Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда Бакиевдер сырттан соттолуп, экстрадицияланбаганын, 2010-жылы “Альфателекомдун” 49 пайызы менен дароо 51 пайызы да улутташтырылбай, 2014-жылга чейин создуктурулганын белгилешти.

Текебаевди оппонентим деген мурдагы депутат Өмүрбек Абдрахманов медиалардын бирине курган маегинде депутаттык комиссия 2014-жылы калган 51 пайызды эптеп улутташтырганын айтып, Текебаевдин Максим Бакиевге акция сатуу шарты жок эле деди. Бирок ал Текебаев комиссиянын ишин колдобогонун эстеп, балким келечекте инвесторго сатууну ойлогондур деди.

Ошентип бул маселени Башкы прокуратура иликтемей болду.

Оппозиция куугунтукка кабылып жатканын айтууда

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев

Атамекенчилер” болсо аларды куугунтуктоо жүрүп, Кыргызстанда диктатура орногонун айтышты. Текебаев трибунадагы узун сөзүндө Акаев, Бакиев доорун эстеп, бардык президенттерди, 29 өкмөттү көргөнүн кыстара кетти.

Ал эми көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов диктатура азыр жок деп, президенттин таламын талашты жана сөзүн Текебаевге кайрылып улады:

“Мен дагы илгертен сиз менен эле келатам. Сиз айткан президенттердин учурунда да иштедик. Эгер бир тарапта, бир убакта сүйлөсөк, балким, сиз дагы бөлөкчө айтат белеңиз... . Диктатуранын убагында мен иштедим. 2007-2010-жылдарда “Ата Мекен” парламентке кирбей калганда биз он бир депутат ушул жерде отурчубуз. Ошондо диктатура бар эле, сөз берилчү эмес”.

“Атамекенчилерге” коюлган башка дооматтар

Коопсуздук комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекендин” депутаты Аида Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турган тушта Максим Бакиевдин адвокаты, ошол учурда издөө жарыяланган Алексей Елисеевдин лицензиясы узартылган деди. Салянова өткөн айда муну мойнуна алып, лицензияны узартууну мурдагы орун басары азыркы юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева уюштурганын айткан.

Азыркы юстиция министрлиги билдирүү таратып, акыркы колду Салянова койгон деди.

Чындык кимде экени эмес, элдин эмне табаары маанилүү

Байкоочулар акыркы талаш-тартыш, компроматтар менен салгылашуудан коомчулук айрым жагдайларды түшүнүп, дагы көп нерсени боолгологонго шарт түзүлдү дешет. Ошол эле маалда эки тараптын тең чындыкты эмес, өз кызыкчылыгын, келерки жылдарда саясаттагы ордун коргоого далалат кылып, элге пайдасы жок дешүүдө.

Коомдук ишмер Кадыр Кошалиев бул жаатташунун аягы жашы болбой турганын Би-Би-Сиге билдирди.

“Мага улуттук деградацияга бараткандай туюлат. Жоопкерчиликтүү күч мамлекеттин, элдин келечеги үчүн жооп берип, бир багыттуу иш жүргүзгөндө мынчалык болбойт эле. Акыркы беш жылда кызыкчылыктардын тиреши, “бийликти алалы анан көрө жатарбыз” деген күчтөр бириге калып, бийликке келгенден кийин элдин эмес, өзүнүн кызыкчылыгы менен кетип калганы көрүндү”, - деди Кошалиев.

Атамбаев менен Текебаевди элдешүүгө чакырган “Легендарлуу парламенттин” төрагасы Медеткан Шеримкулов болсо маалымат каражаттары аркылуу тирешүүдө экөө тең утулуп, акырында жанындагылар пайдаланаарын эскерткен.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев саясаттагы азыркы кырдаалга саясий күрөш деген баа берип, бул демократиялык коомдо табигый көрүнүш экенин баса белгилөөдө:

“Президенттик шайлоого даярдык жүрүп жатат. Саясий күчтөр саясий технологияларды пайдаланып, күрөшүп атат. Муну абдан чоң трагедияга айлантпаш керек деп ойлойм. Бул Кыргызстандагы ачык коомдун, жаңы доордун күнүмдүк көрүнүшү деп эсептейм”.

Анткен менен байкоочулар күчтүү риторикаларда чындык, адилеттик жана эл кызыкчылыгы айтылган менен саясатчылар тек гана өз жанын ойлоп жатканын белгилешүүдө.

Алар конституциялык реформанын артына жашынган талаш-тартышта да ушул максат жатканы айдан ачык болуп калганын айтып келишет.