Антибиотикти туура колдонуңуз

Жаңы антибиотиктер табылбаса 2050-жалдарга жылына 10 млн адам өлөт деп Британияда айтылды
Image caption Жаңы антибиотиктер табылбаса 2050-жалдарга жылына 10 млн адам өлөт деп Британияда айтылды

Эгер жаңы антибиотиктер ойлоп табылбаса, 2050-жылы супербактериялардан дүйнөдө жылына 10 миллион адам өлүшү мүмкүн. Мындай маалымат быйыл Британ бийлигинин буюртмасы менен жасалган микробго каршы туруу изилдөөсүндө айтылган.

Бактериялар менен күрөшө албоонун негизги себептери - антибиотиктерди ашыкча же туура эмес колдонуу. Антибиотиктерди туура колдонууга үндөгөн үгүт аптасы ушу тапта Кыргызстанда да өтүүдө.

Антибиотиктин адамзатка коркунучу

Британиянын буюртмасы менен жасалган микробдорго каршы туруу документинде авторлор жаңы антибиотиктер табылбаса 2050-жылдарга экономикалык чыгаша да 100 триллион долларга чыгаарын айтышкан.

Мунун себеби – антибиотиктердин микроорганизмге туруштук берип, жада калса ага каршы иммунитетти өстүрүшүндө.

Эксперттердин эсебинде, антибиотиктер күрөшө албаган бактериялар дүйнөдө жылына 700 миң кишинин өмүрүн алууда.

Бирок албетте берилген сандардан шек санап, элди чочутуу жүрүп жатканын айткан окумуштуулар бар.

Анткен менен антибиотикке туруштук берип калуу дүйнөдө чоң коркунуч экенин адистер улам айтып келишет. Кытайда жана Европанын дээрлик баарында пневманиянын булагы бейтаптардын 30-60 пайызына чейин антибиотиктерге туруштук берерин изилдөөлөр көрсөттү. Дүйнөдө антибиотиктер жардам бере албаган инфекциялар менен төрөлгөн балдардын саны улам артууда.

Антибиотикти туура колдонсо, кесепети аз болот

Image caption Антибиотикти ашыкча колдонуу кооптуу

Бишкектик Екатерина Иванова кадимки эле тамак оорудан антибиотиктин эки түрү таасир этпей үчүнчүсүнө өткөн. Ал дарыгерлер антибиотикти туура эмес берген деп эсептейт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жер шарында адамдардын жарымы антибиотикти туура эмес колдонот дейт. Элдин жарымы антибиотикти дарыканалардан рецептсиз алат.

Ушундай эле көйгөй Кыргызстанда бар.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев эки-үч жыл мурда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарын айтып берди:

“Сурамжылоого ылайык, бейтаптардын 40 пайызы дарыгерлердин көрсөтмөсү жок, өздөрү алып, дарыланат. 52 пайызы дарынын дозасын, убактысын сактабай, туура эмес ичкен. Суралгандардын үчтөн бири антибиотикти аягына чейин албай өздөрү токтотуп койгон. Алардын 70 пайызы антибиотиктерди туура эмес ичүү башка илдеттерге алып келерин билишкен”.

Жаңы антибиотиктер чыкса ...

Себептеринин дагы бири - эл аралык медицинанын чоң көйгөйү антибиотиктердин жаңы тобу чыгарылбай жатканында. Ушул маселени Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ярно Хабихт да белгиледи.

“Биринчиден, дүйнөдө 40 пайыздан ашык учурда антибиотик көзөмөлсүз ичилип жатканында. Экинчиден, биз, жакындарыбыз аны туура эмес колдонот, балким зарыл болбогон мезгилде дагы ичет. Үчүнчүдөн, айыл чарбада колдонулуп жатат. Төртүнчүдөн, жаңы антибиотиктерди чыгаруу өтө жай. Бешинчиден, саламаттык сактоодо инфекциялардын түрүн аныктоонун өзү туура эмес жүрөт жана санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбайт”, - деди Хабихт.

Жаңы антибиотиктерди ойлоп табууга кеткен убарагерчиликтен аны сатуудан түшкөн каражат өтө көп болбойт. Ошол үчүн жогоруда айтылган докладдын авторлорунун бири Жима О’Нила жаңы антибиотик чыгарган компанияга миллиард доллар берүүнү сунуштады. Бирок башка адистер антибиотик чыгарууга андан алда канча көп каражат керек экенин айтышты.

Дарыгерлер антибиотикти туура бергенин кантип билебиз?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ярно Хабихттин баамында, Кыргызстанда дарыгерлер тарабынан антибиотикти жазуу көбүрөөк. Ал эми саламаттык сактоо министрлиги клиникалык протоколго жараша берилет дешет. Министрликтин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Исмаилова Би-Би-Сиге протокол тууралуу айтып берди:

“Бардык врачтар сактайт деп айта албайм, бирок алар ошого жараша бейтапка антибиотик керекпи жокпу аныкташ керек. Мисалы, сасык тумоо учурунда өтүшүп, отит же пневмания болуп кетсе антибиотикти кошот. Булагы бактериялык болгон ооруларда антибиотик колдонулат. Аны дарыгер симптомдордон билбеген учурда анализ тапшырылат”.

Дагы башка маселе – антибиотиктердин дарыканалардан рецептсиз сатылып жатышы. Дары менен камсыз кылуу департаменти бул нерсени көзөмөлдөөгө мыйзам базасы жетишсиз экенин билдирди.

Image caption Антибиотик айыл чарбада көп колдонулууда

Башка бир маселе антибиотиктин айыл чарбада тескөөсүз көп колдонулуп жатканы. Бул Кыргызстан эле эмес көп мамлекеттердин практикасы. Аймакчы, Кытай жакында эле аарылар антибиотик жеген үчүн кыргыз балынан баш тартты.

Эмне кылыш керек?

Микроорганизм антибиотикке туруштук бербеш үчүн эмне кылуу керек? Ярно Хабихт кыскача токтолот:

“Бейтаптар үчүн эң жөнөкөй беш сунуш бар. Дарыгер жазган гана антибиотикти колдонуңуз. Жакшы болуп калсаңыз да жазылган мөөнөтүнө чейин ичиңиз. Эч качан мурда калган антибиотикти ичпеңиз. Таасири дайыма бирдей болбойт. Эч качан бирөөгө антибиотик бербеңиз, албаңыз, ар кимге таасири ар башка. Акыркысы, инфекцияны жуктурбаш үчүн колуңузду такай жууңуз, гигиеналык норманы сактаңыз, оорулуулардан алыс болуңуз жана керектүү эмдөөлөрдү алыңыз”.

Антибиотиктин мааниси

Антибиотик кокустан табылган көп ачылыштар сыяктуу 1928-жылы пенициллинди ачуудан башталды. Өлүмгө алып келип жүргөн инфекцияларды оңой дарылап, көп өмүрлөр сакталды. Антибиотиксиз азыр оор илдеттерди айыктыруу жана операцияларды жасоо дээрлик мүмкүн эмес.

Антибиотик бактериялык оорулар үчүн. Ал вирусту же инфекциянын башка түрлөрүнө каршы күрөшпөйт.

Антибиотиктин Кыргызстанда беш жүздөн ашык маркалык түрү бар.

Азыркыга салыштырмалуу өткөн кылымда жаңы топтогу антибиотиктерди ойлоп табуу көбүрөөк болгон.

Бирок жаңы антиботиктер табылбаса адамдар супербактериялардан кырылат дегенге ишенбеген окумуштуулар бар. Алар учурунда коркутуп айтылган илдеттер азыркыга чейин адам баласын жеңбей келатканын белгилеп, чума, жакындагы эле эбола, чочко жана тоок тумоолорун мисалы келтиришет.

Тектеш темалар