Кыргыз кызынын ишкердиги Европага чейин тарады

Салтанат Тынарбек кызы
Image caption Салтанат Тынарбек кызы

Бишкекте бизнесин үй-бүлөлүк шартына, бала-чакасын кароого ылайыктап, үйүнөн киреше тапкан Салтанат Тынарбек кызынын чакан бөлмөсүнө Би-Би-Си баш бакты.

Бир нече мүнөттөрдөн кийин Салтанаттын колунан жаңы дизайндагы сөйкө жаралат. Ал айланасына кол өнөрчүлүккө байланыштуу көптөгөн буюмдарды коюп алып, чакан бөлмөдө күн сайын айымдарга арналган азем буюмдарын жасайт.

Image caption Салтанат жасаган шуру

“Бүгүн жаңы жылга карата сөйкө жасоо менен алектенип жатам. Сөйкөнү атайын жылдыз формасында жасоону туура көрдүм, анткени ал балатыны эстетет эмеспи. Кол өнөрчүлүк жумушу менен алектенип келе жатканыма 2 жылдан ашты. Мурда колумдан жасалган буюмдарды курбу кыздарыма таратып жиберчимүн. Бара-бара хоббим кесибиме айланып кетти. Кооз жана бири-бирине окшобогон азем таккычтарын жасоодон ырахат алам”, - дейт кол өнөрчү.

Салтанат өзү жаш болгонуна карабастан өз ишкердигин үй-бүлөсү менен кошо өнүктүрүүдө. Кол өнөрчүлүгү үчүн жакшы шарттарды орнотуп, үй-бүлөсүнө тоскоолдук жаратпагандай графикке салган. Учурда өзү эле иштеп тим болбостон, балалуу болуп, үйдө отурган аялдарга да кызмат сунуштап жатат:

Image caption Салтанат: Эмгектерим бири-бирине окшобошун каалайм

“Акыркы жылы күтүлбөгөн ийгиликтер болуп кетти. Бул дегеним, колумдан жасалган буюмдар Европа өлкөлөрүнө сатыла баштады, талаптар да көп болуп жатат. Бул мен үчүн сыймык. Бишкекте эки дүкөн ачып, ал жакка да тынбай кардарлар келүүдө. Бул учурда өзүм жетишпей баштадым, анан өзүмө окшош, балалуу болуп үйдө отурган, жумушу жок аялдарды кызматка алдым”

Жыйырма бештен жаңы ашкан Салтанат үчүн убакыт эң маанилүү нерсе. Адам убакытты туура пайдаланганда гана өзү күтпөгөн натыйжаларга жетет дейт ал:

“Баарынан мурда убакытты туура пайдаланыш керек. Жумалык план болуп, каалоо менен иштегенди жакшы көрөм. Көпчүлүк таң калат, кантип баарына жетишесиң деп. Анткени кайне-кайнатам менен чогуу турабыз, келиндей кызмат кылуу керек аларга. Убакытты абдан бөлүштүрүп отуруп, баарына жетишкенге аракет кылам”

Ошентип бир тараптан Салтанаттын колунан жаралган буюмдар Европаны онго жакын өлкөсүнө сатылып жатса, экинчи жактан кол өнөрчү бала тарбиялап, үй-бүлө очогун ынтымактуу тутантып жаткан кез.

Тектеш темалар