Эл аралык кризистик топ: Кыргызстанда ислам радикалдашууда

Image caption "Эл аралык кризистик топ" уюмунун сайты

Эл аралык кризистик топтун “Кыргызстан: мамлекеттин алсыздыгы жана радикалдашуу” деген докладын жарыялады. Анда өлкөдө радикалдашуунун негизги себеби элдин мамлекетке ишенбегенинен чыгып жатканы баса белгиленген.

Уюм 3-октябрда жарыялаган докладында жарандар мамлекеттен жетиштүү кзымат ала албаган учурда динге кайрылаары, билимсиз динге аралашуу радикализмге алып келээри айтылган.

“Бул көрүнүш коомчулукка көп аралаша албай калган өзбек тектүү Кыргызстандын жарандарынын арасында дагы байкалат. Алар саясатка, мамлекеттик аппаратка жана күч түзүмдөрүнө да аз катышат. Анткени мамлекеттик органдарда аларга карата калыптанып калган көз караш менен мамиле жасашат”, - деп белгиленет докладда.

Эл аралык уюм мамлекеттин алсыздыгы жана улут аралык келишпестиктер маргиналдашып калган жарандардын тыюу салынган уюмдарга кошулуусуна түрткү болушу мүмкүн экенин жазды.

“Кыргыздар да, өзбектер да исламдын радикалдуу багыттарына тартылып турганы байкалат. Алар жеке же коомдук себептерден улам улуттук баалуулуктарын танып, Сирияга көчүп кетүү мүмкүнчүлүгүн караштырган учурлар көп. Эки улутта тең динге барган сайын көбүрөөк аралашып бараткан аялдардын саны өсүүдө. Алар оор социалдык-экономикалык абалга туш болуп, үйүндө зомбулукка кабылгандар. Мындай шарттарда жашагандардын арасында Сирияга кетүүгө умтулгандар көбөйүп жатканын байкоого болот”, - дешкен авторлор.

Уюм 'Хизб ут-Тахрир' сымал уюмдарды зомбулукка үндөбөгөн ислам уюмдары деп атап, ага кирип жаткандар да арбын дейт.

“ИМ Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алып, жардырууну Сирияда 'ан-Нусранын' курамында согушуп жаткан өзбек тобу жана уйгур сепаратисттери жасаганын билдирди”, - деген докладдын авторлору күч түзүмдөрү операциялардын жүрүшүндө адамды жок кылуу ыкмасын колдонгонорун, алардан чындыкка төп келген маалымат алып калууга кыйынга турарын белгилейт.

Ошондой эле өзгөчө түштүк аймактарда милицияда кыйноо жана опузалоо учурлары көп катталары айтылган.