Дастан Сарыгулов үй камагына чыгарылды

Image caption Дастан Сарыгулов жана камактагы башка ишмерлер өздөрүнүн күнөөсү жок экенин айтып келет

“Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси боюнча кылмышка шектелип, убактылуу камакта отурган Дастан Сарыгуловдун баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту өзгөрттү.

“24-ноябрда өткөн сот отурумунда ал үй камагына чыгарылды”, - деди Би-Би-Сиге Сарыгуловдун адвокаты Нина Зотова.

Зотованын айтымында, Сарыгуловдун абалы жакшы эмес.

Ал камалгандардын арасынан Сарыгуловдун гана баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнүн кошумчалады.

Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы ишмерлер, саясатчылар жаз, жай айларында камакка алынган. Аларга “мамлекетке чыккынчылык кылуу”, “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” жана башка беренелер боюнча айыпталууда.

Камалгандар жана аларды коргоо комитети сот жообуна тартуу саясий куугунтук деп клеишет. Ал эми бийлик тараптагылар буга макул эмес.