Бишкектеги имараттардын бири өрттөндү

Image caption Өрттөнгөн имарат түштүк магистралда жайгашкан

Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан 46-номерлүү имаратта өрт чыкты. Озгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей эмне имарат экенин тактап жатышат.

Социалдык тармактын колдонуучулары мектеп өрттөнүп жатканын жазышууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул маалыматты тастыктаган жок.

Министрлик имараттын чатыры күйгөнүн маалымдады, өрттөн чыккан түтүн шаардын түштүгүн каптады.

Өрттү өчүрүү алты өрт өчүргүч унаа барды, жеринде куткаруу кызматы иштеп жатат.

Жеринде министрликке караштуу Өрткө каршы агенттиктин директору Нуржан Осмоналиев жүрөт.

Мындан саналуу апта мурда борбор калаанын батыш тарабында май кампасы өрттөнгөн. (АК)