Президенттин саясатчыларга айткан сыны талкууну узартты

Президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында айрым саясатчылардын дарегине сын айтты Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында айрым саясатчылардын дарегине сын айтты

Президент Алмазбек Атамбаевдин кечээги маалымат жыйынында айрым саясатчылардын дарегине айткан сөздөрү талкуу жаратты. Депутат Аида Салянованын жооп кайтарышы менен компроматтар согушу улангандай болду.

Аида Салянова менен Алмазбек Атамбаевдин узактан айтышы

Президенттин басма сөз жыйынында журналисттер Атамбаев саналуу жылдар илгери гана мурдагы баш прокурор Аида Салянованы өлкөгө керек, келечекте президент болууга татыктуу адам катары сыпаттап келгенин эсине салышты. Атамбаев Мухаммед пайгамбар деле адашканын мисал келтирип, Аида Саляновага ишенүүдө жаңылганын билдирди.

“Мен Салянова тууралуу жаңылышканымды качан түшүндүм? Мен анын күйөсү пара алганы, Жылытуу борборуна көмүр ташуу окуясына катышы тууралуу материалдарды алганда түшүндүм. Мен Салянованы чакырып, “Аида, биринчиден, күйөң паракор экен, экинчиден, эмне кылып жатканын карачы” дедим. Бул материалдын башы гана болчу. Мен чындыгында Саляновага шексиз ишенчүмүн”, - деген президент Салянова жолдошунун айыбын жашырганын, анын кызматтан кетүүсүн өзү талап кылганын билдирди.

Мындан эки жыл мурдагы бул окуя чынында бир аз түшүнүксүз жагдай жараткан. Салянова эмгек эргүүсүнө чыгып кеткен, ага жогорку даражадагы “Манас” ордени ыйгарылган. Аны учурунда эмес, Салянова кийин барып алган, ошондой эле анда Атамбаев Салянованы кетпе деп айттым дегени да бар.

Бирок бул эки тараптын азыркы позициясы түшүнүктүү. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын ("Ата Мекен") “Фейсбукта” президентке жооп кайтарышы менен акыркы айларда күчөп жаткан компроматтар согушун уланткандай болду.

“Бишкектеги жылытуу борборун көмүр менен мыйзамсыз камсыз кылууга Атамбаевдин өзүнүн тиешеси бар. 2014-жылы мага акыркы жылдары бир булактан, “Прогресс Компани” компаниясынан көмүр сатып алууну Атамбаев өзү колдоору тууралуу маалымат жеткен”, - деп жазган Салянова Атамбаев жалган айтып жатат деди.

Image caption Мурдагы прокурор Аида Салянова бул кызматтан эки жыл мурда кеткен

Салянованын соцтармактагы бул билдирүүсүнө президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов “көмүр алып келүүдө ушундай деталдарды билсе, мыйзамсыз ишке Салянованын күйөсү гана тийиштүү эмес көрүнөт” деген таризде комментарий калтырган.

Президент комментарий берген башка адамдар

Атамбаев мындан сырткары Өмүрбек Текебаевдин, Роза Отунбаеванын, вице-спикер Алтынай Өмүрбекованын дарегине да сын айтты.

Президент “Ата Мекен” партиясы жарыялаган импичмент маселесине кыска токтолду.

“Бул окуяларга көз салуу кайгылуу. Бирок айрымдарына күлкүлүү. Доктор Апастын же башка жолдоштордун ордун кимдир бирөө басыш керек да. Бирок бул жаш саясатчыларга сабак болуш керек, эгер саясаттан акча табууну кааласаң, баарибир жооп берүүгө туура келерин билишиң керек, бул башка өлкө”, - деди Атамбаев.

Ал эми Текебаев бул тууралуу Би-Би-Сиге берген комментарийинде Атамбаевдин өзү доктор Апаска окшош экенин, алар реалдуу турмуштан алыс, өзүнүн виртуалдуу дүйнөсүндө жашашарын билдирди:

“Атамбаев бийликти өзүнө ыйгарып алып жатканы – бул факт. “Ата Мекен” партиясы керектүү далилдери чогултту, дагы улантат. Жагдай ал үчүн абдан жаман. Анткени баары тастыкталган. Доктор Апастан биз айырмаланабыз, анткени реалдуу, конкреттүү иштин адамдарыбыз. Ал эми доктор Апас менен Атамбаев абдан окшош”.

Парламенттин вице-спикери “Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекованын буга чейин “Социал-демократтар” фракциясы шайлоо бүткөндөн кийин депутаттардын тизмесин алмаштырып койду деген сөзүнө Атамбаев Өмүрбекова өзүнүн партиясынын тизмесин карап алсын, квота болгондуктан жаштарды коюп, бирок кийин жалаң олигархтарды алып келишти деди. Текебаев президенттин бул билдирүүсүнө да токтолду:

“Атамбаев КСДП партиясынан кетпегенин, ал үчүн азыр да күйүп, керек болсо башка фракциянын өкүлдөрү менен эл алдында айтышканга чейин бараарын, 2020-жылы ошону менен кайра келээрин көрсөтүп отурат. Бул дагы Конституцияга каршы келет”.

Президент Роза Отунбаева менен мамилеңиз кандай деген суроого болгонун болгондой айтаарын, 31-августтагы билдирүүлөрүнө чейин изилдеп чыкканын билдирди.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов Отунбаеванын жашын болсо да сыйлап, ал тууралуу сөздөрүн жумшартып коюу мүмкүнчүлүгү президентте кечээ бар эле деди.

“Теригип туруп алганы жаштар үчүн деле жакшы тарбия болгон жок. Биз деле Роза Исаковна жөнүндө канча сын-пикир айтып жүрөбүз. Бирок жеке касташууга айландырып, керек болсо резиденцияда жашап жатканын колко кылды. Резиденцияда жашап жатат, ошого ыраазы болсун дегенсиди. Резиденция Алмаз Атамбаевдин менчигиби? Ал мыйзамга ылайык жашап жатат, Атамбаевдин короосунда жашаган жери жок”, - деди Байсалов.

Алмазбек Атамбаев бир учурда айрым кадрларга катуу ишенип туура эмес кылганын адам экендиги менен түшүндүрдү. Бирок ушундай билдирүүсунөн кийин эле жаңы дайындалган ички иштер министри, мурда өзүнүн жансакчысы болгону айтылып жаткан Улан Исраиловго терең ишенээрин, керек болсо кийинки келген президент, премьер Исраиловду иштеп бер деп суранаарын айтты. Эдил Байсалов президенттин сөзү негизи ыраатсыз, логикасы жок болуп келгенине көңүл бурду:

“Мамлекеттин башчысы болгондуктан андан кандайдыр бир логиканы издейт экенбиз, бирок аны таба албайбыз. Саясий талкууда бирөөнүн жеке аброюна шек келтирбей, аша чаппай сүйлөө өңдүү жөнөкөй этикалык эрежелерди президент өзү бузуп жатат”.

Кыргызстандагы саясатчылардан сырткары Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти менен министри, Орусиянын президенти тууралуу да билдирүүлөрүн камтый кетти. Алар менен тең ата сүйлөшөм деп өздөрүнө айтып келатканын билдирди.