Нарын Айып: Таза шайлоо өткөрсө бийлик эч качан жеңишке жетпейт

Нарын Айып
Image caption Нарын Айып

11-декабрь Кыргызстанда референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү. Үгүт иштери башталгандан бери ар кандай талкуулар да токтобой келе жатат. Би-Би-Си журналист Нарын Айыпка кайрылып, учурдагы коомдук маанай алдыдагы референдумга кандай таасир этет? деп сурады.

Нарын Айып: 5-6 жыл ичинде абдан терең пропаганда болуп жатат. Бул пропаганда бир эле Кыргызстан эмес Москва тарабынан да жүрүп жатат. Эл өз пикирин ачык айтпай, сактанган абалга жетти. Бул кудум эле совет учурундагыдай болуп калды. Азыр адамдар үйдө туруп бирди, жумушка барып экинчини, эл алдында үчүнчүнү айтып калды. Ошол эле учурда менин айтканымдан улам бир нерсе болуп кетпейби деп коркуп турат. Ушундан улам коомдук маанай жок десем болот.

Өзүн-өзү коргоп кала турган коом да жок болуп жатпайбы. Ар ким өз тиричилиги менен алек болуп, коомдук маселелерди көтөрүп чыгуудан коркот. Өзгөчө саясий маселелерде бул ачык байкалат. Кайра куруу же алгачкы эгемендик жылдарындагыдай коомго таасир эте турган, мурда биз мактап жүргөн адамдардын дээрлик баары бийликтин гана сөзүн сүйлөп калды. Эң кыйын дегени такыр эле унчукпай тынч олтурууна адатка айлантты.

Би-Би-Си: Алдыдагы шайлоо же референдум буга чейинки башка шайлоолордон эмнеси менен айырмланып турат?

Нарын Айып: Баардык эле шайлоодо ушундай болуп келе жатат го. Эң таза жана ачык шайлоо 1990-жылы Жогорку Кеңеште Аскар Акаевди шайлоодо болгон. Кийин 1991-жылы кайрадан бүткүл элдик шайлоодо Акаевди шайлоодо эле бузула баштаган. Андан кийин 2005-жылы революциядан кийинки биринчи шайлоодо салыштырмалуу тазараак болгон. Мындан кийин 2010-жылдагы революциядан кийин октябрдагы шайлоодо ачык болду десек болот. Андан кийин бийлик ачык шайлоо дегенди токтотту. Себеби таза шайлоо өткөрө турган болсо бийлик эч качан жеңишке жете албасына көзү жетти. Өзү да аны түшүнүп жатат. Андыктан андай кадамга барбайт, коркот. Ачык шайлоо өткөрүү үчүн оппозиция эмне кылса да, ким эмне жасабасын, чет жактан кандай таасирлер болбосун баары бир биз жеңебиз, анткени биздин айтканыбыз да жасаганыбыз да туура деп айта албайт.

Би-Би-Си: Адатта шайлоо дегенде жаштар, студенттер пикирлерин көз караштарын билдирип абдан жигердүү болуп калат эмеспи. Бул жолу да ошондой көрүнүштөрдү байкай алдыңызбы?

Нарын Айып: Референдум үчүн жана референдумга каршы деген күчтөр да каттодон өтүштү. Алар кээ бир туура нерселерди айтып жатышат. Бирок бул жалпыга мүнөздүү эмес. Негизи бүт дүйнөдө деле ушундай. Жаштар анчалык деле баш-оту менен кийлигишпейт.

Анткени, бийликте кимдер олтурбасын мамлекет эптеп аракетин кыла берет. Мамлекет эч нерсе кылбаса деле ал акырындап оңолот. Мисалы, эртең бүгүнкүгө салыштырмалуу жакшыраак болот. А кыргызстандын бийлиги анын баарын бүт өзүнүн жеңши катары көрсөтүп жатпайбы. Мисалы жаш бала былтыр ондо болчу, быйыл он бирге чыкса, мына көрдүңөрбү, биз он бирге чыгардык дегендей болуп жатат. Тескерисинче каршылыктарга, мамлекеттик рейдерликкке, анысы аз келгенсип салыкты да моюнуна салганына карабастан алар өз аракетин көрүп келе жатат. Мындан сырткары башка уюмдар, күч түзүмдөрү да ошондой кылып жатпайбы. Анын четин чыгарып президент өзү да айтып коёт. Бирок ошонун баарын чечүү президент сиздин милдетиңз да. Мына референдум өтсө ошонун убаары чечилет деп жатат. Чындыгында референдум бул маселелерди чечпейт. Андай маселе коюлган да жок.

Би-Би-Си:Шайлоо менен референдум бир күнгө туш келип жатат. Шайлоочулар бул маселени так айрып, түшүнүп жатабы?

Нарын Айып: Муну бийлик тиги же бул партияны шайлоого келгенде бирге бүткөрүү үчүн атайылап жасады. Бул жерде эски адатка салып эле добуш берүү болот. Таза же демократиялуу шайлоо өткөрүү тажырыйбасы жокко эсе. Бийлик эмне деп айтса ошону шайлоо учурунда аткарып калууга эл да көнүп калган. Бийлик мына ушуну толук өз пайдасына колдонуп жатат.