Сасык тумоого байланыштуу кырдаал курч бойдон калууда

Сасык тумоо иммунитеттин алсыздыгынан келип чыккандыктан аны күчтөндүрүү эң маанилүү. Ал үчүн С витаминдүу азыктарды, жашылча-жемишти көп жеш керек
Image caption Сасык тумоо иммунитеттин алсыздыгынан келип чыккандыктан аны күчтөндүрүү эң маанилүү. Ал үчүн С витаминдүу азыктарды, жашылча-жемишти көп жеш керек

Кыргызстанда сасык тумоого байланыштуу 141 мектеп убактылуу жабылды. Эл ичинде жугуштуу ооруга каршы тиешелүү мекемелер көрүп жаткан чаралар жетиштүү деңгээлде болбой жатат деген нааразылык болууда. Ал эми расмийлер бир катар чаралар көрүлүп жатканын айтып, элди сак болууга чакырууда.

Бишкектин тургуну Акжол бир жумадан бери сасык тумоодон айыга албай, акыры ийне сайдырып оорудан кутулууга аракет кылып жаткандардын бири. Ал учурда өзүнө окшоп грипп болуп, айласын таба албай жаткан тургундар көп экенин айтат.

“Кайда барба сасык тумоого чалдыккандарды көрөсүң, үйдө да, жумушта да. Ооруганыма бир жумадан ашты, дары жардам бербей, акыры ийне сайдырып жатам. Жаш балдарым да ооруп атат четинен. Ооруканага барсаң узун кезек күткөндөр көп”, - дейт Акжол.

Учурда өлкө боюнча жугуштуу ооруга чалдыккандар миңдеп саналып, дарыкана, ооруканаларда кезек күткөндөрдүн катары калыңдап турат. Демейде бул учурда бирин-серин гана киши грипп болсо, быйыл бул дартка кабылгандардын саны былтыркыдан дээрлик алты пайызга көп болууда деп кабарлоодо Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.

“2016-жылдын он айындагы жыйынтыкка карасак, сасык тумоо жана өткүр вирустук курчоочу оорулардын деңгээли былтыркыга салыштырмалуу 5,8% көбөйдү. Биз жума сайын жасап турган мониторингдин негизинде грипптин көбөйүп жатканын айтууга болот. Бул оору 27-ноябрдан тарта өлкө боюнча 2,3 % көбөйүп кетти. Учурда бул илдеттен сактануу жолдору тууралуу атайын түшүндүрүү иштери жүрүүдө”, - дейт аталган департаменттин бөлүм башчысы Динагүл Оторбаева.

Аба аркылуу жуккан бул жугуштуу оору эң оболу мектеп окуучулары арасында көп тарап, грипп болгондордун 67% 14 жашка чейинки балдар экени аныкталды. Буга чара көрүү максатында Билим берүү жана илим министрлиги грипп көп тараган аймактарда, атап айтканда Бишкек, Чүй, Нарын, Жала-Абад шаарларындагы 141 мектепти жаап, убактылуу окутууну токтотту.

“Сасык тумоого байланыштуу өлкөбүздүн бир катар мектептерине карантин киргизилди. Атап айтканда, Чүй облусунда 43, Бишкек шаарындагы 95 мектеп жана Жалал-Абад облусунда үч мектеп жугуштуу ооруга байланыштуу иштебей турат”, - деди Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Айзура Чыкынова.

Өлкөдө соңку эки ай ичинде гриппке кабылып ооруканага кайрылгандардын саны 15 миңдей болсо, анын бир жарым миңдейи жаткырылып дарыланды. Бул илдеттин жайылып жатышынын эң башкы себеби катары аба ырайы, жабык жайлар, гигиенанын сакталбай жатышы дешет адистер. Андыктан таза абада басуу, суусундукту көп ичүү, оозду жаап чүчкүрүү сыяктуу жөнөкөй эрежелер сакталышы керек дейт алар.

“Бизди эл жөпжөнөкөй эрежелерди билбейт. Мисалы, бет аарчы көтөрүп же маска кийип өзүн сактагандар аз. Ар бир адам өзүнө сак болушу керек мындай учурларда. Ооруп калбоо үчүн жашылча жемиштерди көп жеп, иммунитетти көтөрүү керек. Жабык жерде иштегендер терезелерди ачып, таза аба киргизип туруу шарт”, - дейт Динагүл Оторбаева.

Ушул тапта жалпы өлкө боюнча аба аркылуу жугуучу ооруларды көзөмөлдөө аракети уланууда. Кырдаал курчуп турганда президент Атамбаев чет өлкөдөн тезинен вакцина алдыртуу үчүн президенттик фонддон эки миллион сом каражат бөлдү.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти азыркы учурда келген вакциналарды грипп эң көп жайылып жаткан аймактарга жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Тектеш темалар