Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү

кар көчкү Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Сүрөт Ѳзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий сайтынан алынды.

Кыргызстандын Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн түшкө жуук Чүй облусунун Жайыл районунун аймагында Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында кар көчкү түшкөнүн билдирди.

«Кар көчкүнүн узуну 120 метр, бийиктиги 1,5 метр чейин жетип жол каттамы жабылган. Жабыркагандар жок. Жолду тазалоого №9 жол тейлөө ишкасынан 6 техника тартылды»,-деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Кечээ күнү Ош-Бишкек унаа жолунда аба ырайына байланыштуу, жолдор тайгалак болгондуктан оор жүк тарткан унааларга чектөө киргизилип, бүгүн кайра алынган болчу.

Кыргызстанда негизги карым-катнаш авто жолдор аркылуу гана ишке ашат. Күйүүчү май, турмуш-тиричиликке зарыл эсептелеген азык-түлүктөн тартып көп нерселер Бишкек аркылуу өлкөнүн Ош, Жалал-Абат, Баткен аймактарына дал ушул жападан жалгыз жол аркылуу келет.

Жыл сайын эле бул стратегиялык маанидеги авто жолдо кар көчкүлөр жүрүп, кыйынчылыктар болуп келүүдө. Буга чейин кыргыз өкмөтү борбор менен өлкөнүн түштүк тарабында орун алган үч облусту байланыштыра турган башка альтернативалуу жол куруп баштаган. Ал унаа жолу Жалал-Абад менен Балыкчыны байланыштырат, жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт.