Чоробек Сааданбек: Википедияга жаза турган татыктуу айымдарыбыз көп

Бүбүайша Арстанбекова, Динара Ошурахунова, Рита Карасартова Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бүбүайша Арстанбекова, Динара Ошурахунова, Рита Карасартова

Би-Би-Синин "100 айым" маалымат өнөктүгүнүн алкагында Кыргызстанда коомдук ишмердиги менен оозго алынган айымдар Динара Ошурахунова, Рита Карасартова, Бүбүайша Арстанбекова жөнүндө макалалар Википедияга киргизилгенин кыргыз википедиячылар кыймылынын жетекчиси Чоробек Сааданбек билдирди.

Би-Би-Си: Бул үч айымды сиз кандай негиздер менен тандап алдыңыз?

Ч. Сааданбек: Бул Кыргызстанда көрүнүктүү, аты белгилүү, жигиттер даабай келаткан укук коргоочулук иштерди аткарып жүргөн айымдар. Википедияда эң негизги принциптердин бири бул - ал жерге киргизилген макалалардын коомдук мааниси бар болуп, энциклопедиялык мүнөзгө ээ болушу керек. Бул айымдарды ушуга толук татыктуу деп эсептейм.

Би-Би-Си: Википедияга айымдар жөнүндө маалыматтарды киргизүүнүн мааниси канчалык?

Ч. Сааданбек: Бул албетте маанилүү. Мамлекет тарабынан чыгарылган энциклопедияда деле эркек кишилер жөнүндө маалымат эмнегедир көбүрөөк. Бирок биз коом катары өнүккүбүз келсе, ошол коомдун бүт ресурстарын өнүгүүгө жумшашыбыз керек. Эмне үчүн биз коомдун тең жарымын түзгөн айымдарды өнүгүү процессинен обочолонтуп коюшубуз керек. Бул туура эмес. Бизде өнүгүүгө ресурс жетишпей атканда биз ар бир жараныбыздын ресурстун колдонгонубуз туура болот. Бул маселеде аялдар жөнүндө маалыматтын жарыяланганы жакшы, анткени жаштардын арасында бизде көбүнчө эле эркектер иш кылып, аялдар үйдө отурат дегендей маанай калыптанбаш керек. Мына ошол калпыс пикирди жоюу үчүн териштирип келсек, Википедияга киргизе турган татыктуу айымдарыбыз көп.

Би-Би-Си: Айымдар жөнүндө маалыматтын киргизилгени жаш муундарга дагы кандай тарбиялык мааниси болот деп ойлойсуз?

Ч. Сааданбек: Өздөрүнүн кылган иши менен көрүнүп, коомдук баалоoсуна татыктуу болгондугу жаштардын кызыгуусун пайда кылат. Ушул алдыңкы эжелер кандай иштер менен таанымал деп кызыгып, маалымат издейт го дейм. Мына мен деле жазып отуруп, Динара Ошурахунова эженин Нарында төрөлгөнүн жаңы билип жатам. Ушундай күтүлбөгөн кызыктуу маалыматтар табылат.

Би-Би-Си: Аялдар жөнүндө маалыматтар Википедиядагы маалыматтардын канча бөлүгүн ээлейт? Санап көргөнсүздөрбү?

Ч. Сааданбек: Так статистика жок, атайын санап көргөн эмеспиз. Сиздин сурооңуздан кийин мен ойлонуп калдым, негизи ушуну кылыш керек экен. Аялдар жана феминизм темасында иштеп жаткан бейөкмөт уюмдар болобу же мамлекеттик органдар болобу, бул маселеге көңүл бурушу керек. Мына быйыл БУУнун долборлорунун бири Кыргыз гендердик энциклопедия деген атайын аялдар темасына арналган энциклопедия чыгарыптыр. Алар бизди чакырып, оздөрү жыйнаган маалыматты кыргыз Википедиясына кантип кошсок деп кайрылышты. Биз аларга тренинг өтүп Википедияга ылайыктуу маалыматтарды кантип кошууну үйрөттүк. Бул Википедиядагы кыргыз аялдары жөнүндө маалыматтардын көбөйүшүнө да өзүнчө салым болуп калды.

Би-Би-Си: Мына сиз жаңы эле үч айым жөнүндө маалыматты киргиздиңиз. Бул фактынын өзү аталган айымдардын өздөрү үчүн кандай мааниге ээ болот деп ойлойсуз?

Ч. Сааданбек: Бул аларга, албетте, жага турган иш. Дүйнөлүк Интернетте деле биринчи маалымат Википедиядан чыгат. Википедияга кирген маалымат анын коомдогу орду бар дегенди билдирет. Роза Айтматова эже сурап калды, Айтматов жөнүндө маалыматты таба албай койдум деп. Келиңиз карап көрөлү деп текшерип көрсөк, пайда болуп калыптыр. Ачык энциклопедиянын бир артыкчылыгы ушул, кечээ маалымат жок болсо, бүгүн пайда болот.