Жергиликтүү кеңештерге шайлоону көп аймактардан KСДП утту

шайлоодо добуш бергендер саны 44 пайызды түздү

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш бергендер саны 44 пайызды түздү.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча өткөрүлгөн референдум менен бир күндө өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо 22 шаарда, 380 айылдык аймакта өттү.

БШКнын алдынала маалыматтарына караганда 17 шаарда КСДП алдыда келатат. Борбор калаа Бишкектин шаардык кеңеши үчүн ат салышкан 14 партиянын ичинен беш партия 7 пайыздык босогодон өттү. КСДП шайлоочулардын 25.94% добушуна ээ болду, «Республика -Ата-Журт» -24.87%, «Өнүгүү-Прогресс»-15, 84 пайыз, «Мекеним Кыргызстан" -13.5%, «Кыргызстан» -9.7 пайызга добушка ээ болду. Чолпон-Ата шаарында "Табылга" деп аталган партия 27 пайыз добуш алды, "Республика -Ата-Журт» -24.3%, КСДП-13.9%, «Улуу Кыргызстан»-10%, «Кыргызстан"-9.9 пайыз добуш алган. Ал эми "Республика - Ата Журт" партиясы Орловка шаарчасындагы шайлоодо алдыга чыкты. Каракөл шаарында "Энергетиктер" деп аталган партия, колдоого ээ болду.

Соңку жыйынтыктар боюнча расмий маалыматтар бүгүн түштөн кийин айтылат деп күтүлүп жатат. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуштарды сатып алуу аракеттери ачык да, тымызын да болуп жатканы тууралуу социалдык тармактарда талкуулар жүрдү. Айрым шайлоочулар бул тууралуу билдирүүлөрду жазышты. ИИМ маалыматына караганда добуш сатып алуу боюнча үч гана факты катталган.