Кыргызстан: Баш мыйзамды өзгөртүү колдоого алынды

шайлоочулар

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова референдумдун жана жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алгачкы жыйынтыктары туралуу маалымат берди.

"Автоматтык эсептөөчү урналардан 98% маалымат алынды, бирок азырынча 42 участоктон жыйынтыктар жок (бул 1.8%ды түзөт). Ошол эле учурда кол менен саналган маалыматтардын 65% кабыл алынды. Алдын-ала маалыматтар боюнча шайлоочулардын жалпы саны - 2 млн. 851 миң адам, референдумдун катышуучуларынын саны - 1 млн 200 миң 438 адам же 42,09%. Жалпысынан добуш берүүгө катышкандардын ичинен 950 миң 440 жаран башкача айтканда 79,59%ы "макул" деп, 184 миң 816 адам же 15.6%ы "каршы" деп добуш беришти. 60 миң 182 бюллетень жараксыз болду»,-деп маалымдады БШКнын расмий сайты.

Акыркы тыянактар боюнча дагы маалыматтар берилет.

Бул жолу шайлоочулар арасындагы активдүүлүк төмөн болгону белгиленип жатат. Шайлоого көз салган эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар шайлоо жүрүшүнө жогорку баасын берди. Кыргызстандагы референдумга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого 181 эл аралык байкоочу катышкан. Расмийлер айрым техникалык мүчүлүштүктөрдү эске албаганда олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок деди. Техникалык жабдыктардын иштебей калышынан улам айрым учурларда добуш берүү үзгүлтүккө учурап, чоң кезектер жаралып жатканы сынга алынды.

Ошол эле учурда тизме боюнча кайрадан маселе чыгып, Мамлекеттик каттоо кызматынын дарегине сындар айтылды. Айрым аттуу-баштуу кишилер эле өзүн тизмеден тапай калганы учурларын айтып чыгышты.

Бул жолку жалпы элдик добуш берүү 25 жыл ичинде Конституцияны өзгөртүү боюнча сегизинчи ирет өтүп жаткан референдум. Бирок буга чейинки референдумдардын биринде дагы мынчалык курч талаш-талкуу жана карама-каршылыктар болгон эмес. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин бийликке келген пикирлештер ортосунда каршылашуу жаратты. Конституциянын айланасындагы талаш-талкуулар компроматтар согушуна айланды. УКМК офшордон оппозициянын изин тапканнын айтып, иликтөө баштады. Ал эми парламенттеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президентти өз бийлигинен аша чаап кетти деп айыптап, ага импичмент жарыялоону демилгелеп жатат.

Баш мыйзамда эмне өзгөрөт?

Эми жаңы Баш мыйзамдагы негизги өзгөрүүлөргө токтоло кетели:

Премьер-министрдин ыйгарым укуктары

Өзгөртүүлөрдө премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүп, парламенттин бийлигин азайтуу каралган. Айрым эксперттер менен юристтердин айтымында бул парламенттин өкмөттөн көз карандылыгына алып келиши мүмкүн.

Парламенттин депутаты бир эле учурда премьер-министр же вице-премьер-министр боло алат. Эгер депутат ушул кызматтардын бирөөн ээлесе ал парламенттин жыйындарында добуш бере берет. Эгер ал бул кызматтан түшүп калса, депутат болуп иштей берет.

Демократиялык өлкөлөрдө бийлик бутактары ажыратылган, өкмөт парламентке отчет берет жана көзөмөлдөнөт. Эгер жаңы өзгөртүүлөр кабыл алынса, премьер-министр менен вице-премьер-министр өздөрүнө отчет берип калабы деген суроого так жооп боло элек.

Ошондой эле премьер-министр бир жылда эки жолу парламенттин алдында өкмөткө ишеним көргөзбөө өнүндө маселе кое алат. (Азыркы учурда ал муну жылына бир эле жолу жасай алат). Өкмөт мүчөлөрүн өзү дайындап, өзү бошото алат. Бүгүнкү күнү бул чечимдерди президент кабыл алат. Мындан сырткары, премьер-министр жергиликтүү кеңештердин макулдугусуз эле жергиликтүү администрациялардын башчыларын дайындап жана бошото алат.

Бийликтин сот бутагы

Конституцияга каралган өзгөртүүлөр судья кызматына талапкер болгондор үчүн айрым чектөөлөрдү киргизет. Бирок бул кандай чектөөлөр экени аталган эмес. Эгер бул жобо өтүп кетсе, парламент керектүү чектөөлөр жазылган мыйзамды кабыл алышы мүмкүн. Мисалы, купуя кат алышуудан баш тартуу же алардын телефондогу сүйлөшүүлөрүн тыңшоо сыяктуу чектөөлөр болушу мүмкүн дешет. Бул судьялардын көз карандылыгын чыңдайбы же тескерисинче азайтабы деген суроо турат.

Президенттин сотторго болгон таасири жогорулайт. Ал жергиликтүү судьяларды бир жерден экинчи жерге которо алат. Азыркы учурда соттордун ротациясын Сотторду тандоо кеңеши жүргүзөт. Азыркы учурда соттордун мыйзам бузган учурларын Соттор кеңеши карайт. Баш мыйзамга каралган өзгөртүүлөр боюнча эми бул ишти Соттор кеңешинде тартип комиссиясы карап калат. Бул комиссия президент, парламент жана Соттор кеңеши тарабынан түзүлөт. Президент менен парламенттин өкүлдөрүнүн бул комиссияда болушу судьяларга таасир көрсөтүү рычагын камсыз кылат.

Жогорку Сот сот маселелери боюнча түшүндүрмө бере алат. Азыркы учурда алар сунуш иретинде болсо, өзгөртүүлөргө ылайык алар соттор жана судьялар үчүн милдеттүү болуп калат. Бирок бул өзгөртүү Баш мыйзамдын өзүнө каршы келет деген пикирлер болуп жатат, анткени судьялар көз каранды эмес жана Баш мыйзамдын өзүнө гана таянышы керек. Башкы прокуратуранын укуктары Жаңы толуктоолор боюнча Башкы прокуратура козголгон кылмыш иштерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Өкмөткө караштуу болгон Экономикалык кылмыштар боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүп берет.

Бул өзгөртүү мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупция менен күрөшүүнүн сапатын түшүрөт деген чочулоо бар. Анткени Өкмөттүн өзүнүн кылмыш иштерин Өкмөткө караштуу мекемелер иликтеп, тергеп калат.

Эл аралык чечимдерди аткаруудан баш тартуу

Азыркы учурда Эл аралык соттордун чечимдери Кыргызстанда жергиликтүү соттордун чечимдеринен жогору турат - бул Кыргызстан кол койгон эл аралык келишимдерде жазылган. Эгер Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынса, кыргыз сотторунун чечимдери эл аралык уюмдардын чечимдеринен жогору туруп калат. Кыргызстандын соттору Эл аралык соттордун чечимдерин эске албай кое алат.

Жарандык

Баш мыйзамга каралган кезектеги толуктоо боюнча мамлекет кыргызстандыктарды жарандыктан ажыратууга укуктуу болот. Бийликтегилер бул терроризм менен күрөшүү үчүн зарыл деп жатышат. Жарандыгы жок адамдар ээн-эркин жүрө алышпайт. Бирок жарандыктан ажыратуу үчүн конкреттүү негиздер жана бул чечимди чыгара турган мамлекеттик орган жазылган эмес. Ошондуктан айрым эксперттер бул беренени бийликте тургандар өздөрүнүн атаандаштарына каршы колдонушу мүмкүн деп жатышат.

Ошол эле учурда жарандыктан ажыруу жолдору Жарандык жөнүндө мыйзамда жазылган, бирок, Баш мыйзамда каралган эмес.

Үй-бүлө жана нике

Конституцияга каралган кезектеги өзгөртүү боюнча нике эркек жана аялдын ортосунда гана катталат. Азыркы баш мыйзамда нике бул эки түгөйдүн ортосунда болот деп бирок анын жынысы көрсөтүлгөн эмес. Конституциялык реформаны колдоп жаткандар бул өзгөртүү бир жыныстуу никеге бөгөт коет деп жатышат. Бирок Үй-бүлө Кодексинде нике эркек менен аялдын ортосунда болот деп так жазылган.

Адам укуктарын чектөө

Конституциянын азыркы редакциясына ылайык, адам укуктары улуттук коопсуздук, коомдук тартипти камсыз кылуу, элдин саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо жана башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин сактоо максатында чектелиши мүмкүн.

Жаңы сунуштарга ылайык, бул тизме эми аскердик жана башка кызмат зарылдыгы менен да толукталат. Бул иш жүзүндө кандайча аткарыла турганын азыр айтуу кыйын.

Тема боюнча башка макалалар