Айтматов кыргыз киносунун атасы

Чыңгыз Айтматов Би-Би-Синин Бишкектеги кеңсесине келип, маектешкен учуру. (Архивден)
Image caption Чыңгыз Айтматов Би-Би-Синин Бишкектеги кеңсесине келип, маектешкен учуру. (Архивден)

Бишкекте атактуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 88 жылдык маарекесине арналган "Айтматов жана кино" деген аталыштагы фестиваль өтүүдө. Кечээ башталган бул иш чарада Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган "тасмалар антологиясынын" бет ачары да болду.

"Кыргызфильм" жана "Кыргызтелефильм" киностудияларынын архивинен алынып, көп жылдар бою экрандан түшпөй келаткан Айтматовдун тасмалары эми минтип анын 88 жылдык маарекесине арналып, атайын "тасмалар антологиясы" болуп, DVD форматында жарык көрдү.

"Айтматовду кыргыз киносунун "пайгамбары" деп атасак болот. Анын чыгармаларынын негизинде дүйнөлүк жана кыргызстандык канчалаган режиссерлор кино жаратты. Кино менен бул залкар жазуучуну бөлүп кароого болбойт. Айтматов кыргыз адабиятына канчалык чоң салым кошкон болсо, кыргыз киносуна да андан кем эмес из калтырды", - дейт режиссер жана сценарист Бакыт Карагулов.

Кыргыз кино департаменинин өкүлү Мукталы Бектаналиевдин билдиришчинче, "Айтматов жана кино" антологиясына Кыргызстандагы гана эмес, чет өлкөлөрдө дагы тартылган кинолордун оригиналы кошулуп, баш аягы сегиз тасмадан турган жыйнак болду.

"Биз Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларына негизделип тартылган тасмалардын жыйнагын чыгардык. Ал жерде Кыргызфильмде гана эмес, Түркия, Орусия, Арменияда тартылган кинолор да бар. Азырынча дисктер саналуу гана чыкты. Ал ардагерлерге, адабиятчыларга берилет. Негизи, Айтматовдун чыгармаларынын бир жыйнакка топтолушу кийинки муун үчүн чоң табылга".

Мындан бир нече күн мурда Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматы Чыңгыз Айтматовдун кыргыз тилинде жарыяланбаган "Чоор жана жер" аттуу чыгармасы табылганы тууралуу маалымат таратты. Алгачкылардан болуп ал чыгарма менен академик Абдылдажан Акматалиев таанышып, кыскача мазмуну тууралуу Би-Би-Сиге буларды билдирди:

"Чоор жана жер" циклиндеги чыгармалар Болгариянын "Пламък" жана "Литературный фронт" журналында жарыяланган. Чыгарма ошондой эле 1974-1976-жылдары жазуучунун болгар тилинде жарык көргөн эки томдук чыгармалар жыйнагына кирген. Башкы каарманы Бейше Асакеев Улуу Ата мекендик согуш учурунда Сталинградда баатырларча курман болгон киши. Божомолум боюнча, бул китеп "Гүлсарат" менен "Ак кеме" чыгармаларынын ортосунда жарык көргөн. Анткени Гүлсараттагы айрым окуялар бул китепте терең талданыптыр".

Ошентип Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары бир тараптан кино тармагында жакшы сценарий катары жанданып атса, экинчи жактан анын адабияттагы мааниси ого бетер артып, дале болсо башка тилдерге которулуп жатат.

Тектеш темалар