Равшан Жээнбеков: Бийлик адамдарынын журналисттерге кысымы күчөдү

Бишкектеги сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Равшан Жээнбеков
Image caption Бишкектеги сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Равшан Жээнбеков

Кыргызстанда журналисттерди камаган көрүнүштөр жок, бирок аларга карата ар кандай деңгээлде кысым көрсөтүүлөр тыйылбай жатканын укук коргоочулар билдиришүүдө. Би-Би-Си Бишкектеги сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Равшан Жээнбековдон журналисттерге кысым болгон кандай мисалдар бар экенин сурады.

Р. Жээнбеков: Журналисттерди түрмөгө камаган көрүнүштөр бизде чынында эле соңку жылдарда болгон жок. Бирок бул ар бир мамлекеттин өзүнүн саясий кырдаалына жараша болот. Мисалы, Түркияда же кайсы бир мамлекеттерде журналисттерге чынында эле аябагандай катуу басым болуп жатат. Журналисттер камалган же өлгөн учурлар көп.

Биздин өзүбүздүн кыйынчылыгыбыз бар. Акыркы эки жылдын ичинде бийликтин тегерегиндеги адамдардын журналисттерге басым жасаган учурлары аябагандай көбөйдү. Мисалы, президенттин жакын адамдарынын биринин арызы менен журналист Уран Ботобековдун эки үйүн камакка алышты. Уран Ботобеков кысымга чыдабай, Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Ал эми Президенттин жеке өзүн ала турган болсок, Дайыр Орунбековго эки жылдан бери кылмыш ишин козгоп, эки миллион сомго айыпка жыгабыз деп эки жылдан бери соту уланып келатат.

Андан кийин СДПК партиясынын мүчөсү Дастан Бекешовдун доо арызы менен жарандык активисттердин бири Мавлян Аскарбеков соттон сотко кетип атат.

Акыркы бир аптанын ичинде эле президенттин дагы бир жакын адамдарынын бири көрүнүктүү блоггер Адиль Турдукуловду беш миллион сомго сотко берип, бүгүнкү күндө алардын соту болуп жатат.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө камоо жок, бирок материалдык жагынан коркутуп, басым жасоо саясаты аябагандай болуп жатат.

Би-Би-Си: Кыргыз журналисттердин өздөрүнүн кесиптик уюмдары кысымга алынып жаткан журналисттердин таламын талашып, кандайдыр бир аракеттерди көрүп жатышабы?

Р. Жээнбеков: Журналисттердин өздөрүнүн кесиптик уюмдарынын активдүү түрдө кайсы бир журналистти коргоп чыкканын мен көрө албадым. Жалпысынан журналисттик кесиптик уюмдар деле бүгүнкү күндө кандайдыр бир деңгээлде бийликтен корккондой же бийликке кызмат кылгандай алып жүрүп жатышат өздөрүн.

Ошон үчүн айла кеткендиктен, өзгөчө көз караштагы эгемендүү журналисттерди коргойлу деген ойдо биз саясатчылар "Сөз эркиндигин коргоо комитети" деп түзүп, жарандык активисттерди, журналисттерди коргоо иштерин алып барып жатабыз. Биз журналисттер менен, эл аралык уюмдар менен жолугушууларды уюштуруп жатабыз. Оор учурга кабылган журналисттерге адвокаттык чыгымдарын төлөп берүү боюнча эл аралык уюмдар менен сүйлөшүп, атайы гранттарды жазып, акча алып бергенге да аракет кылуудабыз.

Кыргызстанда бийликтин басымына кабылган журналисттерди коргоо өтө оор иш. Биринчиден, алар соттон сотко сүйрөлө баштайт. Экинчиден, сотко барыш үчүн аларга сөзсүз түрдө адвокаттар керек. Адвокаттардын кызматы бизде бир топ эле кымбат. Айла кеткенде эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдарга кайрылып, алардын жардамы менен коргонушка туура келип жатат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар