"Аалам" партиясы шаарда кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды

13-декабрда президент башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, шайлоо жана референдумдагы мыйзам бузуу фактылары боюнча көрүлүп жаткан чараларды сурады.

Жекшемби күнү өткөн шайлоо жана референдумдун талкуусу доомат, арыздануулар менен коштолуп жаткан учур.

Эреже бузуу демекчи, расмийлер майда мүчүлүштүктөрдү эске албаганда баары жакшы дегени менен бул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу керек деген саясий күчтөр чыга баштады.

"Бюллетенде "Аалам" саясий партиясы деп жазылып турса ошол эле акылдуу урналардын программасында "Аалам" партияларга кирбегенде деп жазылган. Андыктан, акылдуу урна бюллтенди тааныбай, бизге 2015-жылкы шайлоодо алган добуштады чыгарып жатат. Биз ишенбейбиз. Борбордук шайлоо комиссиясы бул жөн эле калпыстык деп айта турган болсо жаңылат. Бул одоно мыйзам бузуу деп эле койгонго жатпайт. Бул атайын жасалган иш. Кайрадан шайлоо өткөрүп бергиле деп БШКга кат жазып, президентке да кайрылып жатабыз",-дейт "Аалам" саясий партиясынын лидери Жылдызкан Жолдошева.

Image caption "Аалам" саясий партиясынын лидери Жылдызкан Жолдошева

Бул айтылгандарга БШК каршы пикирин билдирип чыкты.

"Маалымат жыйынын өткөрдү деп уктум. Мазмун, маанисин мен толук билбейт экем. Алар мыйзам бузуулар болду деп жөн эле айтып жатышат. Эгерде так далилдери болсо, азыркы учурда аймактык шайлоо комиссиясы карап чыгып чечкенге мүмкүнчүлүк болот эле. Бирок жөн эле көптөгөн мыйызам бузуулар болду деп айта берсе бул териштирип, кароого жатпайт", - дейт Борбордук шайлоо комисииянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов.

Ошол эле учурда мыйзам, эрежелерди өздөрү бузуп жаткан Мамлекеттик каттоо кызматы менен шайлоо комиссиясы дагы жооп бериши керек деп сындагандар да жок эмес.

"Тизме башаламан болду. Мурда текшерсе туура чыгып, шайлоого эки күн калганда башка даректерге которула баштаганын айтышты. Мисалы бир үй бүлөдө алты шайлоочу бар экен, ар кимисиники ар башка тизмеден чыкты",- дейт жарандык активист Рита Карасартова.

Image caption Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев

"1657 телефон чалуу саналуу эле участоктордон бир нече жолу кайталап түшүп жатты. Бул жалпы шайлоо участокторунун беш пайызын гана түзөт. Аларды кыйынчылык менен иштетип жатышты, калгандары болсо кынтыксыз иштеди. Тизме боюнча чындап эле кемчиликтер болду. Бул жерде адам фактору, экинчи жагынан тээ мурдатан чечилбей келген көйгөйлөр да таасир этти. Ал бир үйгө бир канча кишинин катталып алышы. Алардын айрымдарында кимдер катталганын үй ээлери да билбейт",-дейт Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
"Аалам" партиясы шаарда кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды

Ал ошондой эле жабдуулардын иштебей калышынан сырткары дагы бир топ кемчиликтер болгонун өзү да ырастады. Жабдууларды көзөмөлдөй турган операторлордун арасында ишти атайылап үзгүлтүккө учуратуу аракеттери да болгонун белгилеп, бир эки факты боюнча укук коргоо органдарына өзү кайрылганын да белгиледи. Мындан сырткары кенедей эле мүмкүнчүлүк болсо партиялар өз кызыкчылыгына пайдаланып кетип жаткан жагдайларды жоюп, тартипти бекем сактоо үчүн кийинки шайлоолордо аскердик окуу жайдагы курсанттарды ишке тартуу идеясын да айтты.

Жекшембиде өткөн шайлоодо айтылган сындардан сырткары урнага бир эле киши бир нече бюллетенди салып жаткандыгы тартылган видео боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгын айта кетели. Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү колдоп жалпы добуш бергендердин сексен пайызга жакыны макул деп добуш беришкен. Референдум менен бирге өткөн жергиликтүү кеңештин депуттаттарын шайлоодо негизинен бийликте турган партиялар жеңишке жетти.