Сөгүнгөндөргө мыйзамдын укуругу жетеби?

Бишкек

Жогорку Кеңеш коомдук жайларда бейбаштык кылгандарга жазаны катаалдаштырган мыйзам кабыл алып, административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизди.

Жогорку Кеңеште коомдук жайларда бейбаштык кылгандарга жазаны катаалдаштырган мыйзам кабыл алып, административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык коомдук жайларда сөгүнүп, тартипти бузгандарга 1000 сомдон 3000 сомго чейин айыппул салынат. Эгер төлөй албаса сегиз сааттык коомдук жумушка чегерип же 5 сутка камакка алуу каралган.

Орой сөздү же сөгүнүүнү кантип чектесе болот?

Соңку жылдарда чоңдор эле эмес секелек кыздардын мушташып же оозго алгыс сөздөр менен бири-бирин сөгүп жатканы тартылган тасмалар социалдык тармактарда да маал-маалы менен чыга калып жүрөт. Башында мындай көрүнүштөр коомчулукта талкууга түшкөнү менен бара-бара көндүм сыяктуу эле кабылданып бараткандай.

Буга чейин мындай тартип бузгандарга 100 сомдон 200 сомго чейин айыппул жазасы каралган экен. Бул ирет анын өлчөмүн көбөйтүп, административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдү көпчүлүк депутаттар колдогон. Бул демилгени жакшы деп колдоого алгандар менен катар эле анын иштеп кетишинен күмөн санап жаткандар да жок эмес.

Демилгечилер мыйзам жана анын жоопкерчилиги так жазылганын, президент колдосо мындай терс адаттарды жоюуга болорун айтып жатышат.

"Адам өз деңгээлине жараша үйүндө, дасторкон четинде деле сөгүнө берет. Ал ошондой адамдардын өз абийири. Бирок, коомдук жайларда коомдук эреже, тартип менен гана жүрүүгө тийиш. Эгер ким бирөөнү сөгүп, кадыр баркына шек келтирсе ал жоопко тартылышы керек. Бул ишке ашпайт дегендерге бир мисал бар. Кезегинде унаада коопсуздук курун тагынбагандар 200 сом төлөшү керек болчу. Аны эки миң сомго көтөргөндөн баштап, айдоочулардын баары буга көңүл буруп калышты",-дейт демилгечилердин бири парламент депутаты Мирлан Жээнчороев.

Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, жашы жетелектер жасаган мындай аракеттер үчүн алардын ата-энеси же жооптуу кишилер айып тартышат. Жаш балдарды кайыр суроого түрткөн же кошо алып жүргөндөргө да жаза күчөтүлөт. Бардык коомдук жайларда жана көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда маңзат чегип, ичимдик ичкендерге да ушул чара көрүлөт. Эгер эреже бузуу кайталанса сегиз саатка камалат.

"13-кылымда Планокарпиний деген саякатчы кыдырып көрүп, көчмөн элдерде сөгүнгөн сөздөр дээрлик жокко эсе экен деп таң калуу менен жазганы бар. Совет мезгилинде аракечтиктин жайылышы менен билинип билинбей көп жаман адаттар да пайда болду. Талдап карай турган болсок, бул биринчи орус келгиндеринин келиши менен башталган. Экинчиден, аларга артыкчылык берилгендиктен алар кайда болбосун сөгүнүп сүйлөп, ал терс жагынан үлгү болуп калган. Артыкчылыкка ээ адамды кайталап, тууроо өз кесепетин тийгизген. Үчүнчүдөн, чоң жамааттарда иштеп жатканда басымдуу бөлүгүнө орустардан жуккан. Ошол эле учурда кыргыз жаштары элет маданятынан алыстап, эңги-деңги абалда калып, сөз баркын билбей жаткандыгында",- дейт тарыхчы Чыңгыз Амантур уулу.

Тилчи окумуштуулардын белгилешинче, сөгүнүү адеп-ахлактан сырткары тил казынасына жана дүйнө таанымга да оңбогондой зыян алып келет дешет. "Албетте эми, ар бир тилде ченелүү санда андай сөздөр бар. Орус, англис тилдеринде сөгүнүүнү изилдеген атайын изилдөөлөр да жүргөн. Бул түпкүлүгүндө адамдык ариетке туура келбей турган көрүнүш. Өзгөчө азыркы жаштардын арасында бир шумдуктуу топтор пайда болду. Беш сөз сүйлөсө аны экөө гана жөн сөз калганы, ашмалтай. Алар эмне деп жатканын түшүнбөй чет тилдердеги тантык сөздөрдү белимчиден бетер туурап сөгүнүп жатышат. Адамды маданияттуулукка тарбиялоо зарыл. Эгер аны жөн кабыл албаса мыйзам чегинде мажбурлоо керек",-дейт профессор Сыртбай Мусаев.

Серепчилер бул өнөкөттөн арылуу үчүн ата-энеинин, тарбиянын ролу абдан чон экенин эскертип келишет. Алар күлкү-тамаша үчүн кичинекей балдарга сөккөндү үйрөтүп, алардын аң-сезимине оор залака келтирет дейт агартуучулар.

Тектеш темалар