А. Калиев: компенсация маселеси аудиттен кийин гана каралат

Русгидронун эсеби боюнча курулушка 37 млн доллар сарпталган
Image caption Русгидронун эсеби боюнча курулушка 37 млн доллар сарпталган

Орусия “Русгидро” Жогорку Нарын каскады үчүн сарптады деп жаткан 37 млн доллар боюнча кыргыз өкмөтүн Эл аралык арбитраждык сотко берерин билдирген. Бул боюнча жакынкы күндөрү Орусия тарап менен сүйлөшүү жүрөрү белгилүү болду.

Карызды төлөп берүү кандайча ишке ашат?

“Русгидро” компаниясы кыргыз өкмөтүн арбитраждык сотко берет деген маалымат чыккандан бери бул маселе ар кандай талкууларды жаратып жаткан учур.

Деген менен чыгымдарды төлөөдө кыргыз тарап да жемин жедирбей турганын билдирди.

“Чыгымды төлөп берүүдөн мурун кыргыз тарап эл аралык терең аудит өткөзүү маселесин коюп жатат. Муну эки тарап тең макулдашышы керек. Андан кийин көз карандысыз компанияны жалдап алып, канча акча жумшалганын так аныктап алгандан кийин гана компенсация маселесин карай баштайбыз. Башында мындан Орусия тарап баш тарткан маселе болчу. Бирок биздин так пикирибиз аудит өткөрмөйүнчө сарпталган каражатты кайтарып берүүгө кезек келет. Башкалар айтып жаткандай, эсепти көбөйтүп жиберди же акчаны туура эмес пайдаланды дегенге кошулбайм. Аудит гана күмөндүү маселелерге чек коё алат”, - дейт Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев.

Серепчилер бул маселени сотко жеткирбей эле чечүүгө толук мүмкүн экенидигин айтып жатышат.

Орусия тарап баш тарткан эмес. Алар каражатыбыз жетпей жатат, кийинчерээк аягына чыгаралы десе биздикилер ага макул болгон эмес. Аны президент өзү деле так айтпады беле. Бул жерде арбитражга жеткирбей туруп эле алардын дооматын төлөп берүу керек. Болгону акчаны эмнеге жумшадык десе чындап эле ошого жумшалыптырбы же жокпу текшерүү керек. Жумшаган каражатын кайтарып алууда Орусиянын мүмкүнчүлүгү чоң. Бирок Кыргызстанды жарга такап, андай кадамга деле барышпайт. 37 млн доллар Орусия үчүн чоң деле долбоор эмес”,- дейт экономикалык серепчи Жумакадыр Акенеев.

Мындан бир нече күн мурун мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов маалымат жыйынын өткөрүп, аталган компания Жогорку Нарын каскадынын курулушунда акча кымырып алышы мүмкүн экенидигин жана андан улам көз карандысыз аудит өткөрүү дөн баш тартып жаткандыгын айткан эле.

Текшерүүдөн кийин каражатты төлөп беришибиз керек деген менен документтерде жазылгандай, Кыргызстан келишимден биринчи болуп чыккандан кийин чыгымды толук төлөп бериши керек дегендер да бар.

Президент Алмазбек Атамбаев да бир жылдай мурун бул боюнча комментарий берген:

“Бул тууралуу биз Владимир Путин менен бир канча жолу сүйлөштүк. Учурда Орусиянын экономикасы төмөндөөнун үстүндө болуп жатканын көрүп турабыз. Мунайдын баасына байланыштуу ал дагы ылдыйлай берет. Бул макулдашуулар обьективдүү себептерден улам Орусия тарабынан ишке ашпай калганы көрүнүп турат”- деп айткан эле Атамбаев.

Президенттин мындай пикиринен кийин парламент бул маселени карап, келишим жокко чыккан. Ошондон кийин Жогорку Кеңештин депуттарынан турган комиссия түзүлүп, алар аталган долбоордун курулушунда чыгымдар кыйла жогору баа менен көрсөтүлгөндүгүн айтып чыкканы бар.

Парламент депутаты Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан тарабынан дайындалган өкүлдөр, бийликке сарпталып жактан каражат боюнча шек санап жаткандарын айтса, бийлик учурунда көңүл бурбай койгон деп айтып келет.

Ал маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде 37 млн доллар ошол кездеги курс менен эсептегенде 2 млрд 300 млн сом экенин. Бул курулушка коротулган акчадан 3 эсе кымбат көрсөтүлгөнүн билдирген. Шыкмаматов ошондой эле Орусия бул каражатты толук төлөтуп алууга бардык жагынан мүмкүнчүлүгү жетээрин, өкмөт аны төлөп берүүгө аргасыз экенин айткан.

Зор курулуш саналган бул долбоор мындан бир жыл мурун токтогон эле.

Аталган долбоорду аягына чыгаруу үчүн өлкө башчысы башка вариантты да бир канча жолу айтканы бар. Анда коңшулар Кыргызстан , Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан биргелешип ГЭСтерди куруп, чогуу пайда тапса болоорун ошол эгер ал ишке аша турган болсо Орусиянын таасири азырак болорун айткан эле. Учурда кыргыз өкмөтү да жаңы инвесторлорду издеп жаткан учур.

Тектеш темалар