Президент Алмазбек Атамбаевдин Индия сапары уланууда

Президент Алмазбек Атамбаев Сүрөттүн автордук укугу official

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Индияга болгон расмий иш сапары уланууда.

Президенттин расмий сайты маалымдагандай, иш сапар учурунда Индия президенти Пранаб Кумар Мукержи, Индия Вице-президенти Мохаммад Хамид Ансари, Индия Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуулар болот.

Ошондой эле кыргыз-индия бизнес форумуна катышат. «Визит алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган»,-деп билдирди президенттин расмий сайты. Индия дүйнөдөгү экономикасы жигердүү өнүгүү жолундагы өлкөлөрдүн бири. Кыргызстан менен Индия ортосунда буга чейин маселен, билим берүү жаатында кызматташуулар орун алып келген. Кыргыз тарап экономикалык байланыштырды да бекемдегиси келет.

Атамбаевдин Индияга иш сапары 18-декабрда башталаган. Айрым маалымат каражаттары январь башында президент Кытайга иш сапарын пландаштырганын жазууда. Индия сапарынан кийин кыргыз президенти Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтө турган ЖККУнун бейформал саммитине катышат деп кабарланды. (AbA)