Президент Атамбаев Индия расмийлери менен жолукту

Президент Атамбаев

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Индиядагы иш сапары уланууда.

"Бүгүн Атамбаевди Нью-Делидеги Раштрапати Бухаван сарайында Индия президенти Парнаб Мукхерджии жана премьер-министр Нарендра Моди тосуп алды",-деп кабарлайт иш-чарага катышып жаткан Би-Би-Си кабарчысы Сапаргүл Абдинабиева.

Кыргызстандын президентинин урматына Гвардия замбиректерден 21 жолу залп аткан. Президент Атамабаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бул иш сапарды Кыргызстан менен Индия ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү болооруна үмүттөнөрүн айткан.

«Биздин өз ара мамилелерде динамикалуу өнүгүү жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн пайдаланыла элек чоң мүмкүнчүлүктөр бар», - деген президент Атамбаев.

Атамбаевдин Индияга иш сапары 18-декабрда башталаган. Индия дүйнөдөгү экономикасы жигердүү өнүгүү жолундагы өлкөлөрдүн бири.

Былтыркы жылы Индия премьер-министри Борбор Азия өлкөлөрүнө сегиз күндүк иш сапары менен келген эле. Анын алкагында Кыргызстанга да келип кеткен. Индиянын премьер-министринин Кыргызстанга сапары 1995-жылдан бери биринчи жолу жасалган расмий сапар болуп калган. Индия лидеринин Борбор Азия өлкөлөрүнө сегиз күндүк сапарындагы негизги маселелер экономикалык кызматташууларды бекемдөөгө багыттылган эле.