Иран президентинин Кыргызстанга сапары башталат

Хасан Роухани Кыргызстанга келген Ирандын экинчи президенти болот Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Хасан Роухани Кыргызстанга келген Ирандын экинчи президенти болот

Эртең Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Роуханинин Кыргызстанга расмий сапары башталат. Ал өлкө президенти жана премьер министри менен жолугуп, көп тармакта меморундамдарга кол коюлат.

Хасан Роухани Армения, Казакстанга жана Кыргызстанга келет.

Кыргызстанга ал президент Алмазбек Атамбаевдин жооп катары чакыруусу менен келатат.

Эки күндүк сапардын жыйынтыгында маңзатка каршы күрөш, саламаттык сактоо, социалдык, фармацевтика жана коопсуздук тармагында меморандумга кол коюлат. Ошондой эле маданият министрликтери арасында үч жылдык программа кабыл алынат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин төртүнчү саясий департаментинин башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

“Негизинен соода-экономикалык жана инвестициялык байланышты өнүктүрүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Президент Роухани менен ишкерлер чогуу келатышат. Кыргызстан-Иран бизнес форуму өтөт. Анда биз чоң чоң долбоорлорду сунуштайбыз. Бул – энергетика, туризм, алтын кени жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагы боюнча долбоорлор”, - деди Кулубаев.

Өткөн жылдын сентябрь айында президент Алмазбек Атамбаев Иранга барган.

Image caption Тышкы иштер министрлигинин төртүнчү саясий департаментинин башчысы Жээнбек Кулубаев

Ал эми эки өлкө ортосундагы расмий кызматташтык 1992-жылдан бери уланып келатат. Ал учурдагы парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов кызматтыштык тууралуу келишимге 1991-жылы кол коюшканын белгиледи.

Бирок расмий документтер болгон менен иш жүзүндө кызуу катташуу, соода-сатык жүрүп турду деп айтуу туура эмес болот. Кулубаевдин маалыматына ылайык, мисалы, быйыл тогуз айда эки өлкөнүн соодасынын көлөмү 11 миллион долларды гана түзгөн.

“Легендарлуу парламенттин” төрагасы Медеткан Шеримкулов Кыргызстан Иранга ыкташ керек деген пикирин Би-Би-Сиге курган маегинде билдирген:

“Негизги тышкы саясат багытыбыз Россия болуп жатат. Россия менен Иран канчалык жакындап баратканын карап көрүңүз. Алар бардык жагынан жакындоодо. Биз азыр эч коркпостон Иранга жакындашыбыз керек. Көп жардамын айтпай эле коёюн, биз Иран менен экономикалык, финансылык жана башка биримдигибизди түзсөк болот”.

Шеримкулов 2010-жылдагы окуядан кийин Ирандын гуманитардык жардамын өзү жетектеп алып келгенин белгилеп, бул ислам республикасынын Кыргызстанга көз карашы түз экенин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын Тегерандагы элчилиги эң жакшы жабдылган, аны Иран Республикасы өзү оңдоп-түзөп берген.

Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу факультетинин деканы Таласбек Машрапов Роуханинин сапары эки өлкө гана эмес регион үчүн да чоң окуя дейт.

Машрапов Иранда мунай өңдүү табигый байлыктардан сырткары санкциянын алдында иштеген экономикалык системаны түзө алганы, өзүнүн технологиясын иштеп чыкканы Кыргызстанга үлгү болот деди. Бирок ал эки өлкө ортосундагы конкреттүү кызматташууга ушул сапардан кийин чыйыр салынат деп үмүттөнөт.

“2005-жылдан кийин эки өлкө ортосунда соода-сатык байланыш азайып кеткен. Кыргызстан уй, кой этин экспорттой баштаган эле, ал токтогон, банк системасындагы байланыштарда бир кыйынчылыктар пайда болду. Траиф деген маселеси бар. Кыскасы көп жерде эки башка түшүнүк болуп, соода-экономикалык байланыш кыйла солгундап кеткен. Роуханинин расмий визити ушул маселелерди кайрадан чечип, баарын жандандырат деп ойлом”, - деди Машрапов.

Иран өзөктүк курал программасына байланыштуу АКШ менен Батыштын санкциялары алдында калып, былтыры июлда ал алынаар менен экономикалык секириктерди жасаганын адистер белгилеп жатышат. Бирок быйыл декабрда АКШнын башка санкцияларды узартышы бул өлкөнү дагы башка жолдорду издөөгө түрттү.

Ал эми Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, инвестиция тартууга аракет кылыш керек дешет адистер.