Чек ара кызматы: Бул жылы чыр-чатактарды азайтууга мүмкүн болду

Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Мирбек Касымкулов Сүрөттүн автордук укугу offical

Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Мирбек Касымкулов Ош жана Жалал-Абад облустарында чек араларды кыдырууда.

Мекеменин басма сөз кызматы чек ара башчысы чек ара бөлүктөрүндө, өткөрмө бекеттерде болуп, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик, кыргыз-кытай чек ара тилкелериндеги кырдаалды карап чыкканын маалымдады.

Быйылкы жылы чек ара аймактарында жылдагыдан жаңжалдар аз каттаталган. Буга коңшу өлкөлөр менен тынымсыз болуп турган сүйлөшүүлөр себеп болгон.

"Бул жылы биз кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги чыр-чатактарды эки эсеге азайтууга жетиштик. Чыр чатактарды болтурбоо иш-чараларын дагы улантабыз»,-дейт чек ара кызматынын жетекчиси Мирбек Касымкулов.

Сүрөттүн автордук укугу offical

11 ай ичинде кыргыз-тажик чек арасында ар кандай мүнөздөгү алты инцидент катталган. Өткөн жылдары, маселен 2014-жылы бул эки өлкө чек арасындагы жаңжалдар дээрлик быйылкыдан бир нече эсе көп катталып, айрым учурда ок атышуулар болуп, расмийлер жаңжалдарда бири-бирин айыптаган ноталарды жолдоп, улам сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кырдаалды жайгарууга аракет кылып келишкен.

Ал эми кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде бир топ чыңалган окуялар жүз берди. Жаз башынан тарта эле Өзбекстандын чек арада тилкесиндеги бир тараптуу аракеттери Бишкектин нааразылыгын жараткан. Акыркысы эле август этегинде Аксынын Үңкүр-Тоо аймагындагы станцияга Өзбекстан тарап десанттарын түшүргөнү, андан алдын Аксы-Ала-Бука унаа жолуна аскер техникаларын алып кирип тосуп алган окуя катталган. Бул окуялардын себептерин эксперттер Орто-Токой суу сактагычына байланыштырышкан эле.

Сентябрь айында маркум президент Ислам Каримовдон кийин бийликке келген өзбек бийлииги чыңалган кырдаалды жумшарткансыды. Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча ушул жылдын сентябрь айынан тарта катары менен үч ирет эки тараптуу жолугушуу өттү. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар