Иран Президенти Роухани Бишкекке келди

Ирандын президенти Роухани Кыргызстанга президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен келди.
Image caption Ирандын президенти Роухани Кыргызстанга президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен келди.

Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Роуханинин Кыргызстанга расмий сапары башталды. Ал президент Атамбаев жана премьер-министри Жээнбеков менен жолугуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көп тармакта келишимдерге кол коюшат.

Мамлекеттик резиденцияда эки президенттин өздөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр башталды. Андан кийин сүйлөшүүлөр кеңейтилген курамда улантылат.

Мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык маанидеги олуттуу маселелер боюнча пикир алмашышат. Эки мамлекеттин лидерлери ошондой эле басма сөз үчүн билдирүү жасашат. Биргелешкен документтерге кол коюшат.

Мындан тышкары, Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат, ошондой эле кыргыз-иран бизнес-форумуна катышат.

Эки күндүк сапардын жыйынтыгында маңзатка каршы күрөш, саламаттык сактоо, социалдык, фармацевтика жана коопсуздук тармагында меморандумга кол коюлат. Ошондой эле маданият министрликтери арасында үч жылдык программа кабыл алынат.

"Негизинен соода-экономикалык жана инвестициялык байланышты өнүктүрүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Кыргызстан-Иран бизнес форуму өтөт. Анда биз чоң чоң долбоорлорду сунуштайбыз. Бул - энергетика, туризм, алтын кени жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагы боюнча долбоорлор", - дейт Тышкы иштер министрлигинин төртүнчү саясий департаментинин башчысы Жээнбек Кулубаев.

Өткөн жылдын сентябрь айында президент Алмазбек Атамбаев Иранга барган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар