Жоболоңдуу жол талаштар

Автотыгын Бишкектиктердин негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп келет
Image caption Автотыгын Бишкектиктердин негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп келет

Кечээ түшкө жуук Бишкектин Ибраимов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде айдоочулардын мушташы болгон. Анда эки айдоочу алгач урушуп, андан соң мушташууга өткөн. Мушташ учурунда эки ай айдоочунун бири автоунаасынан тапанча алып чыгып, каршылашын атып жиберген.

"Бишкек шаарынын Иманкулов деген тургуну "Мойдодыр" дүкөнүнүн жанынан солго бурулуп баратып, ошол жерден хонда фит автоунаасынын айдоочусу менен белгисиз себептер менен уруша кеткендиги маалымдалган. Кандайдыр бир белгисиз себептер менен өз автоунаасынан газ травматикалык тапанча менен хонда фиттин айдоочусун бетке атып жибергендиги аныкталды. Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси менен кылмыш иши козголуп, азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Чатакташуунун так себеби азырынча белгисиз",-деди Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казакбаев.

Мындан сырткары ушул эле күнү түштөн кийин Токтогул-Абдрахманов көчөлөрүнө жакын жерде айдоочулардын бири сырт кийими сыйрылып, канжалаганча мушташкан видео тасма да чыкты.

Учурда бул окуя социалдык тармактарда да абдан талкууланып жатат. Шаар көчөлөрүндө мындай көрүнүштөр такай болбосо да маал-маалы менен болуп турат. Коопсуз шаар долбоору ишке ашса мындай көрүнүштөр кескин азаяры айтылып келет.