Президент Атамбаев иш сапары менен Ѳзбекстанда

Алмазбек Атамбаев, Шавкат Мирзиёев Сүрөттүн автордук укугу offical

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Самарканд шаарында болуп маркум президент Ислам Каримовдун бейитине гүл коюп, куран окутту.

Андан кийин Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу кызматташтыкты жана чечүүгө муктаж маселелер тууралуу талкуулаган.

«Бүгүн биз Өзбекстандын биринчи Президентин эскердик. Ислам Абдуганиевич сиз менен акыркы жолу кандай сүйлөшкөнү тууралуу айткан. Ал сентябрда сөз жок Бишкекке барабыз, ошого даярдануу керек деген эле. Анын айтканын биз аткарууга тийишпиз. Бул үч айда сиздердин делегация бизге, биздикилер сиздерге барып, эки эл ортосунда абдан жакшы нерселер болду. Эки жак тең көпкө ушуну күткөн», - деген президент Шавкат Мирзиёев эми мамлекет башчылары мамилелерди дагы арттырышы керектигин белгиледи деп жазды президенттин расмий сайты.

Ал эми Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев атайын иш сапары менен келип кетүүгө чакырганы үчүн өзбек лидерине ыраазычылык жолдогон.

«Дээрлик 5 жыл биз Ислам Абдуганиевич менен иштедик. Ташкенттеги июнь жолугушуусунда урматтуу Ислам Абдуганиевич ушундан тарта бардык маселелерди жыйыштырып, сентябрда Бишкекке КМШ саммитине келүүгө убада берген. Тилекке каршы, Жараткандын колунда экенбиз. Бүгүн биз мүрзөсүнө куран түшүрдүк. Жаткан жери жайлуу болсун», - деп белгилеген президент Атамбаев.

Айрым маалыматтарга караганда өзбек тарап Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча Кыргызстандын позициясын колдоого алганы айтылууда. Жаңы жылдан кийин Атамбаев Кытайга иш сапары менен барат деп күтүлүп жатат. Өлкөдөгү ири гидроэнергетикалык долбоорлорго инвестиция тартуу тууралуу сөз болушу мүмкүн дейт байкоочулар. Өзбекстанга сапары учурунда бул маселе көтөрүлөбү? Башынан Өзбекстан суу башы эсептелген Кыргызстан жана Тажикстандагы ири энергетикалык курулуштарга каршылык билдирип келатат.

Суу маселесинен улам Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы мамиле соңку жылдары бир топ эле салкындап кетти. Ошол эле Тажикстан менен Өзбекстан ортосундагы мамиле да катаал болуп келди.

Маселен, быйыл жаз башынан тарта Орто-Токой суу сактагычындагы маселеге байланыштуу чек арада бир топ эле чыңалуулар жаралган.

Сентябрь ортосунан тарта кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кырдаал кескин жумшаргандай болду. Маркум президент Каримовдон кийин бийлик башына келген өзбек расмийлери дароо эле коңшулары менен мамилени жакшыртуу саясатын жүргүзөрүн шардана кылды.

Соңку он жылдан бери биринчи жолу 29-сентябрда Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Тажикистанга барды. Анжиянда болсо коңшулаш Кыргызстандын атайын делегациясы барды. Андан кийин өзбек делегациясы Ош шаарына келди. Бул дагы коңшулардын акыркы он жылдан бери биринчи ирет жылуу маанайдагы учурашуусу болуп калды.

Фергана өрөөнүн бөлө жайгашкан өлкөлөрдүн мамилесинин жакшы болгону жергиликтүү калк үчүн көп жагынан пайдалуу. Айталы, мурдатан соода байланыштары бекем болуп келген чөлкөмдө соңку жылдары чек аралардын бир тараптуу жабылышы соода-сатык, карым-катнашка өтө тескери таасирин тийгизген.

Тема боюнча башка макалалар