Прокуратура парламент депутаты Саляновага кылмыш ишин козгоду

Аида Салянова

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Жогорку Кеңештеги «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты, мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, Аида Салянова Юстиция министринин милдетин аткарып турган учурда кызмат абалынан пайдаланып, кылмышка шектүү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деген шек менен кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура бул ишти Тергөө башкармалыгына иликтөө үчүн тапшырганын билдирди.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын өнөгү, бир нече берене менен сырттан соттолгон Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясы жандандырылганы азыркы депутат Аида Салянова юстиция министринин милдетин аткаруучу болгон мезгилде болгон деген маалыматтар буга чейин айтылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев Жогору Кеңеште Белизден келди делген документтер тууралуу айтып жатып, издөөдө жүргөн адамга, андан сырткары жеке өзүнүн арызы жок экенине карабай лицензия берилген деп айткан:

"Елисеевге 2010-жылы лицензия берип жатып бир дагы документ топтолгон эмес экен. Же топтолгон болсо, атайын жоготулган экен. Башкача айтканда 2013-жылы 11-декабрда Юстиция министри болуп иштеп турган адам мурунку дата менен документтерди топтоп, ордуна коюп койгон экен. Азыркы учурда Юстиция министрлигине бара турган болсоңор, Алексей Елисеевдин "менин лицензиямды жандандырып бергиле" деген жеке арызы жок", - деген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев.

Ал эми Аида Салянова журналисттерге берген маалыматында, Елисеевге каршы соттун күнөөлүү деген чечими 2010-жылы жок болгондуктан анын лицензиясын жандантууга мыйзам жол бергенин айткан эле.

2011-жылы башкы прокурор болуп дайындалган Аида Салянова чоң кызматтагы адамдардан тайманбай кылмыш иштерин козгогондугу менен коомчулуктун оозуна алынган. Ал өткөн жылы башкы прокурорлук кызматтан кеткен себебин президент Атамбаевден саясий колдоо болбой калганы менен түшүндүргөн.

Ал башкы прокурор болуп турган учурда жалпысынан айтканда 12 депутатка, 4 министрге, 10 судьяга жана бир катар губернатор, аким жана мэрлерге коррупциялык иштер боюнча жана кызматынан кыянат пайдаланды деген негизде кылмыш иштери козголгон.

Тема боюнча башка макалалар