2016-жылы эсте калган саясий окуялар

22-мартта Кербенде өткөн митинг
Image caption 22-мартта Кербенде өткөн митинг

2016-жылы Кыргызстан саясий окуяларга, саясатчылардын кызуу билдирүүлөргө бай болду. Бир учурдагы саясий өнөктөштөр - убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен алардын бири болгон азыркы президент саясий оппоненттерге айланды.

Булар бийликке келгенде 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деген Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча өткөн референдумду шайлоочулардын 80 пайызы колдоду.

Президент менен “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин арасында тирешүу пайда болду. Мунун баары албетте кийинки жылы президент кетип, шайлоо өтүшүнө байланыштуу эле дешет байкоочулар. Би-Би-Си жылдын окуяларына сереп салат.

Камакка алуулар

Кыргызстандын саясий айдыңы акыркы жылдары салыштырмалуу тынч болгон менен жыл башында чек ара чырлары чыгып жатты. Ушул нерсе аягында саясаттагы олку-солкуларга да түрткү болду.

Жалал-Абаддын Аксысында Өзбекстан менен Үңкүр-Тоо чыры, Ала-Бука районундагы жол тилкесинде оор техникалардын орношу сыяктуу окуялар жыл башында маалымат каражаттарынын көңүлүн эң көп бурган окуялар эле.

Image caption Дастан Сарыгулов үй камагына чыгарылды

Ал күч алган март айында саясатчы Азимбек Бекназаров Ошто митинг өткөрүүнү алдын ала жарыялап, кийин ал өтпөй калды. Аксыда эл чогулган митингге барган оппозициялык саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров марттын аягында камакка алынып, “бийликти күч менен басып алуу” жана “кылмышка даярдануу” беренеси боюнча из козголгон.

Жаз, жай айларында мындай бир нече камоо болду.

25-мартта энергетика тармагынын адиси Эрнест Карыбеков камалды. Ага да “бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу” беренеси боюнча иш козголду. Ал 26-мартка пландалган Элдик курултай өткөрүүнүн демилге ээлеринин бири болчу.

Майдын орто ченинде “Элдик парламенттин” лидерлери Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев жана Тойгонбек Калматов камалышты. Алар апрелдин аягында жыйын өткөрүп, анда уюмдун башчысы Талгарбеков Алмазбек Атамбаев кызматтан кетиш керектигин айтып, аны колдогон орус генералдары менен “көп иш бүтүп калганын” билдирип жиберген. Улам митинг болоорун айтышып, акыр аягы 17-майда борбордук аянтка көп киши чыгаарын жарыялашты эле, бирок ага чейин камакка алынышты. Аларга кылмыш кодексинин “бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу” жана “бийлик өкүлдөрүн кыйноого даярдануу” беренелери боюнча айып тагылган.

Бирок бул оппозиция өкүлдөрү саясий куугунтуктун курмандыктары экенин айтып, негизсиз түрмөгө жабылганын айтып келишет.

“Албетте, аларды камакка алуунун өзү туура эмес. Андан сырткары соту жабык өтүп жатканы да мыйзамга туура келбейт. Эгер булар мамлекеттик кызматта иштесе, мамлекеттик сыр тууралуу сөз болуп жатса жабык өтүш керек. Бийлик өзүнүн туура эмес аракеттерин жашырыш үчүн эле жабык өткөрүүдө”, - деди “Элдик парламенттин” мүчөсү Марат Султановдун бир тууганы Руслан Султанов.

Андан кийин коомдук ишмер Дастан Сарыгулов мурда козголгон кылмыш иши, “чыккынчылык кылуу” беренеси боюнча кармалды. Аталган саясатчылардын жана ишмерлердин баарынын телефондон сүйлөшүүсү делген тасмалар телеканалдардан жарыяланды.

Бирок камалгандар өздөрү жана тарапташтары кылмыш кылууга даярданбаганын айтып келишет.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун камакка алуу туура эмес болгонун билдирип чыккан:

“Айыппул төлөтсүн, башка кылсын, бирок камакка алуу бул – оппозиция лидерлерин куугунтуктоо. Атамбаев, Текебаев, Акун – баарыбыз эле “кетсин” деп жүргөнбүз. Ал эми телефондон сүйлөшкөнүн тыңшаганга кимдин кандай акысы бар? Анда адам укуктары кайда калат?”.

Бирок президент Алмазбек Атамбаев оппозициячыларды эл бузарлар деп, чыгып сүйлөгөн жерлерде аларды катуу жазалоого үндөгөн.

Жашы бир топко барып калган, жактоочулары ден соолугу оор деген Дастан Сарыгуловду 24-ноябрда үй камагына чыгарышты. Калгандары дале камакта калууда.

Конституциялык реформа чыры

Бул камоолордон кийин Кыргызстандын саясий айдыңы тынчый түшкөн. Албетте ара-чолодо өкмөт башчысын же башка кадрларды алмаштыруу окуялары окурмандарды зериктирген жок.

Image caption "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Башмыйзамды өзгөртүү демилгесине каршылыгын билдирүү менен азыркыга чейин уланып жаткан тирештин башын баштагандай болду

Жайында президент Алмазбек Атамбаевдин Чолпон-Атада берген маалымат жыйынында Конституцияны өзгөртүү оюн айтуу менен саясий талкуу башка нукка өткөндөй болду.

Жарандык активисттер дароо эле каршылыгын билдиришти.

Августтун башында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев атайын маалымат жыйынын уюштуруп, Атамбаевдин Башмыйзамды өзгөртүү демилгесине караманча каршылыгын билдирүүсү менен азыркыга чейин уланып жаткан тирештин башын баштагандай болду.

“Премьер-министр диктатурасын орното алат. Көп өлкөлөрдө премьер-министр “түшпөс хан” болуп, диктатор болуп келаткан учурлар бар. Биз “аңгектен качсак дөңгөкө” болуп калышыбыз мүмкүн”, - деген Текебаев Конституциянын мазмунунан дагы аны өзгөртүү жол-жобосунда мыйзам одоно бузулуп жатканын айткан.

Конституциялык реформаны токтотуу үчүн оппозициялык маандайгы ишмерлердин иш аракеттери күчөдү. Алардын биринде юрист Тамерлан Ибраимов көп мыйзамдар бузулуп жатканын айткан:

“Биринчиден, биз Конституцияны өзгөртүү менен мыйзамды бузуп жатабыз, экинчиден, анда адам укуктары чектелүүдө. Жарандыктан ажыратпоо кепилдиги жоюлууда, муну мен репрессиялык чара деп эсептейм. Үчүнчүдөн, бийлик бутактары арасындагы тең салмактуулук бузулууда”.

31-августта президент Алмазбек Атамбаевдин эл алдында сүйлөп жатып Конституциялык реформа тууралуу сөздөрү саясий талкууга биротоло башка өң берди. Бир кезде өзү мүчөсү болгон, саясий өнөктөштөрү - убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сынга гана албастан катуу күнөөлөдү.

“Кыргыздын байлыгын, кыргыздын жерин ким сатканы, баардыгы ачылат, мына ачылып баштады. Мародерлук дагы ачылат, банк уячаларын тономой да ачылат! Кадыржан Батыровду ким түрткүлөгөн, ким үгүттөгөн, ким качырып жиберген – баары ачылат”, - деди Атамбаев калың журттун алдында.

“Ала-Тоо” аянтында айтылган бул сөздөр учурунда экс-президент Роза Отунбаев сахнадан түшүп, басып кетти.

Президенттин бул жоругун убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, “атамекенчилер” катуу сынга алышты.

Ошентип компроматтар согушу тутанды. Ага бир аздан соң токтолобуз.

КСДПнын коалицияны бузганы

Анткени ага чейин күздө саясат кызыйт болуп, “Социал-демократтар” фракциясы парламенттеги коалицияны бузганына келели. Андан “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогрессти” чыгарып, өзүнүн эң эле жакын партиясы катары түзүлгөн “Кыргызстанды” жана мурда ансыз да активдүү оппозиция боло албай келген “Бир болду” алып, жаңы коалиция курады.

Коалицияны кантип бузганын социал-демократтардын лидери Иса Өмуркулов Би-Би-Сиге айтып берген.

“Позиция оппозициядан бөлүндү. Мурунку бийликтин тапшырмаларын аткарып, көп саясий маселелер боюнча каршы чыгып, улутташтырылган ишканалар боюнча дагы фактылар чыккандыктан биз алар менен чогуу болгондон баш тарттык”, - деди Өмүркулов оппозициялык фракциялардан бөлүнгөнү тууралуу айтып жатып.

Коалициялык көпчүлүккө кириши ишенимдүү айтылып жаткан “Республика-Ата-Журт” кирбеген менен лидери Өмүрбек Бабанов бийликтин ар бир аракетин колдоп турду жана ошондой позицияда келатат.

Кокустан эле бул фракциянын кирбей турганын лидери Бабанов референдум боюнча мыйзам талкууланып жатканда трибунадан билдирди.

Эмнеге кирбедиңер деген суроого орун басары Руслан Казакбаевден жооп алган элек.

“Биздин негизги максатыбыз – программабызга жараша шайлоочуларга берген убадаларыбызды ишке ашыруу. Биздин лидер коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүп жатканда эки маселе калды дебедиби. Менимче, ошол нерсе чечилбей калды”, - деди Казакбаев Би-Би-Сиге.

Коалиция кайсы фракциялардан куралат деген интрига жүрүп, “Республика-Ата-Журттун” бийликке жакындаганы айтылып жатканда саясат таануучу Марс Сариевдин Би-Би-Си айтканы:

“Бул убактылуу союз. Президенттик шайлоо башталганда бат эле башкача позицияга өтүп кетет. Бабанов оппозицияда тырмакча ичинде “конструктивдүү” болот. Ал эми альянска кирсе, өзүнүн статусу төмөндөп кетет. Ошондуктан азыр оппозицияда калганы Бабановго да Атамбаевге да жакшы”.

Сариевдин айтканына так эле дал келип, Алмазбек Атамбаев 1-декабрдагы маалымат жыйынында конструктивдүү оппозиция бийликке келет деп, Бабанов тууралуу бир нече ирет жылуу пикирин кыстара кетти:

“Социал-демократтар партиясы дагы президентикке талапкерлигин чыгарат деп ойлойм. Бирок башка партиялардан дагы чыныгы системалуу иштеген талапкерлер бар. Бабанов да, Төрөбаев да системалуу иштейт. Менимче, алар экөө тең талапкерлигин коёт. Азырынча божомолдобой турайын, бизде баары тез өзгөрөт. Алардын бири президент болуп калса мен таң калбайм”.

Президент менен “Ата Мекендин” талашы

Бул учурда президент менен “атамекенчилердин” тиреши азыркыдай эле уланып турду.

Өмүрбек Текебаев Атамбаев Бишкектин четиндеги Кой-Ташка салып жаткан үйүнүн мыйзамсыз экенин айтып чыкты.

Андан кийин эле президентке түз баш ийген коопсуздук комитети Белизден келген делген документтер боюнча “Ата Мекендин” үч депутаты төрт-беш жыл мурда “Альфа Телекомдун” 51 пайызын Максим Бакиевдин компаниясына сатууга аракет кылган деди.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Коопсуздук комитетинин төрагасы Абдиль Сегизбаев

“Лицензияны узартуу үчүн бир да документ топтолгон эмес экен. Же топтолсо, ал атайын жоготулган экен. Башкача айтканда, 2013-жылы 11-декабрда ошол учурла министр болуп иштеп турган адам арткы дата менен документтерди топтоп, ордуна коюп койгон экен”, - деди парламентте коопсуздук комитетинин төрагасы Абдиль Сегизбаев.

Ал иш азыр Башкы прокуратуранын териштирүүсүндө.

Тирешүү башталгандан тарта Өмүрбек Текебаев парламентте бир нече ирет кайрылуу жасап, депутаттары тарабына тартканга аракет кылды. Анын бирин “Белизгейт” окуясы талкууланып жаткан учурда жасалды.

“Урматтуу депутаттар, мен өткөндө да айткам, дагы айтам: өлкөнүн тарыхы сиздердин колуңуздарда. Мындай туура эмес жолду, оппоненттерди куугунтуктоону, массалык түрдө жамандоо – бул, ар кандай саясий режимдин акыркы өмүрүнүн белгиси”, - деди Текебаев.

“Атамекенчилер” Кыргызстанда диктатура орноп, бир кишинин жана анын партиясынын бийлиги жүрүп жатканын айтып келет. Бирок бийликтеги партиянын лөктөрүнүн бири Иса Өмүркулов бул негизсиз айыптоо деди.

“Диктатуранын убагында мен иштедим. Өткөн 2007- жыл менен 2010-жыл ортосунда “Ата Мекен” парлментке келбей калган, биз он бир депутат болуп ушул залда отурганбыз. Ошондо диктатура болчу, чыгып микрофонго чыгып сүйлөгөнгө сөз берчү эмес”, - деди Өмүркулов парламент трибунасында Текебаевдин артынан.

“Белизгейт” окуясы менен кошо “атамекенчи” депутат Аида Салянова Максим Бакиевдин адвокаты Алексей Елисеевге 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин мыйзамсыз лицензия берген деген сынды да коопсуздук кызматы, президент өзү айтып жатты.

“Атамекенчилер” жогоруда айтылган бардык күнөөлөрдү четке кагып келет.

“Мегакомдун калган 51 пайызы Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда, анын күчү менен улутташтырылган. Азыркы айтылып жаткан айыптар жөн гана каралоо”, - деген “Атамекендин” мүчөсү, депутат Алмамбет Шыкмаматов.

“Ата Мекен” партиясы менен Өмүрбек Текебаев болсо президентке импичмент жарыялоо үчүн даярдык көрүп жатканын билдирип чыкты. Президент муну олуттуу кабыл албагандай болду.

Декабрдын аягында Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы баш прокурор Аида Саляновага каршы кылмыш ишин козгоду. Ал Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартууга байланыштуу.

Ал эми Өмүрбек Текебаев эл аралык юристтер ага Белизден келген документтер жасалма экенин тастыктап беришкенин айтып чыкты. Айтымында анын муну тастыктаган документтер анын да колунда бар.

Чырдуу референдум өтүп, шайлоочулар колдоду

Image caption Чырдуу референдум өтүп, шайлоочулар колдоду

Ошентип, көп чырдын башын баштаган Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум 11-декбарда өттү. Аны бийлик жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен бир күнгө койду.

Референдумга 42 пайыз шайлоочу же бир миллион 200 миңден ашык киши келип, өттү деп эсептелди. Келгендердин 80 пайызга чукулу же 955 миңден ашык адам макул добушун, 15 пайыздан ашыгы каршы добушун берди.

Image caption Жарандык активист Рита Карасартова конституциялык реформага каршы болуп келет

Жыйынтыктардан шек саноолорго карабай, ал расмий эсеп. Конституцияга киргизилчү 26 өзгөртүүдөн айрымдары автоматтык түрдө ишке кирди.

Конституциялык реформага каршы активисттер референдум өткөндөн кийин токтоп калышкан жок. Жарандык активист Рита Карасартова Конституцияга кирчү өзгөртүүлөр тууралуу оюн Би-Би-Сиге билдирди.

“Референдумга коюлган мыйзамга биздин укуктарды чектеген жагы күчүнө дароо кирет деп жазып алышкан. Ал эми бийлик же милдеттерди бөлүштүрүү президенттин орду бошогондон кийин иштеп баштайт деп белгиленген. Биз ошондуктан “бул бир кишинин кызыкчылыгына жасалып жаткан иш” деп айтып келдик. Эгер биз күчтүү премьер-министрди эңсеп жатсак, анда эмне үчүн бүгүнтөн баштап ал тууралуу өзгөртүүлөр иштеп баштабайт?”,- дейт Карасартова.

Ал эми “Бир бол” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев кийин иштеп баштачу өзгөртүүлөрдүн ичинен Кумтөргө тиешелүүсүнө парламенттеги талкууда токтолду:

“Күчүнө 2019-жылы кирип жаткан соң анда референдумду 2019-жылы өткөрүш керек эле да... Эки-үч, төрт жылдан кийин күчүно кирсин деген мыйзам бир да мамлекетте жок экен. Кол койгондон кийин мыйзамдын баары тең күчүнө кирет да”.

Бирок референдумдун жактоочулары бул процедуралар мыйзамда белгиленген деп, ал сакталып жатканын жүйө келтиришүүдө.

Президенттин алакалары

Баса жыл ичинде өлкө башчысы бир нече мамлекетке сапар жасап, айрым өлкөлөрдүн жетекчилерин кабыл алды. 13-июлда Германиянын канцлери Ангела Меркель Бишкекке келди. Бул визиттин максатын эксперттер ар кандай жоромолдоп, жалпысынан региондон, андагы диний радикализмдин абалынан Меркелдин кабар алуусу катары баалашты.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Бишкекке сапары учурунда Иран президенти Хасан Роухани Кыргызстандын көз карандысыз саясатын сыйлаарын айтты

Декабрдын 22синде Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Роухани Атамбаевдин чакыруусу менен Бишкекке визит жасады. Бул мурда түптөлүп, бирок активдүү деңгээлге чыга албай келген мамилени чыңдоо аракети эле.

Парламенттин мурунку төрагасы Медеткан Шеримкуловдун пикиринде, Кыргызстан үчүн Иран маанилүү.

“Негизги тышкы саясат багытыбыз Россия болуп жатат. Россия менен Ирандын канчалык жакындап баратканын карап көрүңүздөр. Алар бардык жагынан жакындап жатат. Биз азыр эч коркпостон Иранга ыкташыбыз керек. Көптөгөн жардамын айтпаганда да, биз Иран менен экономикалык, финансылык, жана башка биримдигибизди түзсөк болот”, - деди Шеримкуло Би-Би-Сиге курган маегинде.

Жыл соңунда мындан сырткары Алмазбек Атамбаев тынымсыз четке каттады. Индия, андан кийин Өзбекстан, Орусия... Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёёв менен жолугуп келди.

Коңшу өлкөнүн мамилесинин жакшырып баштаганын көпчүлүк кубануу менен кабыл алууда.

Ошентип 2016-жыл Кыргызстандын саясатында чоң өзгөрүүгө алып келбесе да, журналисттер менен окурмандарды зериктирген жок. Бул жыл мурунку эки президенттин доорунун этегиндеги талаш-тартыштар, бийликтин алмашаарына карап саясатчылардын бөлүнүшү, позициясын өзгөртүшүнө окшошуп, башкача айтканда, тарых кайталанып жаткандай элес калтырды.

Бул боюнча коомдук ишмер Кадыр Кошолаиев оюн билдирген эле:

“Мага биз улуттук дегредацияга бараткандай туюлат. “Бийликти алалы, анан көрө жатарбыз” деген күчтөр бириге калып, бийликке жеткенден кийин элдин эмес, өзүнүн кызыкчылыктары менен кетип калганы акыркы беш жылда көрүндү”.

Саясаттагы бийлик бөлүштүрүү, өнөктөш издөө, топ-топторго чогулуу жагын алганда бул жылдын окуялары мурдагы режимдердин акыркы мөөнөттөрүн эске салып, тарых кайталанып жаткандай элес калтырды. Быйыл башы башталган саясий талаштар келерки жылы кызуу уланчуудай өңдүү.