Тарых жана маданият жылы эмнеси менен эсте калды?

Image caption 2016-жыл президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен тарых жана манадият жылы деп белгиленген.

Узап бараткан жыл Кыргызстанда тарых жана маданият жылы деп аталып, бул багытта улуттук деңгээлдеги гана эмес эл аралык масштабдагы иш-чаралар өттү.

Быйыл Кыргызстанда маданият тармагы өзгөчө шаң менен коштолду. Буга эң биринчи мисал, кыргыз тарыхында жарк эткен маданий окуя катары изин салган - Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Байкоочулардын айтымында, сентябрь айында өткөн бул иш-чара кошуна өлкөлөрдүн гана эмес, дүйнө элинин көңүлүн бурган эң масштабдуу маданий окуя болуп калды.

"Биздин элибиз, жаштарыбыз тарыхты билбесе маданиятты да түшүнбөй калат. Ошондуктан бул эки түшүнүктү чогуу кароо керек. Быйылкы жыл тарых жана маданият жылы деп аталып, буга байланыштуу катар-катар менен өтүп жаткан иш-чаралар жаштарыбызга, элге аябай чоң таасир берди. Бул жерде Көчмөндөр оюндарын айтпай кетүү мүмкүн эмес. Кырчын жайлоосунда жана Чолпон-Ата шаарында өткөн бул фестиваль өзгөчө рухту ойготту. Кыргызды дүйнөгө таанытты. Канча өлкө бизди суктанып карап турду", - дейт Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Ринат Бакеев.

2016-жыл президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен тарых жана маданият жылы деп белгиленген. Ага карата кыргыз өкмөтү бул жыл ичинде өлкө боюнча 78 маданий иш-чара өткөрүү планын койгон болсо, анын онго жакыны эл аралык деңгээлде белгиленди. Алардын катарында түрк дүйнөсүнүн орток ойчулу, илимпоз Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы да өттү.

Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын маалыматына ылайык, бул маарекенин урматына "Бурана" археологиялык-архитектуралык комплексинде түрк каганатынын тарыхы боюнча музейдин ачылуу аземи да өтүп, ага кыргызстандык окумуштуулардан сырткары, чет жердик белгилүү кыргыз таануучу, түрколог, археолог окумуштуулар катышкан.

"Быйыл бардык түрк дүйнөсү Жусуп Баласагындын 1000 жылдык маарекесин белгиледи. Анын ичинде эң масштабдуу иш-чара катары ойчулдун туулуп өскөн жери Буранада өткөн маареке болду. Токмокто жайгашкан бул байыркы шаарда Жусуп Баласагындын акылман, гуманисттик чоң чыгармалары жазылган. Бул аймак Караханид доорунун интеллектуалдык борбору катары саналган, ага Баласагындын дидактикалык чыгармалары түздөн-түз байланыштуу экени талашсыз", - дейт кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раев.

Image caption Жусуп Баласагындын 1000 жылдык маарекеси

Бул тарыхый, маданий иш-чараларга катарлаш кыргыз тарыхында дагы бир зор мааниге ээ болгон Улуу Үркүндүн 100 жылдыгы да быйылкы жылга туш келди. Мындан 100 жыл мурунку кыргыз элинин тагдырындагы эң татаал жана кайгылуу тарых эң оболу конференциялар менен коштолуп, бир катар китептердин беч ачары менен уланды. Алардын ичинде филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиеванын Үркүн тууралуу бардык жазма адабияттарды жиликтеп чыккан, "1916-жыл кыргыз прозасында" аттуу китеби жарык көрдү.

"Быйыл улуу Үркүнгө арналган илимий-практикалык конференциялар көп болду, китептер чыкты, андан сырткары атайын эстелик тургузулду. Бул аркылуу ата-бабалардын алдындагы урпактык милдетибизди аткардык десек болот. Ошондой эле улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгынын алкагында адабий изилдөөлөрдүн арасында Гүлзада Станалтеванын эмгеги өтө бараандуу орунду ээлейт.

Бул адабий изилдөөдөгү жаңы багыт десек да болот. Мурда Төлөгөн Касымбековдун "Сынган Кылычын" изилдегендер бар болчу, бирок 1916-жылды комплекстүү карап изилдеген, көркөм адабияттарда кандай чагылдырылгандыгын талдаган жападан жалгыз жыйынтыктоочу эмгек Гүлзада Станалиеванын эмгеги деп атайт элек. Аталган чыгармадагы тарыхый эмгектер менен көркөм чыгармалалар Үркүндү кандай чагылдырат, толуктайт, чындыгы кандай болгон жана көркөмдөлгөндө кандай болгондугун салыштырып караганы окурман үчүн өтө кызык", - дейт тарыхчы-окумуштуу Кыяс Молдокасымов.

Image caption Филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиева

Үркүн темасын бир гана жазуучулар эмес, кино жаратуучулар да көз жаздымда калтырган жок. Атап айтканда, кыргыз кино дүйнөсүнө «Үркүн» аттуу жаңы тасма кошулуп, бул учурдагы кыйынчылыкты миңдеген көрүүчүлөрдүн көз алдына тартуулады.

"Ошол татаал учурду азыркынын тилине салып, өтө таасирдүү кылып киного айлантуу да чоң эмгек. Тасмадан абдан таасирлендим. Башка жаштар дагы шолоктоп ыйлап отурду. Бул атуулдук сезимди ого бетер ойготкон кино катары баалуу деп ойлойм", - дейт Чыңгыз Асылбеков.

Ошентип тарых жана маданият жылында биринин артынан бири улай сексенге жакын иш-чара өттү. Алардын ичинде Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Ош шаарындагы этно фестиваль, жети күн токтобостон Манас айтуу сыяктуу көптөгөн иш-чаралар бар. Албетте мындай чоң маарекелерди өткөрүүдө эң оболу маданият кызматкерлеринин орду өзгөчө экенин айтат кыргыз эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова:

"Биздин өлкө экономикасы же айыл-чарбасы менен дүйнөгө тааныла турган күчтүү кубатка ээ болбосо дагы, маданиятыбыздын тереңдиги, тамырлуулугу менен башка өлкөлоргө таанылып жатканыбызды моюнга алышыбыз керек. Быйыл иш-чаралардын болуп көрбөгөндөй көптүгүнө карабай эл артистеринен тарта, жаштарга чейин бирин калтырбай катышты. Ошол иш-чараларга мурдагыдай акча сурап же сыйлык сурап эмес, чын жүрөктөн, бардык көңүлүбүз менен катышып аттык. Бул үчүн быйыл жаңы жылга карата маданият кызматкерлеринин жүзү жарык барат".

Ал эми кыргыз маданиятынын дагы бир чордону болгон кино жана театр тармагы да ийгиликтен куру калган жок. Атап айтканда, бир катар кыргыз киносу чет өлкөдөгү түрдүү сынактарга катышып, байге менен кайтты. Ага катарлаш жаштар театры Лондондо өткөн сынакта гран-приге татыды.

"Бир жыл ичиндеги ийгиликтер жакшы болуп деп ойлойм. Кино тармагын алсак, тасма жаратуучулар тээ алыскы Канадага чейин барып байге алып келсе, Жаштар театры Лондонго барып гран-прини жеңип келди. Бул сыяктуу мактана турчу сыйлыктар көп быйыл. Мунун баары чоң жетишкендик деп эсептейбиз. Ким ийгиликке жетсе, кийинки чыгармачылык күчөйт эмеспи. Быйыл чет жерге көп чыгышса, эмки жылы мындан көп жетишкендиктер болот", - деди көптү үмүттөнгөн кыргыз актеру Бакыт Мукул.

Айрым жетишпеген тараптарды эске албаганда, көп жылдар бою артисттери да, актерлору да, акындары да өкмөттөн колдоо болбой жатат деген маанайда жашап келген болсо, бул жылы аларга көбүрөөк көңүл бурулду дешет байкоочулар. Бул жылы маданияттын кайсыл тармагын караба, бирин-бири улай маданий иш-чараларды өткөрүп, бири тарыхты эске салса, экинчилери кыргызды дүйнөгө таанытуу аракетин көрдү.

Тектеш темалар