Марат Мүсүралиев: Кытайдан Кыргызстан аркылуу Европага темир жол транзити мүмкүн эмес

Кытайдан Европага жүк ташуунун башка дагы маршруттары бар.
Image caption Кытайдан Европага жүк ташуунун башка дагы маршруттары бар. Кыргызстан аркылуу өтчү жол аларга атаандааш боло алабы?

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Кытайга расмий сапарын баштады. Бул сапардын жүрүшүндө карала турган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолун куруу жөнүндө болмокчу. Январда Атамбаевдин Ɵзбекстанга сапары учурунда Ташкент бул долбоордогу кыргыз тараптын позициясын колдогону айтылган. Көп жылдардан бери талкууланып келаткан бул долбоордо Кыргызстан көздөгөн стратегиянын артыкчылыгы эмнеде, анын экономикалык пайда-зыяны кандай болот деген суроо көп жагынан талаштуу болуп жатканы белгилүү. Би-Би-Си бул тема боюнча «Smart Business Solutions Central Asia» консалтинг компаниясынын директорунун орун басары Марат Мүсүралиевдин ой-пикирин сурады.

Би-Би-Си: Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолунун Кыргызстан үчүн экономикалык пайдасы канчалык реалдуу?

М. Мүсүралиев: Бул долбоор жыйырма жылдан бери талкууда. Советтер союзу таркагандан кийин 25 жыл өттү. Андан бери Кыргызстан бир да километр темир жол салган жок. Биздин республикабыз Афганистандан да артта калыптыр. Кытайдын темир жол долбоорун 20 жылдан бери талкуулап, эч нерсе жасабай жатат. Эми анын декларациясы биздин реалдуу турмушка канчалык туура келет, карап көрөлү.

Сайттагы жарыялаган маалыматка караганда, бул долбоор менен Кытайдан Европага транзиттик каттам түзүлөт деп жазып жатышат. Мейли, ишенели. Эми салыштыралы. Кытайдан Европага Кыргызстан аркылуу канча чек ара болот: биринчиси кыргыз-кытай, болгондо да үч миң метр 600 метр бийиктикте, Торугарт болобу, Эркечтам болобу, баары бир. Экинчиси кыргыз-өзбек чек арасы, үчүнчүсү Ɵзбекстан-Түркмөнстан чек арасы, төртүнчүсү Түркмөнстан-Иран, бешинчиси Иран-Түркия, алтынчысы Түркия-Европа биримдиги. Алты чек ара аркылуу транзит уюштуруу мүмкүнбү?

Ар бир чек арада ар бир жагынан эң кеминде үч текшерүү болот. Чек ара көзөмөлү, бажы көзөмөлү, фитосанитардык текшерүү. Ошону менен ар бир чек арада алты текшерүү болот. Андан кийинкиси Борбордук Азиянын темир жолдору Россиянын темир жол стандарты менен салынган, туурасы 1521 мм. Кытайда, Иранда болсо жолдун кеңдиги -1435. Ошондо ар бир вагон, ар бир цистерна, ар бир контейнер Кытайдан Борбордук Азияга келгенде башка вагонго көчүрүш керек, же ошол вагонду көтөрүп, алдындагы дөңгөлөктү алмаштырыш керек болот.

Борбордук Азиядан Иранга барганда кайрадан көтөрүп, кайрадан алмаштырыш керек. Анысы аз келгенсип, Түркияда Ван деген көл бар. Ванда темир жол жок, эки жагында порттор бар. Ар бир жүктү кайрадан кемеге салып, көл менен өтүп, кайрадан темир жолго жеткизиш керек. Ошону менен баардыгы алты чек ара, отуз алты текшерүү, жүктөрдү төрт жолу которуп көчүрүү. Ушунча тоскоолдук менен транзит уюштурууга мүмкүнбү? Кытайдан Кыргызстан аркылуу Европага транзит уюштуруу эч мүмкүн эмес.

Би-Би-Си: Кытай дагы бекер баштабаса керек бул ишти. Жыйырма жылдан бери ийне-жибине чейин иликтеп чыгып, экономикалык пайдасын көрүп туруп анан сүйлөшүү жүргүзүп жатат да?

М. Мүсүралиев: Кытайда беш миң жылда он беш династия алмашты. Анын ичинен сегиз династия 200 жылдан көп башкарды. А кыргыздар тарыхты Акаевдин он беш жылы, Бакиевдин беш жыл мөөнөтү менен эсептесе, кытайлар 200 жыл алдыга карайт. Эң кеминде бир кылым алдыга карайт. Кечиресиз, дагы бир башка долбоорду айта кетейин салыштырмакка. Кытай-Казакстан-Түркмөнстан-Иран курулуп бүткөн долбоор. 2014-жылы салынып бүттү, бирок бул темир жол дагы ушул убакка чейин жүк менен жетиштүү камсыз болгон жок. Кыргызстан да, Ɵзбекстан да кирбейт бул долбоорго. Ошону менен ортодогу чек аралардын саны кем. Ал түгүл Казакстандын аймагы аркылуу тегиз жер менен өтөт. Тоолорду аралабайт, энергиялык чыгымы аз. Мисалы Шанхайдан Роттердамга бир контейнерди океандык кеме менен жибериш үчүн болгон баасы беш жүз доллардан бир миң эки жүз элүү долларга чейин. Эч качан кургактык менен жүргөн транспорт суу менен жүргөн транспортко тең болбойт. Себеби суу менен жүргөн транспорт кургактыктагы транспортко караганда үч-беш кээде жыйырма эсе аз керектейт күйүүчү майды. Мына дүйнөлүк жүк ташууну айтып берейин. Дээрлик үчтөн эки бөлүгү деңиз транспорту менен ташылат. 16 пайызы темир менен жеткирилет. Бир кемеге 300 мин тоннаны бир салса болот. Бир машинага көп болсо жыйырма тонна. Темир жолдун составына 3 миң тонна саласың. Бир тонна жүктү кеме менен ташуу үчүн бир миң километрге алып барыш үчүн болгону бир литр күйүүчү май коротот. Темир жол төрт-беш эсе көп жейт. Ошон үчүн кургактыктагы транспорт суудагы транспортко теңеле албайт. Ошон үчүн Казакстан салган темир жол дагы ушул убакка чейин толук жүктөлбөй жатат, анткени баа жагынан океандагы кемелерге тең боло албайт. Кургактыкта жүргөн транспорт эмне жүктөрдү ташышы мүмкүн? Бардык жүктөрдүн беш эле пайызы туура келет. Кыска мөөнөттүү жүктөр, мисалы тамак-аш.

Би-Би-Си: Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолунун каржылоо булактары так чечилбей, талаш болуп келатпайбы. Кыргызстандын акчасы жок, Кытай каржылап салып берсе анын акысына кен байлыктарын берип кутулабы же кеткен чыгым өзүн актагыча жолдун транзиттик пайдасын бүт Кытайга беришке аргаcыз болобу? Кыргызстан үчүн бул каржылоо маселесинин кандай чечилгени ыңгайлуу болмок?

М. Мүсүралиев: 2011-жылы ошол кездеги минералдык ресурстар комитетинин башчысы Замирбек Эсенаманов темир жол салуунун акысына кен байлыктарды беребиз деген схеманы жарыялады. Биздин президентибиз болсо жок андай болбойт, бул мүмкүн эмес деп айтты. Эгер мүмкүн болбосо, анда кайра эле сөз бойдон калат. Кытайлар абдан алыска карашат, бул жол өзүн актабай турганын алар да түшүнөт. Ошондуктан биздикилерди дипломатиялык мамиле менен кабыл алып, кайра дипломатиялык жол менен жөнөтүп коет деп ойлойм.

Би-Би-Си: Кыргызстан үчүн экономикалык пайдасы дагы эмнеде дегенде эки миңден ашык жумушчу орун түзүлөт, өлкөнүн экспорттун потенциалын өнүктүрүүгө мүмкүндүк болот деп атышпайбы?

М. Мүсүралиев: Кыргызстан Кытай аркылуу ташый турган эч кандай реалдуу товарды көрбөй турам. Эгерде Кытайга бирөө бир нерсе жүктөп алып барам десе, Казакстан аркылуу бир эмес эки темир жол бар. Бирөө Хоргос, экинчиси Достык. Тоону аралабай тегиз жер менен барат. Дагы бир жол салуунун кажетин мен көрбөй турам. Транзит да өзүн актабай турганын айттым. Бир гана Ɵзбекстанга локалдуу транзит болушу мүмкүн, ошондо да ал транзиттин көлөмү темир жолдун чыгымын актабайт.

Би-Би-Си: Бул долбоордун маршрутун Кыргызстан Эркечтам аркылуу эмес Торугарт аркылуу өтсүн деген вариантты өткөрүп жатат. Темир жолду Торугарт аркылуу алып келүүнүн экономикалык жана башка маанисин эмнеден көрүп турасыз?

М. Мүсүралиев: Кыргыздар өздөрү темир жол сала албайт, сала албагандан кийин "иштин кайнап жатканын" көрсөтүмүш болуп имитация кылыш керек да. Бирок кандай гана маршрутта болбосун, адегенде Кыргызстандын өзүнөн Бишкектен ушул жерге чейин темир жол салынсын, андан кийин гана башка чектеш өлкөдөн темир жол салса болот, мына ошондо гана транспорттук теорема биз үчүн кооптуу болбой калат. Керек болсо мындай чектөөнү мыйзам чегинде киргизиш керек.

Тектеш темалар