А. Жекшенкулов: Кытайдын бизге эски өндүрүшү эмес, жаңы технологиясы керек

Сапардын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат Сүрөттүн автордук укугу President.kg
Image caption Сапардын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат

5-январда президент Атамбаев иш сапары менен Кытайга барды. Эки өлкөнүн дипломатиялык алакасынын 25 жылдыгына туш келген бул иш сапарда мамилелерди өнүктүрүү жана дагы башка маселелер талкууланары айтылууда.

Би-Би-Си чейрек кылым аралыгындагы мамиледе кандай жетишкендиктер жана кемчиликтер болду деген суроо менен Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго кайрылды.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов

А. Жекшенкулов: Эң негизгиси Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 1000 километрге жакын чек арабыз бар. Чек ара маселеси боюнча СССРден калган комиссия бар болчу. Эгемендик алгандан кийин Орусия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан келишимдерге кол коюшкан. Акыркы он жылда Кытайдын мамлекттик кеңеши чек аралаш өлкөлөр менен мамилени бекемдейбиз деген чечимге келишкен. Ошол себептен биздин эки тараптуу дагы, көп тараптуу дагы мамилелерибиз БУУда же ШКУда болобу жылдан жылга бекемделип чыңдалып жатат десек болот.

Карап көрсөңөр, Орусия менен Кытайдын ортосунда Борбордук Азия, анын ортосунда Кыргызстан турат. Биз ушундай физико-географиялык абалыбызды толук кандуу пайдалана албай жатабыз. Мүмкүнчүлүктөр абдан чоң.

Ал эми кемчилиги, азыркы бийлик бир чоң катачылык кетирген. Мурда Кытай президенти Си Цзинпин келгенде темир жолду салабыз деп элге аябай даңазалап туруп, бир жылдан кийин кайра салбайбыз деп койгон. Эми кайра курабыз деп чыгышты. Кеп темир жолдо эмес, кептин баары эл аралык ишенимде болуп жатат. Жетекчи деген сөзүнө турушу керек. А сөзүн айтаарда ийне-жибине чейин изилдеп чыгуусу кажет.

Би-Би-Си: Акаев же Бакиевдин учурунда кемчилик болгон эмес деп ойлойсузбу?

А. Жекшенкулов: Чоң долбоорлор боюнча кемчиликтер болгон эмес. Бакиевдин бир кемчилиги болгон. Эсиңиздерде болсо керек ал Американын базасы боюнча Орусияга барып алдап, гранттарды алып, анан ушул эле маселе боюнча Кытайга жеткен. Ал жактагылар баарын түшүнүп ага сыртын салып сүйлөшпөй койгон. Негизи ал жакка да акча үчүн барган десек болот. Бакиев ошондон кийин Америкага барган.

Би-Би-Си: Си Цзинпиндин "Жибек жолу шакекчеси" долбоорунда Кыргызстандын орду кандай?

А. Жекшенкулов: Бул маселе негизинен кийин кошулуп калды, башында Си Цзинпин бийликке келгенге чейин эле көтөрүлгөн. Муну буга чейинки жетекчилер да көтөрүшкөн. Эмне себептен салынбай калган? Бул жолдун эни кандай болот деген маселе боюнча ар кандай пикирлер айтылып келген. Ачыгын айтканда ошол учурда өзбек тарап, азырынча биз так чече элекпиз деп бул маселени муздатып койгон. Жалпылап алганда "Жибек жолу шакекчеси" деген долбоор да ошону толуктайт. Анткени чоң экономикалык долбоорлор Кытайдын чек арасында турган мамлекеттер менен чогуу кирет десек болот. Бул кытайлар үчүн эң негизгиси экономикалык долбоор болуп саналат.

Image caption Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу бир нече жылдан бери талкууланып келе жатат

Би-Би-Си:Кыргызстандагы бир катар жогорку окуу жайларында кытай таануу же болбосо кыргыз-кытай инстуттары иш алып барып жатат. Бул эмнеден кабар берет?

А. Жекшенкулов: Менин оюмча бул бир эле Кытай тарапка тиешелүү эмес. Мына мен кечээ жакында эле Панфилов районуна барсам бир топ жаштар араб тилин окуп, үйрөнүп жатышыптыр. Абардар дагы билгизбей сиңип жатат. Түрк лицейлерин болсо билесиңер. Батыш мамлекттеринен, Орусиядан да кирип жатат. Менин жеке оюмда жаштар англис, кытай тилдерин билип алса жаман эмес. Бирок алардын баары эле бизге чыныгы достук ниети менен мамиле кылып жатышабы деп талдоо зарыл. Себеби тилге жамынып өздөрүнүн жылма саясатын, идеологиясын киргизген жокпу деп бир системага салуу керек.

Би-Би-Си:Кыргызстандын ШКУга мүчө болушу канчалык деңгээлде өзүн актады?

А. Жекшенкулов: Бул чек ара маселесинен улам келип чыккан. Себеби коопсуздукту бекемдеш керек эле. СССР ыдырагандан кийин АКШ баардык жерде үстөмдүгүн, күчүн көрсөтө баштаган. Ошондон улам Кытай Орусия менен сүйлөшүп, башка мамлекетер да кошулуп Шанхай кызматташтык уюумуна бириксек деп жакшы ниетте иштелип чыкан. Биз үчүн негизи эле коопсуздук маселеси мейли финансылык, кадрдык, техникалык жактан татаал маселе. Кыргызстан ШКУга мүчө болуу менен жигердүү иш алып барып, көп пайда көрүп жатабыз деп ойлойм. Кытай менен экономикалык мамиледе кээ бирлер Кытайдын деңиз жагындагы өндүрүштү бизге алып келишибиз керек дешти. Бул туура эмес. Алар айткандай бизге өндүрүш абдан керек. Бирок бизге эски эмес жаңы технология керек экенин унутпашыбыз керек. Кытайда азыркы учурда экологиялык абал абдан оор бойдон калууда. Себеби атмосфера өз чегинен он эсе көбүрөөк булганган. А биз экологиябызды сакташыбыз керек.

Би-Би-Си: Бажы союзу деп түзүлүп, ЕАЭБ иштеп баштаганга чейин Кытай менен соода алакасы жакшы болуп келгенин билебиз. Азыр бажы төлөмү кымбатаганынан улам соода жүгүртүү солгундай түштү деп соодагерлер айтып келишет. Муну эки өлкө ортосундагы мамилеге таасири кандай болот?

А. Жекшенкулов: Бул өкмөттүн чоң кемчилигинин бири болду. Себеби бажы биримдигине киребиз деп биринчи жолу 2011-жылы эле айтылган. Ошондон кийин бул ишке аша турган план болгондон кийин элдин баарын ошого даярдоо керек болчу. Маалыматтарды, болжолдорду элге кеңири жеткирүү зарыл болчу. Мына мисалы Казакстан Кытай менен чектеш аймагы Хоргоско заман талабына жооп берген атайын зонаны ачып коюп туруп анан кирбедиби. Биз биримдикке киргенден мурун ошол эле Торугарт же Эркештам керек болсо "Дордойдун" ичине атайын кытай тарап менен биргелешкен өндүрүштөрдү ачып коюшубуз керек эле да.

Image caption Өткөн жылдын 30-августунда Бишкектеги Кытай элчилигине кол салуу болгон

Би-Би-Си: Өткөн жылы Кытай элчилигине чабуул болду эле. Бул эки өлкөнүн алакасына көлөкө түшүрүшү мүмкүнбү?

А. Жекшенкулов: Албетте Вена конвенциясына ылайык Кыргызстан элчиликтин копсуздугун камсыз кыла алган жок. Анын айынан канчалаган студенттер эптеп окууга өтүп алып 2-3 айлап бара албай жатты. Мындан сырткары канчалаган ишкерелер бара албай токтоп турууга арагасыз болушту. Талдап көрсөк ошол учурда мамиле сууй түштү. Бирок алар миң жылдап ойлонгондуктан алар коңшулары менен мамилени бузбай, көмөк көрсөтүү керек деген ойдо болушса керек деп ойлом. Кайрадан чек аралар да виза да ачылып, жетекчилер да жолугушуп жатат. Эми мындан ары да алаканы чыңдап кетүүгө толук мүмкүндүк бар.

Би-Би-Си: Жакында эле Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Нурбек Алимбековдун Тайванга болгон сапары бир топ талкуулар менен коштолуп, соңунда анын кызматтан кетиши менен коштолду. Айрымдар кыргыз-кытай дипломатиясына доо кетирди деп да айтышты. Бул боюнча сиз кандай комментарий бересиз?

А. Жекшенкулов: Бир эмес эки, үч жолу барыптыр. Ал тургай өзү эле эмес дагы башка депутаттар менен да барыптыр. Муну будамайлап бири-бирин жаап коюшту. Депутаттарга болобу же министиргеби аябай изилдеп, мындан сабак алыш керек болчу. Анткени тышкы саясатты кадай түзүү консепциясы иштебейт, системасы да жок. Мындай нерселерди керек болсо тышкы саясатка кызыккан жаш балдар да билет. Өзүңөр билесиңер АКШнын жаңы шайланган президенти Трамп Тайвандын жетекчиси менен сүйлөшкөндө Кытай кыр көрсөтпөдүбү. Жок эле дегенде ошону билип алып анан барыш керек эле да. Вице-спикер бул саясий фигура. Тилекке каршы азыркы парламенттин абалы, деңгээли ушундай болуп жатпайбы. Башка эмне деп айтабыз? Бийликтегилер сыртка чыкканда өзүн эле ойлобой артында эл, мамлекет турганын сезиши керек. Ошондо гана бизди башкалар сыйлайт.

Тема боюнча башка макалалар