Ыйман, адеп жана маданият жылынын мааниси

Алмазбек Атамбаев 2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялаган
Image caption Алмазбек Атамбаев 2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялаган

Президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылды ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялады. Анын зарылдыгын түшүндүрүп жатып президенттик аппараттын кызматкерлери президент мындай жарлыктарды чыгараардан мурда коомдун турмушун анализдейт дешти.

Ал эми коомду адептүүлүккө, маданияттуулукка үндөш үчүн бул жылы ар кандай иш чаралар менен бирге мектептерде окутуунун натыйжалуулугу изилденмекчи. Ыйман, адеп жана маданият дегенде эмнелерге көңүл бурулат?

Адеп менен маданияттуулукка зарылдык

Бизде калктын 50 пайыздан ашыгы жаштар. Аларды руханий жактан тарбиялоо зарылдыгы келип жетти. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялаганын түшүндүрүп жатып билдирди президенттик аппараттын жетекчи орун басары Мира Карыбаева.

"Ал жаштар кандай экенин ойлонуп көрөлү. Билими кандай, алардын алган билими менен тарбиясы бизди канааттандырабы? Биз жаштарыбыздын нравалык баалуулуктарын жана багыттарын билебизби? Алар эртең биздин өлкөнү кайсы тарапка баштап барышат?", - деди Карыбаева.

Тарых илимдеринин доктору Токторбек Өмүрбеков акыркы жылдары таалим-тарбияны жоготуп койдук деп эсептейт. Андыктан ал азыр буга көңүл буруш керек деп, тарбия генетикадан берилбейт деди:

"Адам өзү социалдык жандык экен. Ал өмүр бою тарбияланып, өмүр бою улуулардан үйрөнөт экен. Атайын системалуу түрдө бала бакча, мектеп, университет жана кийин коомчулук тарабынан тарбияланыш керек".

Философия илимдеринин доктору Жамгырбек Бөкөшев илимдин жетишкендиги, цивилизациянын баалуулуктары менен бирге адамдын жеке сапаттары коомдун өнүгүшү үчүн зарыл боюнча калат деген оюн айтты.

"Биздин мамлекеттин тагдыры жалаң гана илимий билимге, техникалык цивилизацияга эмес, адамдык ресурска байланыштуу. Инсандын ким экени, коомдо өз ордун тапканы, өзүн ким деп эсептээрине байланыштуу", - деди Бөкөшев.

Президенттин адамдын ички дүйнөсүн, жүрүм-турумун жакшыртуу тууралуу максаты актуалдуу экенин ушунтип бышыкташты.

Кантип маданияттуу кылабыз?

Ал эми бир жылда ал кантип ишке ашырылат? Албетте, адепттүүлүк, ыйман жана адамдын маданияттулугуна байланыштуу конференция, жыйындар, маданий, иш чаралар өтөт. Алардын тизмеси бир айда даяр болот экен. Президенттик аппараттын этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен кызматташуу бөлүм башчысынын орун басары Алмаз Кулматов идеяларды жарандык коомдон да күтүп жатышканын билдирди:

"Жарандык коомдун, болгон институттардын демилгелери колдоого алынмакчы. Асыл дөөлөттөрдү сактоо жана байытуу багытындагы иш аракеттер жасалмакчы".

Мамлекеттик органдарга берилген буйрукка ылайык, белгиленген иш-аракеттер аткарыла берери бышык. Бирок бул өңдүү идеологиялык багыттоо коомдун бардык мүчөлөрүнө тиешелүү.

Бул жылдын урааны калың калктын катмарында кандай аткарылыш керек дегенде анын аталышындагы түшүнүктөргө такалабыз. Орусчада "Нравственность, воспиатние и культура" болсо, кыргызчасында "Ыйман, адеп жана маданият". Президенттик аппараттын өкүлү Карыбаева бул кенен түшүнүктөрдү ар ким каалагандай кабыл алса болот, деп "ыйман" сөзүн кыргыздагы "жүрүм-туруму жакшы" деген мааниде туюнтушканын айтты. Анда "нравственность" сөзүнүн так котормосу болбосо да, "ыйман" менен "адеп" экөө маанилеш. Анда кыргызчасында "вопитание" - "тарбия" дегени жок. Ошондой эле "ыйман" динде кудайга ишеним дегенди билдирет эмеспи.

Теолог Кадыр Маликов жалпы аталышка карап адамдын ички дүйнөсү тууралуу сөз болуп жатканын айтып, бирок "ыйман" сөзүн түз маанисинде гана колдонууга чакырууда.

"Андыктан ар бир нерсени өз аты менен аташ керек. Ыйман - бул, ыйман, кудайга ишеним. Жана албетте бул жылы ушуга да көңүл бурулуш керек. Бирок ага ушул жылы өтө турган бир жолку акциялар, иш чаралар катары эмес, интеллектуалдык, руханий өнүгүүнүн негизин курганга аракет кылыш керек", - деди Кадыр Маликов.

Андыктан дин ишмерлери менен дин тутунгандар жыл аталышындагы ыйман сөзүнө карап быйыл ишенимди бекемдөө тууралуу иш аракеттерди көрөрү жана талап кылары бышык.