Баш калаанын башчысы ким болот?

Бишкек шаардык кеңешинде кырк беш депутат бар
Image caption Бишкек шаардык кеңешинде кырк беш депутат бар

Келе жаткан аптада Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өтөт. Мэрге талапкер катары учурда эки адамдын аты аталып жатат. Калаа башчысын шайлоо үчүн шаардык кенештин 45 депутатынын кеминде отузу катышканда гана шайлоо өттү деп эсептелинет. Учурда Бишкек шаардык кенешин беш партия түзөт. Шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу 11-январь күнү саат ондо өтөт. Мэр болуп шайлануу үчүн талапкер 23 добуш алуусу керек.

Шайлоо алдында талапкерлердин бири экинчисин дебатка чакырып, талкуулар кызып турган кез. Айрымдар жаңы жылдык эс алуу күндөрүнөн кийин шайлоо өтө чукул мөөнөткө белгиленип, шаша-буша өткөрүлүшү туура эмес деген менен Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы баары мыйзамда каралган мөөнөткө ылайык өтүп жаткандыгын билдирди.

Image caption Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов

"Мыйзам боюнча Бишкек шаардык кеңештин биринчи отурумунан кийин он күндөн кечикпестен, Борбордук шайлоо коммиссиясы шайлоону белгилеп, 20 күн ичинде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүшү керек. Ал эми минималдуу убакыт деген каралган эмес",-дейт Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов.

Ошентип көпчүлүк коалициянын атынан учурдагы мэр Албек Ибраимов ал эми оппозициялык азчылыктан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын талапкери Нурдин Абдылдаев чыкты.

Ошол эле учурда премьер-министр өзүнүн талапкер көрсөтүү укугун пайдаланбаганын учурдагы мэрге болгон тилектештик катары да сыпаттагандар бар. Бирок саясий серепчи Бакыт Бакетаев өкмөт башчынын мындай кадамы шаардык кеңештин депутаттарына эркин тандоого жакшы мүмкүнчүлүк экенин айтат. Буга чейин эки талапкер тең мамлекеттик тил сынагын тапшырышкан.

Соңку шайлоодо азыркы мэр Албек Ибраимовдун жалгыз талапкер болуп чыгышы курч талкууларга жем таштаган эле. Мэр болууга талапкерлерге негизги талап катары: Кыргызстандын жараны болушу, жогорку билими жана мамлекттик же муниципалдык кызматта беш жылдык эмгек тажырыйбасы, соттолбогондугу саналат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар