Албек Ибраимов дебат чакырыгына качан жооп берет?

Шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу 11-январь күнү саат ондо өтөт
Image caption Шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу 11-январь күнү саат ондо өтөт

Мэрге талапкер катары учурда эки адамдын аты аталып жатат. Шаардык кеңештин 45 депутатынын кеминде отузу катышканда гана калаа башчысы шайланды деп эсептелинет. Бишкек шаардык кеңешин беш партия түзөт. Шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу 11-январь күнү саат ондо өтөт. Мэр болуп шайлануу үчүн талапкер кеминде 23 добуш алуусу керек.

Шайлоо алдында талапкерлердин бири экинчисин дебатка чакырып, талкуулар кызып турган кез. Ошентип көпчүлүк коалициянын атынан учурдагы мэр Албек Ибраимов, ал эми оппозициялык азчылыктан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын талапкери Нурдин Абдылдаев чыкты. Буга чейин эки талапкер тең мамлекеттик тил сынагын тапшырышкан.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Учурда мэрдин милдетин аткаруучу Албек Ибраимов

Учурда мэрдин милдетин аткаруучу Албек Ибраимов дебатка расмий чакыруу албаганын, ага карабай дебатты четке какпай турганын басма сөз кызматы аркылуу билдирген. Бирок дебат көрөбүз деп күткөндөргө анын кайсы күнү, кайсы телеканалда, саат канчада болору азырынча бүдөмүк бойдон.

"Азырынча жооп ала элекпиз. Журналисттер аркылуу маалымат каражатарынын баарына билдиргенбиз. Расмий кат жөнөткүлө дегени бизге ишенбейби же кандай деп түшүнбөй жатам",- дейт шаар башчылыгына талапкер Нурдин Абдылдаев.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын талапкери Нурдин Абдылдаев

Албек Ибраимовго дебатка кандай деп жооп бересиз деп собол узатып, так кесе жооп ала алган жокпуз. Болгону жазуу жүзүндө жооп берип жатканын жана кийинчерээк жооп берээрин айтып тим болду.

Качан болору табышмак болуп жатканына карабай, талапкерлер арасында дебатка чакыруу көрүнүшүнүн башталганы жакшы жышаан дегендер да жок эмес.

"Шайлоо деген негизинен дебаттар аркылуу болушу керек. Элдер шаарды кантип өзгөртөм дегенин угуп, көрүп баасын беришет. Дебат өтүп, шаар тургундары аларды билгени бул бир эле жагы. Шаардыктар өздөрү шаар башчысын шайлай албайт. Советтер союзу маалында да ошондой болгон. Каалаган адамын депутаттар аркылуу шайлатып алышкан. Азыр да ошондой. Демократия деген соң, жалпы эл шайлашы керек. Ошондо гана жаңы адамдарды тандап алууга жол ачылат. Бирок азыркы мэр дебаттан качышы мүмкүн. Себеби ал саясаттын адамы эмес. Эл алдында сүйлөй албай, жеңилип калышы мүмкүн. Бирок атаандашы деле андан айырмасы көп эмес",-дейт Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахманов.

Борбордук шайлоо комиссиясы да дебаттын болор-болбосу тууралуу так маалыматы жок экенин айтууда. Ошентип буга чейин жалгыз талапкер көрсөтүлүп өтүп келген шайлоолорго караганда жакшы деп сыпаттагандар да жок эмес.

Шайлоодон кийин келе турган калаа башчысы кайсы маселени биринчи чечсе деп ойлойсуз деген суроо менен шаар тургундарына да кайрылганыбызда, баары бир ооздон коомдук транспорт маселесин, жолдогу тыгындарды жана таштанды маселесин чечүү керектигин белигилешти.

Бул жолу премьер-министр өзүнүн талапкер көрсөтүү укугун пайдаланбаганын учурдагы мэрге болгон тилектештик катары да сыпаттагандар бар. Бирок саясий серепчи Бакыт Бакетаев өкмөт башчынын мындай кадамы шаардык кеңештин депутаттарына эркин тандоого жакшы мүмкүнчүлүк экенин айтат.

Айрымдар жаңы жылдык эс алуу күндөрүнөн кийин шайлоо өтө чукул мөөнөткө белгиленип, шаша-буша өткөрүлүшү туура эмес дегени менен, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы баары мыйзамда каралган мөөнөткө ылайык өтүп жаткандыгын билдирди.

Соңку шайлоодо азыркы мэр Албек Ибраимовдун жалгыз талапкер болуп чыгышы курч талкууларга жем таштаган эле. Мэр болууга талапкерлерге негизги талап катары: Кыргызстандын жараны болушу, жогорку билими жана мамлекттик же муниципалдык кызматта беш жылдык эмгек тажырыйбасы, соттолбогондугу саналат.