Март айында биометрикалык паспорт бериле баштайт

kygyz passport
Image caption "Паспорт, айдоочулук күбөлүк жана башкаларды берүүнү Ички иштер министрлигинен эмне үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына берип койгонбуз? Муну ушундай бойдон калтырыш керек болчу".

Кыргызстанда март айында биометрикалык паспортторду берүү башталат. Аны ишке ашыруу үчүн өткөн жылы Түштүк Корея 7,5 млн доллар грант берген. Жакында эле Жогорку Кеңеште биометрикалык паспорттор тууралуу мыйзам долбоору каралып, аны артка кайтарышкан болчу. Айрым парламент депутаттары кыргыз паспортунун чет элдиктер тарабынан колдонгон фактылары жөнүндө айтышып, паспорт бергендерди жоопкерчиликке тартуу иштерине көңүл бурушууда.

Кыргыз паспортунун айланасында талаш-талкуулар күчөп жаткан чакта, Мамлекеттик каттоо кызматы март айында биометрикалык паспорт берүү башталат деп билдирүүдө. Жаңы жылдын алдында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети биометрикалык паспорттор тууралуу мыйзам долбоорун карап, аны артка кайтарган болчу. Мыйзам долбооруна каршы чыккан депутаттар жаңы үлгүдөгү паспорт берүү өзүнчө бизнеске айланып кеткенин айтышкан. Бирок мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев мыйзам долбоорунун кээ бир жерлерин иштеп чыгуу тапшырмасы турат деп бүгүн Би-Би-Сиге билдирди:

"Биометрикалык паспортту колдонууга берүү үчүн бул мыйзам долбоорунун токтоп турганы бизге тоскоол кылбайт. Бизге өкмөт тарабынан берилген ыйгарым укуктар бар. Ошол боюнча ишке киргизе беребиз. Ал эми аны колдонууга келгенде, албетте оңдой турган жерлери бар".

Image caption Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев

Расмийлердин билдиришинче, электрондук биометрикалык паспорттор жыл сайын мамлекеттик кызматтарды колдонгон эки миллионго жакын жаран үчүн ар кандай кызматтардын тез жана оңой болушуна мүмкүнчүлүк берет. Эгер ал жок болсо, ар кандай справкаларды чогултууга туура келет, бул өз кезегинде коррупция менен бюрократияга жол ачат деп айтылат.

Чуулгандуу иштерге "аралашкан" кыргыз паспорту

Жаңы биометрикалык паспортторду берүү жөнүндө билдирүүлөр кыргыз паспортунун айланасында талаш-талкуулар күчөгөн учурга туш келүүдө. Жакында эле, жаңы жыл алдында Түркиянын Стамбул шаарында түнкү клубдагы кандуу окуяларга кыргызстандык жарандын шектүү катары суракка алынып, анын паспортунун интернетке жарыяланып кетиши кызуу талаш-талкуу жаратты.

Ал эми өткөн жылдын май айында Стамбулдагы аэропорттон уйгур тектүү 98 кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалган болчу. Алардын экөө Кыргызстанга алып келинген.

Чуулгандуу бул иштин аягы эмне менен бүткөнү жөнүндө так маалыматтар айтылган эмес.

Кыргыз паспорту башка мамлекеттердеги террористтик топтордон гана эмес, кримтөбөлдөр, олигархтардан табылганы да коомчулуктун эсинде.

Өткөн жылы алдамчыларга дагы курал болгон кыргыз паспорту аркылуу өлгөн адамдын документи менен банктан 10 миллион доллар которулган. Аталган факты боюнча жасалма документ жасоо, ошондой эле мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү боюнча кылмыш иши козголгон эле.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев чуулгандуу окуялар учурунда табылган кыргыз паспорттору бизде жасалган эмес деп ишендирүүдө:

"Паспорт маселесин адамдар дагы эле эскиче ойлоп, аны алууда дагы деле башаламандыктар бар дешет. Андай эмес деп мен так айта алам. Мына менин келгениме бир жылдан ашты. Паспорт берүүнүн өзүн электрондоштурдук. Ал эми кандуу окуяларда табылып жүргөн кыргыз паспорттору Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жасалган эмес. Муну кылмыштуу топтор, мыйзамсыз жол менен акча тапкандар жасашты. Мындай көрүнүштөр Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө кеңири тараган".

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Жаңы жыл алдында Стамбул шаарындагы кандуу окуяларга кыргызстандык жарандын шектүү катары суракка алынып, анын паспортунун интернетке жарыяланып кетиши кызуу талаш-талкуу жаратты

Жасалма паспорттор маселеси буга чейин Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөн. "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев парламенттеги жыйындардын биринде "мыйзамсыз паспорт берүү боюнча ИИМ тарабынан 2014-жылы 84 кылмыш иши, 2015-жылы 25 кылмыш иши козголуп, бирок бир дагы кызматкер жоопкерчиликке тартылган эмес" деген болчу. Бүгүн ал Би-Би-Сиге айткан сөзүндө Ички иштер министрлиги паспорт берүүнү Мамлекеттик каттоо кызматынан өз көзөмөлүнө алышы керек деди:

"Паспорт, айдоочулук күбөлүк жана башкаларды берүүнү Ички иштер министрлигинен эмне үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына берип койгонбуз? Муну ушундай бойдон калтырыш керек болчу. ИИМде кандай болбосун устав менен иштегендер, жоопкерчиликтүү кызматкерлер иштейт да. Аны Мамкаттоого бергенден кийин суроолор жаралып, ушунун баары келип-келип эле жасалма документ даярдоого жеткирип атпайбы".

Депутат Бокоевдин айтымында, ар кандай топтордун же адамдардын колундагы жасалма кыргыз паспорттору 30 миңге жетиши мүмкүн. 2010-жылдагы кандуу окуялардан кийин документтер күйүп кеткен деген шылтоо менен кыргыз паспорттору чет өлкөлүк жарандарга, ар кандай радикал уюмдардын колуна сатылып кеткен болушу мүмкүн деген расмий билдирүүлөр да жок эмес.

1994-жылы 100 миң паспорттун таза бланктары жоголгону жөнүндө жакында жергиликтүү маалымат агенттиктери ошол кезде өкмөттө иштегендерге шилтеме берип жазып чыкты. Байкоочулар ошол жоголгон паспорт бланктары чуулгандуу окуяларга тиешеси болушу мүмкүн деген божомолун айтышууда.