Азимжан Аскаров боюнча сот 17-январга жылды

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Азимжан Аскаровдун иши бүгүн Чүй облустук сотунда каралып, ал соңку сөзүн сүйлөдү.

Чүй облустук соту 2010-жылдагы июнь коогалаңы боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун үстүнөн соттук териштирүүнү 17-январда уланта турган болду.

Аскаровко "жаңжалды козуткан жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан" деген айыптар тагылган эле.

Өткөн жылы БУУнун Адам укуктары комитетинин кийгилүүшүүсү менен Аскаровдун иши сотто кайрадан каралып жатат. Өлкөнүн Жогорку Соту жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деп бул ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна жөнөткөн.

Бүгүн акыркы чечим угузулушу да мүмкун деп күтүлүп жаткан. Бүгүнкү отурумда сот жактоочулардын, прокурорлордун пикирин укту. Аскаровдун жактоочулары ал күнөөсүн кыйноонун астында моюнуна алган деп айтып, иш калыс тергелген эмес деген пикирде. Айыпталуучуга да сөз берилип, Аскаров өзүнө тагылган айыптар менен макул эместигин айтты.

Прокуратура болсо кыйноолор боюнча эч кандай далилдер табылбаганын айтып, бул айтылгандарды негизсиз деп эсептөөдө. Сот отуруму 17-январда кайра уланып, чечим угузулмакчы.