Интернетке тараган кыздардын окуясы иликтенүүдө

интернетке тараган бир кыздын колун артына байлап, кыйнап, суракка алып жаткан кыздар тартылган тасма Сүрөттүн автордук укугу Screenshot

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги интернетке тараган - бир кыздын колун артына байлап, кыйнап, суракка алып жаткан кыздар тартылган тасма боюнча иликтөө башталганын билдирди.

"Бул тасма тарагандан кийин эле текшерүү, иликтөө иштери башталган. Балким Кыргызстандан тараган эмеспи деп, текшерүү иштери жүрүп жатат. Биздин кызматкерлер тасмадагы кыздардын өздүгүн тактоо боюнча иш алып барып жатышат. Мурда "жалган патриоттор кыздарды сабап жатат" деген маселе болсо, эми кыздар ушул жолго өткөнү өкүнүчтүү. Тасмада абдан мыкаачылыкты көрүүгө болот. Колуна бычак кармап, бирдеме ичирип жатпайбы. Эми бул боюнча иликтөө болот",-деди ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев.

Жергиликтүү интернет сайттарга тараган тасмада окуя болжолу Түркияда болгондой сүрөттөлгөн. Суракка алган кыздар колу байланып, бети канжалаган кызды сексуалдык кулучулук боюнча айыпташып, кыйноого алып, оозуна белгисиз суюктук ичирип жатканын көрүүгө болот. Бул окуя качан, кайсыл жерде болгону белгисиз. Тасмадагы кыздар кыргыз тилинде сүйлөшөт.

Эгер булар Кыргызстандын жарандары болсо сөзсүз жазасын алат дейт ИИМ.

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин өкүлү Аймыкан Кулукеева: "Бул видеодогу окуя жана андагы кыйноого катышкан жарандар, окуя кайсы жерде болгон, кимдер катышканы тууралуу тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ТИМ Анкарадагы элчиликке жана Стамбулдагы Башкы консулдукка тапшырма берди. Бирок, белгилеп койчу жагдай -бул видео Түркиянын аймагында эле эмес, башка аймакта же Кыргызстанда болушу толук мүмкүн. Бул боюнча КРнын укук коргоо органдары дагы тактоо иштерин жүргүзүп жатышат",-деп билдирди.