Мэр шайлоого бир күн калды

Мэр болуп шайлануу үчүн талапкер кеминде 23 добуш алуусу керек
Image caption Мэр болуп шайлануу үчүн талапкер кеминде 23 добуш алуусу керек

11-январда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өтөт. Калаа башчылыгына көпчүлүк коалициянын атынан учурдагы мэр Албек Ибраимов ал эми оппозициялык азчылыктан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын талапкери Нурдин Абдылдаев чыкты.

Шайлоо алдында талапкерлердин бири экинчисин дебатка чакырып, бүгүн "Сентябрь" телеканалында болот деген менен Албек Ибраимов ал дебатка катышаар-катышпасы ар-сар. Коомдук биринчи канал дебатка сунуш берген тарап, жоопту кеч бергендиктен дебат уюштура албайбыз деген жообун берди.

Эртең өтө турган шайлоого кандай программа менен чыгып жатасыздар деген суроо менен алгач эки талапкерге кайрылдык.

"Ар бир жетекчи иш баштаганда анализдеп көрүп, план түзүп чыгат. Маселелер абдан көп, жарык күйүп атабы, автобус качан келет, кечикпейминби, таштанды алындыбы? деген суроолор турат. Мындан сырткары шаардык бюджеттин он тогуз гана пайызы өзүнө калып, калганы республикалык бюджетке кетет. Муну да түшүнүп турам. Шаардын бюджетин дагы башка жолдор менен көбөйтүү керек",-дейт "Өнүгүү-прогресстин" талапкери Нурдин Абдылдаев.

"Фракциялар менен жолугушууда шаардык кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берилди. Ал эми социалдык-экономикалык программа мэр шайлангандан кийин 90 күн ичинде даяр болуп, депуттаттардын макулдугу менен бекитилет",-дейт мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Гуля Алмамбетова.

Эки талапкердин кимиси мэр болуп шайланбасын алдыда шаарда чечүүнү талап кылган толгон-токой маселелер турат дешет шаардыктар.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар